Дүйнөдөгү кырдаал адам баласына жакшы тараптарында тийгизди. Үйдө олтуруп үй-бүлө кандай баалуу экенин билдик, онлайн окуу мугалимдердин кадырын, оорунун күчөшү медиктердин баалуулугун, ата менен бала сырдашып, эне кызга акыл насаатын үйрөтүп, бири бирибиз менен ой бөлүшүп калдык. Ушуга чейин баары квартирант сыяктуу эле жашачу экенбиз. Баарынан да ден соолук эң эле керек экенин түшүндүк. Ден соолук болсо баарын кылса болоорун. Кээ бирөөнүн жанын алып кетти, бул дүйнө түбөлүк эмес экенин билдирди, канчалык дүнүйөң болсода, ден соолугун болбосо ал байлыктын эч кандай пайдасы жок экенин билдирди. Ошого туугандар, ар бир аткан таңыбызга, ар бир жуткан абага, ден соолукта жашап атканыбызга Аллага шүгүр кылайлы. Ден соолугуңуздарды жакшы караңыздар!