Ulan Usoiun

@ulanusoiun Нравится 0
Это ваш канал? Подтвердите владение для дополнительных возможностей

Гео и язык канала
Киргизия, Казахский
Категория
Другое


Гео канала
Киргизия
Язык канала
Казахский
Категория
Другое
Добавлен в индекс
18.08.2018 12:04
реклама
Telegram Analytics
Подписывайся, чтобы быть в курсе новостей TGStat.
TGStat Bot
Бот для получения статистики каналов не выходя из Telegram
SearcheeBot
Ваш гид в мире Telegram-каналов
242
подписчиков
~137
охват 1 публикации
~58
дневной охват
~3
постов / нед.
56.6%
ERR %
0.04
индекс цитирования
Последние публикации
Удалённые
С упоминаниями
Репосты
Ulan Usoiun 2 Apr, 20:23
Биздин Орусиядагы эмгек мигранттарына азаптуу күн келди.

Ишканалар жабылып, бардыгы ишсиз отуруп калды. Рублдун куну түшүп кетти.

Жашаган жерлери батир — эртең эле түнөгүнүн ижара акысын доолашат. Көбүндө сактап койгон акча жок. Анткени тапкан ташыгандарын эбак үйүнө жөнөтүп коюшкан.

Аларга эшикке чыгуу да кыйын, себеби, баарына маалым болгондой, орус милициясы туш-тараптан эле аңдып-акмалап турат — бир аз тыйынын «соруп» алышат.

Кокус ооруп калышса бул алааматта аларды эч ким карабайт. Алтургай мекенине да кайта албай калышат.

Ойлоп көрсөк, эгер сценарий ушул бойдон уланса, анда аларга Кыргызстандагы ата-энелери акча сала башташат. Балдары эмес, мекениндеги ата-энеси! Көбүндө сала тургандай акча жок, сатып акча өндүрөйүн деген малын да эч ким албайт. Бул бийликти ойлондура турган маселе!

Ал жакта миң эмес, миллионго жакын мекендешибиз бар.

Мамлекет өлкө ичиндеги элге гана эмес, сырттагы жарандарына да кам көрүүсү керек эле. Өлкө — бул айланасы корулган территория эле эмес, бул ЭЛ дагы.

Урматтуу мигранттар, узак жылдар бою мамлекеттин казынасын толтуруп, кыргыз элин багып келдиңер, аман турсаңар бага да бересиңер.

Бүгүн мамлекеттин силерге жардам берчү күнү келип отурат. Бирок, кандай гана угулбасын, бийликтин колунан «кокон тыйын да» келбейт. Бул илгери эле белгилүү болчу, учурда да баарына маалым.

Бир эле айла бар, белди бекем бууп, сабыр этип чыдагыла!

Бизге окшогон арсыз, алсыз, ууруга толгон, ар бир ыңгайлуу учурда уурдап калайын деген өлкөңөрдү кечиргиле.

Кантсе да өкмөт азыркы түзүлгөн абалды жакшы нукка буруп, өлкөдө жумуш ордун түзүүгө аракет кылып, тентиген элибиздин саны азайган күн келээр деп үмүттөнүп туралы.
Читать полностью
Ulan Usoiun 2 Apr, 18:05
Бөрк ал десе, баш алганды токтоткула.

* жарандарды чектөө менен эле алектенбей, чечүү жолун сунуштагыла

* эртең башында крышасы, жегенге ашы жок калчулардын маселесин ойлонгула

* укуктарды чектөө менен тебелөөнүн айырмасын сезгиле

* ММКларга бир дей мүмкүнчүлүк берип, ачык-айкын болгула

* ишкерлерди колдой албасаңарда, кордобогула

* элден чогулган каражаттын бир сомун жебей, пайдалуу, натыйжалуу короткула. Ал үчүн түзүлгөн комиссияга жарандык коомдон көбүрөөк адам кошкула

* бул кырдаалды пайдаланып, жең ичинен тон бычканды,

* «бороонду күнү бок кычайт» болгон референдумуңарды токтоткула

* ЧП деп, демократияны талкалабагыла

* азыр кылып жаткан кылгылыктарыңарга сөзсүз жооп бересиңер, жаап жашырып, эл билбей калат деп ойлобогула.

Кризис – бир чети кыйынчылык, бир чети мүмкүнчүлүк мезгили.
Силерде азыр келечектен үмүтүн үзгөн элдин ишениме ээ болууга сонун мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн болгону таза, адилеттүү иштеп беришиңер керек.

PS: жаман айтпай, жакшы жок.
Читать полностью
Ulan Usoiun 30 Mar, 20:05
Жакын арада, өлсөк коронавирустан өлөлү, ачкачылыктан өлбөйбүз деп, эл ызы чуу салбаса экен деп эле сарсанаамын.
Өкмөт тыйуудан башка эч альтернативдүү жол көрсөтүп, олуттуу жардам берип же антикризистик план жарыя кыла элек.

Күндө эле ЧПны бузгандар менен ооруга чалдыккандарды санагандан башка эч нерсе кылбай элебиз.

Жардам кылууну болсо эл менен ыктыярчы топторго үйүп койдук.
Бирок, бүгүн бир жума эле өттү. Кайрымдуулук деле чегине жетет.

Карантин узарса не болобуз деген чоң суроого жооп белгисиз.

Жөнөкөй кызматкетлерге, врачтарга, ыктыярчы топторго кыйын эле болду.
Сиздерге рахмат!
Читать полностью
Ulan Usoiun 25 Mar, 20:47
ТЭЦти күйгүзгөндөргө рахмат айтып койуу керек. Алардын арты менен, ТЭЦ абаны булгабайт деген «аткаминерлерге» сонун жооп болду. Аларга ушинтип көзүнө сайып көрсөтпөсөң эле мойунга албайт.
Ulan Usoiun 25 Mar, 20:26
Айылдарда азыр аябай тартип киргизилди.
Элдин жүрөгү түшүп калды. Ар бир айылда блокпост. Ар бир мектепти карантинге орундарды даярдап жатышат. Бүгүн даярдалып жаткан орундуктарды көрүп өзүм шок болдум.
Айылдарга чоочун унаа, чоочун адам киргизбей жатышат. Шаардан келген айылдаштарын ФАПтар тизмеге алып, 14 күн чыкпагыла деп эскертүүдө.
Көчөлөрдө адам жокко эсе, жүрсө да маска менен жүрүшөт.
Жергиликтүү бийлик маскасыз адамдарга штрафтарды бекитишти.
Түнкүсүн рейдге чыгышууда.
Кудайлаган эле жарандар!
Болуп жаткан иштер абдан туура.

Жараткан колдоп, аман эсен алаамаьтан чыгып алалы!

Кызматта жүргөн адамдарга дем күч! Жараткан сиздерди өз колдоосуна алсын!

А биз болсо, к*өттү кысып, үйдөн чыкпайлы.
Читать полностью
Ulan Usoiun 22 Mar, 22:48
Коронавируска ишенбей, ойлоп табылган нерсе, болгону жөн эле грипп деп жүргөндөр?!

Силердин ишенүүңөр үчүн, сөзсүз тууганыңардын бирөөсү өлүүсү керекпи?
Ulan Usoiun 21 Mar, 09:24
Достор, ар бирибиздин тааныш, дос, туугандарга азда болсо сөзүбүз өтөт.
Келгиле, ар бирибиз үчтөн адамга үйдө олтурууну суранып кат жөнөтөбүз?! 🙏🙏🙏

Бул катты окуган ар бир жаран үч адамга жөнөтсө, жок дегенде миңдеген адамды үйдө олтуруусуна себепкер болобуз!
Ulan Usoiun 29 Feb, 15:35
Бүгүн, Немцов мырзаны эскерүү күн.

Чындык үчүн, адилеттүлүк үчүн, мыйзамдуулук үчүн күрөшкөн адам, кандай күн болсо да тарыхта калаарын тастыктады.

Россияда эң көрүнүктүү коррупциянын, адилетсиздиктин, мыйзамсыздыктын каршылашы эле.

Балким, ал тирүү болгондо Орусиянын өзгөрүүсүнүн башаты болмок.
Бүгүн аны эскерүү үчүн Москвада эле «Немцов маршына» 22 000 ден ашуун адам чыкты.

Орус өлкөсүнүн чыныгы өзгөрүүсүнө, демократиялык, мыйзамдуу, адилеттүү жолго түшүүсүнө тилектешмин.


#башта
#баштанбашта
Читать полностью
Ulan Usoiun 29 Feb, 09:47
Илгери биз жөнүндө (көчмөндөр) мындай деп жазылган: «Алардын мыйзамдары менен салты жөнөкөй жана аткарганга жеңил, ошондуктан алар өз мамлекетин денесин башкаргандай эле оңой башкарат».

(Сыма Сяньдын көчмөндөр жөнүндө сөзү. Б. З. Ч || к.)

Бизге башка бирөөнү тууроонун кажети жок.
Россиянын да, Европанында, Американын да мыйзамдарын, жашоо образын көчүрүп алуу жакшы эмес.

Биздин өзүбүзгө, ата тегибизге таандык мыйзамдарыбыз болгон.
Ошол мыйзамдарды негиз кылып, башкалардын жакшы жагын кошконубуз гана жетиштүү.

Биздин ата бабаларыбыз нечендеген кылымдардан бери мыйзам чегинде жашап, адамдык укуктарын сыйлап, ЭРКИНДИКти туу тутуп келишкен!
Биз эркиндигибиз менен гана өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү ача алабыз!

#башта
#БаштанБашта

#айылдык_сүйлөйт
#көчмөн
#nomad
Читать полностью
Ulan Usoiun 26 Feb, 19:02
Өзгөрөбүз?
Опрос
  • Ооба
  • Жок
51 голосов
Ulan Usoiun 26 Feb, 19:01
Достор, баарыңарда ар кандай негативдүү ойлор болуп, Кыргызстандан кеткиңер келип турганын билип турам.

Баарыңарды жакшы түшүнөм, баары сиздер ойлогондой болбой жатат.
Бирок, баарыбыз кете албайбыз жана да Кыргызстан бизден башка эч кимге кереги жок.

Кыргызстан деген бул - мекенибиз, ата энебиз, бир туугандарыбыз, досторубуз.
А биз мунун баарын таштап, качып кетсек болбос.

Билесиздерби?
Биз өзүбүз бул көйгөйлөрдү чечмейин, өзүбүз өзгөрмөйүн, чечкиндүү кадамдарга бармайын эч нерсе жакшырбайт.
Башка өлкөдө да жыргап кете албайбыз.

Өзгөрүү да, өзгөртүү биздин гана колдо.

Келгиле достор, баарын #БаштанБашта'йлы.

Азыртан #башта!

Биз маанайлуу көз караш, маанайлуу ойлорубуз, маанайлуу аракетибиз менен гана өзгөрүү алып келип,
Алган билим, тажыйырба, акыл эс менен гана ийгилик жарата алабыз!

Өзгөрүү жана өзгөртүү оңой олтоң иш эмес. Көп күч керек. Бирок, биздин колдон келет! Мен ага ишенем.
Читать полностью
Ulan Usoiun 21 Feb, 23:05
Азыр «сыдымандын» камалганы эч кимди ойлонткон деле жок, керек болсо камалганын кубаттагандар көп.

Бир күн келет, мындай камоо баарыбызга жетет.
Чыркыраган чындык үчүн «сизолоп» баштайбыз.

Орусияны көрүп, «киргизия» өсөт.

Бөлүп жарды деген экинчи кеп, бул болгону шылтоо.
Россия өкмөтү канча блогерди жөн гана чындыкты айтканы үчүн камап салды.
Бизге да ушул келет.

А «сыдымандын» сөздөрү боюнча чычалагандыкты «закомплексованность» деп коет.

Оозуна келгенди оттой берет деп коюшубуз керек эле, ага теңелип, чымынчасынан сасыган жерди жайнап баса калбай.
Читать полностью
Ulan Usoiun 26 Jan, 20:08
Кечээ «искусство» деген эмне деп инстагмамга суроо бердим эле, үч төрт гана адам жооп берди.
Булда кубандыраарлык нерсе.
Бул суроо менен эмнени айткым келген, баарыбыз «искусство» деген сөздү угабыз, айтабыз бирок аны эмне экенин деле билбейбиз.
Ананда, көп жаштардан «искусство» эмне деп сурасам, комуз чертип, ыр ырдоо жана кино тартуу деп жооп кайтарышты.
Көрсө, биз чын эле искусство десе эле өзүбүзгө таандык, өзүбүз билген, өзүбүзгө туура келген, жаккан нерсени гана искусство деп тааныгыбыз келет экен.
Достор, бул «искусство» деген неменин улуту да, дини да, жынысыда, негизгиси «чеги» да жок.
Искусство адамдын ичиндеги ой кыялдын, каалоонун, эңсөөнүн, элестетүүнүн, түшүнүүнүн сыртка чыгуусу.
Демек, ар бир адам ар кандай чыгарат.
А аны кабыла алабызбы, албайбызбы, жактырабызбы жактырбайбызбы биздин тандоо.
Бирок, эч качан, эч убакта ал (искусство) басмырлоого, талкалоого, каралоого, чектөөгө дуушар болбоосу керек.
Акыл эстүү адам, ар адамдын оюн сыйлагандай эле, ар бир искусствону, искусствонун түрүн сыйлоо керек деп билем.
Келгиле, исскусствого, искусствону жараткан адамдын ички дүйнөсүнө сый урмат менен мамиле кылганды үйрөнөбүз?
Толиранттуулукту башкы сапатыбыз кылып калыптандырабыз?
PS. Феминаледе чуусунда, тарых музейи менен көркөм сүрөт музейин айырмалап биле албай, бирда жолу музейге буту басып барбагандар, бир экспонат үчүн улуттук чуу жаратып жибергени өкүндүрөт.
Читать полностью
Ulan Usoiun 25 Jan, 08:45
Эч бир эски жүзсүз, баарын баштан баштайбыз.
Азыркы жаштардагы билим, креатив, жаратмандык, прогрессивдүүлүк, зиректүүлүк, өнөр, чыгармачылык эч бир бийликтеги «чимкириктерде» жок.
Креативдүү жаш муун гана өлкөнү өзгөртө алат.
Биздин мезгил келди, биз өзүбүздү эле эмес, коомду өзгөртүүчү маалда жашап жатабыз.
Биз өзгөртүүчүлөр муунубуз!
Биз көппүз!
Биз күчтүүбүз!
Болгону бизде өзүбүбүздүн күчүбүзгө ишенүү эле калды!
Ишенгиле достор, мага эмес ӨЗҮҢӨРГӨ!
Жалпыбыздын бир эле мекенибиз бар - ал Кыргызстан!
Өлкөбүз биздин жардамга муктаж, а аны биз бере алабыз!
Өлкөнүн өзгөрүшүн каалайм, мен өзгөртө алам дегендер жазгыла, өзгөртөт деген чыгаандарды да белгилегиле.
Катарыбызды көбөйтөлү.
#баштанбашта
Читать полностью
Ulan Usoiun 21 Jan, 21:20
Кыргызстан – наша Родина, это страна, в которой мы хотим жить. Однако за последнее время мы часто слышим, что многие наши друзья и знакомые хотят свалить в другие страны и города…

Стоп! Давай помечтаем, каким мы хотели бы видеть наш Кыргызстан.
Каким он должен стать, чтобы здесь оставалось как можно больше талантливых, прогрессивных и креативных людей?

Если тебе небезразлично будущее своей страны, приглашаем тебя на это мероприятие 23-го января в 19:00 в #OloloOrmonKhan.

Будем вместе мечтать, думать, общаться и делиться мнениями.
Вход свободный! Ставь LIKE и отметь друга, с кем придешь 

PS: Одна запятая решает все!
Читать полностью
Ulan Usoiun 21 Jan, 21:20
Кыргызстан – наша Родина, это страна, в которой мы хотим жить. Однако за последнее время мы часто слышим, что многие наши друзья и знакомые хотят свалить в другие страны и города…
Ulan Usoiun 21 Jan, 20:45
Кыргызстан-биз байырлап жашагыбыз келген жалгыз мекенибиз. Бирок акыркы убактарда өлкөдөн артын карабай качкысы келген тааныш жана достор көбөйгөнү кейитет.

Токтот! Биз кыялыбыздагы Кыргызстанды элестетип көрбөйлүбү? Жергебизде шыктуу, жигердүү жана өзгөчө ой жүгүрткөндөр көбүрөөк жашашы үчүн ал Кыргызстан кандай болушу керек?


Эгер өлкөңдүн келечегине кайдыгер карабасаң, анда сени 23-январда саат 19:00да #OloloOrmonKhan борборуна чакырабыз.

Бирге кыялданабыз, ойлонобуз, баарлашабыз жана пикир алмашабыз. Кирүү акысыз.

LIKE бас, сени менен келе турчу досуңду белгиле.
Читать полностью
Ulan Usoiun 21 Jan, 20:45
Кыргызстан-биз байырлап жашагыбыз келген жалгыз мекенибиз. Бирок акыркы убактарда өлкөдөн артын карабай качкысы келген тааныш жана достор көбөйгөнү кейитет.

Токтот! Биз кыялыбыздагы Кыргызстанды элестетип көрбөйлүбү? Жергебизде шыктуу, жигердүү жана өзгөчө ой жүгүрткөндөр көбүрөөк жашашы үчүн ал Кыргызстан кандай болушу керек?


Эгер өлкөңдүн келечегине кайдыгер карабасаң, анда сени 23-январда саат 19:00да #OloloOrmonKhan борборуна чакырабыз.

Бирге кыялданабыз, ойлонобуз, баарлашабыз жана пикир алмашабыз. Кирүү акысыз.

LIKE бас, сени менен келе турчу досуңду белгиле.
Читать полностью
Ulan Usoiun 21 Jan, 20:45
Ulan Usoiun 21 Jan, 20:45