Биздин Орусиядагы эмгек мигранттарына азаптуу күн келди.
Ишканалар жабылып, бардыгы ишсиз отуруп калды. Рублдун куну түшүп кетти.
Жашаган жерлери батир — эртең эле түнөгүнүн ижара акысын доолашат. Көбүндө сактап койгон акча жок. Анткени тапкан ташыгандарын эбак үйүнө жөнөтүп коюшкан.
Аларга эшикке чыгуу да кыйын, себеби, баарына маалым болгондой, орус милициясы туш-тараптан эле аңдып-акмалап турат — бир аз тыйынын «соруп» алышат.
Кокус ооруп калышса бул алааматта аларды эч ким карабайт. Алтургай мекенине да кайта албай калышат.
Ойлоп көрсөк, эгер сценарий ушул бойдон уланса, анда аларга Кыргызстандагы ата-энелери акча сала башташат. Балдары эмес, мекениндеги ата-энеси! Көбүндө сала тургандай акча жок, сатып акча өндүрөйүн деген малын да эч ким албайт. Бул бийликти ойлондура турган маселе!
Ал жакта миң эмес, миллионго жакын мекендешибиз бар.
Мамлекет өлкө ичиндеги элге гана эмес, сырттагы жарандарына да кам көрүүсү керек эле. Өлкө — бул айланасы корулган территория эле эмес, бул ЭЛ дагы.
Урматтуу мигранттар, узак жылдар бою мамлекеттин казынасын толтуруп, кыргыз элин багып келдиңер, аман турсаңар бага да бересиңер.
Бүгүн мамлекеттин силерге жардам берчү күнү келип отурат. Бирок, кандай гана угулбасын, бийликтин колунан «кокон тыйын да» келбейт. Бул илгери эле белгилүү болчу, учурда да баарына маалым.
Бир эле айла бар, белди бекем бууп, сабыр этип чыдагыла!
Бизге окшогон арсыз, алсыз, ууруга толгон, ар бир ыңгайлуу учурда уурдап калайын деген өлкөңөрдү кечиргиле.
Кантсе да өкмөт азыркы түзүлгөн абалды жакшы нукка буруп, өлкөдө жумуш ордун түзүүгө аракет кылып, тентиген элибиздин саны азайган күн келээр деп үмүттөнүп туралы.