📍Ашыкча салмак
Бүт дүйнөнү каптаган ашыкча салмактуулук оорусунан биз да четте калбадык. Ашык салмак ден соолукка өтө терс таасирин тийгизерин кечээки пандемия учурунда даана көрдүк. Катуу ооруган, дүйнөдөн өтүп кеткен бир туугандарыбыздын көбү ашык салмак менен жабыркагандар экени маалым болду.
Чынында ашык салмак тутуу ден соолукка эле эмес, адамдын бүт жашоосуна зыянын тийгизет. Иштөө жөндөмүн алысыздат, жалкоолукка алып барат. Албетте ашык салмактын пайда болуусунун бир канча себеби бар. Андан сактануунун да жолу көп. Биздеги аш-тойдун көптүгү, жума сайын, күн сайын өтчү отуруштар, тамак-аштын эпсиз сарпталышы буга негизги себеп. Жашы отуздан өтпөй курсак салып, семирип кеткен эркектер кырктан өтпөй оорукчан болору бышык. Атүгүл мектеп жаш курагында дагы ашыкча салмактуу балдар көбөйүп жатат.Эмне кылышыбыз керек? Чечим барбы?
📍Чечим:
📍 • Ден-соолук Аллах Тааланын берген белеги. Аны жакшы сактап, кам көрүү пенденин милдети. “Адамдарга эки түрдүү жакшылык берилген, бирок ал экөөнүн кадырын билишпейт: убакыт жана ден-соолук” – деген пайгамбарыбызага (Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун). Ден соолукка кайдыгер мамиле кылсаң, жакында анын азабын тартарсың.
📍• Курсак байлап семирүү аброй эмес. Кээ бирөө курсакты сылап чадайып жүргөндү байлыктын же бийликтин “символу” катары көрөт. Жок. Тескерисинче, отузга чыкпай курсаг салаңдаган эркек киши үчүн чоң айып.
📍 • “Үммөтүмдүн жаманы – курсак байлап семиргени” – деген экен пайгамбарыбыз ага (Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун). Өзү алтымыш үч жашында дүйнөдөн өткөндө жыйырма бештеги жигиттей сыбаттуу эле. Пайгамбардын сүннөтү менен жашайбыз деген молдокелердин курсагын көргөндө сүннөттүн кайда калганын билбейсиң...
📍 • Тамакты чени менен ичүү да сүннөт. “Адамга сөөк, тарамыштарын
ажырапай кармап турганга бир аз эле тамак жетиштүү. А эгер көп жегиңер келсе, анда ашказанды тамакка, сууга жана абага бөлгүлө” – деген пайгамбарыбыз ага (Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун). Дасторконго отурганда напсини тыюу да чоң эрдик.
📍• Отуруштардын максатын өзгөртүү керек. Сабак окуйбуз, ынтымакты чыңдайбыз, кеңешебиз ж.б. “шылтоолор” айтылганы менен отуруштун баарынын максаты тамак жеш экени көрүнүп турат. Сабак окусаң тамагы жок оку, ынтымак үчүн спорт оюндарын уюштур. Эки адамдын башы бириккен жерде тамак ичкенди токтот. Кыймылды көбөйт. Эки кадам жерге да машина айдап чыкпай, жөө басканды үйрөн. Велосепед айдагандан уялба. Мечиттерге жөө катта.
📍• Спортту күнүмдүк жашооңо киргиз. Бир жумада бир жолу топ тебүү жыйынтык бербейт. Күндө эртең менен чурка, бас, кыймылда...
📍• Ашыкча салмак жалаң эле тамактан болбойт. Стрес, көп кайгыруу да ушул оорууга алып барат. Андыктан, маанайың ачык болсун, бешенең тырышпасын.
📍 • Эч себепсиз эле салмагың артып баратса, кош көңүл болбой дарыгерге кайрыл. Оорууну дарылоодон анын алдын алган ары жеңил, ары пайдалуу.
📍 Эсептөөлөр жана тактоолор:
📌192 мамлекеттин ичинен Кыргызстан ашыкча салмак менен жабыркаган адамдардын саны боюнча 121 орунда турат.
📌 Америкада ашыкча салмак менен жабыркагандардын саны калкынын 36% ын түзөт. Ашыкча салмактуулук көбүнчө 4 жаштан 12 жашка чейинки балдарда кезитгет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсүндө ашыкча салмактуулука биринчи кезекте көчөдө сатылган тез даярдалчу тамак-аштар жана газ суулар себеп.
📌Учурда дүйнөдө 2,5 млрд киши, башкача айтканда, дүйнө калкынын 30%га чукулу ашыкча салмактуулук менен жабыркайт.
👤Автор: Алайчы Сеитбеков.
📔"ЧЕЧИМ" китебинен.
🌳«МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ » катталуу үчүн сизге ыңгайлуу канал, баракчаларыбыз: 👇🏻👇🏻👇🏻
━━━━━━━━━━━━━━
🔹WhatsApp:
👳🏻♂️Мырзалар учун ⤵️
https://chat.whatsapp.com/LoSWSzLZzZF6cEDbsb6aTZ https://chat.whatsapp.com/Kn70UqktxkFKgNIBeHaeuq 🧕🏻Айымдар учун ⤵️
https://chat.whatsapp.com/EGLJYQJUT8rHnltMetrOam https://chat.whatsapp.com/Hw4ehgoaMUr4AO0XjsfZPO https://chat.whatsapp.com/Ik31p9mha4wJJt4ST4WNFm🔹
instagram.com/muras_media_kg 🔹
youtube.com/c/MurasMedia🔹 Telegram
https://t.me/muslim1429🔹
http://murasmedia.kg