Көптөн бери шаарга бүгүн келдим. Келип эле эки жыл мурун инсульт алып, төшөктө жатып калган аяш атамды зыярат кылдым. Бир тарабы жаным сыздай түштү. Дагы бир тарабы досумдун атасынын колун укалап, бутун укалап, шейшептерин, кийимдерин алмаштырып жатканын көрүп суктандым. Аяш атамдын канчалаган күнөөлөрүн оорунун себебинен Аллах Таалам кечирет. Досум болсо атанын кызматын кылып, бейишин куруп жаткандай туюлду. Аталарыбыз мынтип жатып калбаса да, мынчалык кызматын кыла албайт көрүнөбүз. Анткени атанын сүрү болот. Эркек баланын да ичинде сүйүүсү болкуп турганы менен, сыртына чыгарып айта албайт эмеспи. Ата менен бала эркекче эле мамиледе болот көбүнчө.
Бул жактан чыгып эле дагы бир досума зыяратка бардык. Жаркылдаган аяш апабыз рак илдетине чалдыгып, улам даарыланып, оору менен алпурушуп, үй-бүлөсү менен күрөшүп жаткан учуру. Досум ичиндегисин айтпаса да ой-санаасы, кайгы-муңу сезилип турат мага. 4 жыл мурун жашоосунда чоң жоготуу болуп, аяш атабыз да дүйнө салып кеткен эле. Эми мынтип батасын берээр аяш апам да катуу ооруп турса, санаага батпай кантсин..
Ата-энелерибиздин өмүрү узак болсун ылайым. Ар дайым ден-соолуктарын чың кыла көр Аллахым!🤲🏻