🔴 ШАЙТАН АДАМДЫ ЭКИ ЖОЛДО АЗГЫРАТ
Каргышка калган Иблис ыйман келтиргендерди туура жолдон азгыруу үчүн эки жолду колдонот. Бул туурасында Ибну Каййим абдан жакшы айткан:
«Чындыгында шайтан, адегенде билинбестен адамдын жүрөгүн аңдып, аны байкап көрөт.
Эгерде адамдан БОШОҢДУКТУ, көңүл коштукту жана жеңилдикке ыктоочулукту байкаса, анда ушуну пайдаланып ага тоскоолдук кыла баштайт жана Аллахтын буйруктарын аткаруудан тосот, аны жалкоолук, көңүл коштук жана бошоңдук менен бузуп, жалган түшүнүктөргө, кыялданууларга жол ачып, акыры адамды Аллахтын буйруктарын таштоого да алып келиши мүмкүн.
А эгер адамдан АРАКЕТЧИЛДИКТИ, чечкиндүүлүктү, баамчылдыкты, кажыбас кайраттуулукту байкаса жана ага каршы башка эч бир жол таппаса, анда ал аны ашыкча ибадаттарды кылууга түртөт жана «сага бул жетишсиз, сенин жөндөмүң мындан да жогору, сен Аллахка ибадат кылууда башкалардан ашып түшүшүң керек, башкалар эс алса да сен эс алба, башкалар ооз ачса да сен орозоңду уланта бер, башкалар бошоңдосо да сен ибадатыңды уланта бер. Эгерде алар дааратта бетин үч жолу жуушса, анда сен жети жолу жуугун, а эгер алар намазга даарат алышса, анда сен гусул алгын» деген сыяктуу чектен ашуучулук жана аша чабуучулук менен адаштырат. Ошентип Иблис аны аша чабуучулукка жана туура жолдун чегинен чыгууга түртөт дагы, биринчи адамды туура жолго жакындатпастан ибадатка кайдыгер мамиле кылууга азгырат.
Эки учурда тең анын максаты – адамды туура жолдон чыгаруу.
Биринчисинде туура жолго жакындоого мүмкүнчүлүк бербөө, ал эми экинчисинде болсо туура жолдун чегинен чыгарып жиберүү. Көпчүлүк адамдар ушул эки ыкманын бири менен адашууга туш болот. Мындан сактануунун бир гана жолу бар, ал – терең илим, ыйман, шайтандын азгырыгына каршы туруктуулук жана орто жолду кармануу».
📖 “Аль-Вабиль ас-Сайиб”, 34
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech