Дил азык🌾


Гео и язык канала: Казахстан, Казахский
Категория: Цитаты


Автордук укукту сактаңыздар!

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Казахстан, Казахский
Категория
Цитаты
Статистика
Фильтр публикаций


Кыргызстанда кыз алып качса статья бар, баланы алып качса статья жок экен..

Кыздар газуйте.


Күндөр, айлар, жылдар алмашат. Бизди жандап жүргөн жакындарыбыз алмашат. Бир күнү сөзсүз кайрадан кезигебиз. Жер тоголок, жүзмө жүз барибир кез келебиз.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Кыялы бузуктан качкының,
Адеби сулууга шашкының.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Сага орой мамиле жасаган адамга назар сал. Эгер ал өз жакындарына да ошондой мамиле жасаса, анда ага таарынба. Анын мүнөзү төмөн.

Ошондой эле жакындарына орой мамиледе болуп, сага сылык мамиле жасаган адамга да ишенбе.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Өзүмдү акыл-эстүү эле жан элестетем. Сендей акылман жан менен өмүр шерик болсом, канчалаган бийиктиктерге жетеримди элестет.☯️

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Улгайган сайын маанилүү деп эсептеп жүргөн нерселериңдин таптакыр маанисиз экенин түшүнөсүң. Өткөн өтмүшкө көз чаптырып, сени кайгыга салып, ыйлаткан мүчүлүштүктөрдү эстеп ууртуңдан жылмайып гана коёсуң. Анткени бүгүнкү кабылып жаткандарыңдын алдында ал кыйынчылыктарың арзыбаган нерселер эле.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Аялың сенин аманатың. Анын башынан бир тал чач түшсө сен жооп бересиң. А эгер сенин башыңдан бир тал чач түшсө, анда шампуньду алмаштыруу керек болот..😅

к.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Мусаапырчылыктын жакшы жагы – адамды ар кандай абалда дагы тез адаптация болууга үйрөтөт. Айрыкча эр кишини.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Сага эң чоң колдоо – бул, сенин ичиңде. Аны сезишиң керек.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Инсан кадырыңды билбегенде – рухуң аны коё берет тура.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Баары жаңы жылды күтүп жатканда, сен Рамазанды күтөсүң.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Эмнеге жаралдым? Мен үчүн даярдалган миссиялар кайсы? Бул жашоодо милдетим эмне? Кылар ишим кайсыл? Мага берилген мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана алып жатамынбы же жокпу? Кудуретим жеткен жакшылыгымды жер жүзүнө жеткире алып жатамынбы же жокпу?.. Айтор, бүдөмүк ойлор көп кыйнайт. Жаштыкта чоң болууну кааласак, чоңойгондо эмнеге жашап жатканыңды конкреттүү билүүнү каалап калат экенсиң...


Не злитесь когда женщина кричит,
Звонить, ревнует и переживает.
Вы бойтесь, когда женщина молчит,
Так в основном... любовь и умирает.


– Эмнеге сен ошол кызды тандадың?
– Мен тандабадым. Ал ар дайым меники болчу. Болгону биз эми кезиктик.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Жашоодо же таасирленесиң, же таасир этесиң.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Москвага келгениме он күндүн жүзү болду. Мени күтүп алып, чогуу жашап жаткан досум мыкты жигиттердин бири. Көп жылдан бери тамеки тартчу. Бүгүн унаада баратсак кокусунан эле "Досум, тамеки тартканды биротоло таштадым"- деп, тамекисин унаанын айнегинен ыргытып жиберди. Шамга үйгө келип калдык. Гусул, дааратын алып чыкты. Экөөбүз чогуу намаз окудук. Анын айтымында "Намазды такай окуу оор эмес турбайбы. Экөөбүз күндө чогуу жүрөбүз. Мен бир тамеки чеккенче эле, сен байкатпай намазың окуп келип каласың. Эртеңден беш убакыт баштаймын. Тамеки чегип, жагымсыз жыттанып жүргөнчө, сага окшоп миск жыттанып жүрөйүн" - дейт. Себепчи кылган Кудайым ар дайым жакшылыктын ачкычы, жамандыктын кулпусу кылсын..🤲

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Биз автоунааларыбызды сыналгыдан жарнама кылбайбыз. Анткени биздин кардарларыбыз сыналгы көрүшпөйт. (Феррари)

к.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Ачууну башкара билүү – кээ бир талашуулардын пайдасыз экенин түшүнүүгө жардам берет.

к.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Арстанга айланууну каалаган мышыктын алгач чычкан менен келемиштерге болгон табити жоголушу керек..

к.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Жүздөгү нурду жоготуу оңой, пайда кылуу өтө кыйын. Жоготуу үчүн жанга жаккан, напси каалаган иштерди жасоо, шайтан каалаган жолдорго басуу жетиштүү. А пайда кылуу үчүн болсо, напсиге жакпаган көп нерседен тыйылуу кажет.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Показано 20 последних публикаций.