Жаңы Муун Жаштары 💡


Channel's geo and language: Kazakhstan, Kazakh
Category: Edutainment


Ар күнү ар тараптуу маалымат алыңыз
Ар тараптуу өнүгүңүз, билим кудугун биз менен чогу казыңыз.🤩🤗

Суроолор боюнча @akmoor_zh

Related channels

Channel's geo and language
Kazakhstan, Kazakh
Category
Edutainment
Statistics
Posts filter




Урматтуу окурманым. Эгерде сизге каналыбызды акыркы тематикада алып барганыбыз жаккан болсо мени жоготуп албоо үчүн төмөнкү каналга катталууңузду суранам🤗🫶


#кызыктуумаалыматтар

🪐Эркектердин жүзү аялдардыкына караганда жайыраак карыйт.

🪐Жылаңач адам чыдай турган эң жогорку температура: +204,4°С. Кийимде: +260°C.

🪐Түштүк Кореяда наристе төрөлгөндө бир жашта деп эсептелет.

🪐Кока-кола алгач акыл-эсти бекемдөөчү суусундук катары сатылган.

🪐Уюлдук телефондордо туалетке караганда микробдор 5 эсе көп

🪐 Норма боюнча күнүнө 60-65 чачтын түшүшү саналат.

🪐Бардык жугуштуу оорулардын 80%га жакыны ичүүчү суунун сапатсыздыгы менен байланыштуу.

🪐Америкада адамдар балдардын тамак-ашына караганда мышыктын тамак-ашына көбүрөөк акча коротушат.

🪐Адам денесинде ар дайым 2,5 триллион кызыл кан клеткасы бар. Бул санды сактап калуу үчүн жилик чучугу секунд сайын 2,5 миллионго жакын жаңысын чыгарат.

🪐 Кир чач таза чачка караганда тез өсөт.

🪐Изилдөөлөр көрсөткөндөй, эркектер ысыкта семире башташат. Анткени Күн нуру ачкачылык гормонун стимулдайт.

@ngenkg


https://www.instagram.com/reel/CuUADW6rgNa/?igshid=MzRlODBiNWFlZA==


Колдон келсе жардам берип койолу🙏
Көп түкүрсө көл болот дейт


Forward from: Книги на Английском | Аудиокниги
📗 Between Two Worlds
👤 Stephen Rabley

📊#Elementary

📖 Description:
It is a short and simple story about kind and professional people who live in Australia. When somebody needs help in those places, the doctors use the planes. Bob Mills is one of them. Joanna Jimbuku is a nurse. She works together with Bob Mills. An eighteen-month girl was very ill. After the examination Flying Doctor had to take the baby to Sydney.

📓 Read book | 🎧 Listen


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
#денсоолук
Кан группасынын адамдын салмагына жана келбетине таасири.

А сиз кан группаңызды билесизби?


«Если человек слушает Кур’ан, желая получить награду от Аллаха, делает это только ради Аллаха, то он, как и читающий, получит большую награду».

См. Нурун аля-ддарб, 517




Сүйүү тилиң убакыт болсо, буларды жасап көр.

- өзүң менен жолугушууга бар
- жаңы хобби менен алектен
- күндөлүк жаз, өз оюң менен жалгыз бол
- сейилдеп кел
- эстүүлүк көндүмдөрүн жаса(практиковать навыки осознанности )
- сүйүктүү музыкаңды ук
- китеп оку, өзүңө жаккан иш менен алектен.


Жума маарек болсун
Жуманын сүннөттөрүн аткаруунун унутпаңыз:)


Forward from: Alleya🕊️
Каарманда пайда болгон ойлор:

*Кыргызстанды өнүктүрүүнү кааласаң, чет өлкөнүн экономикасына эмес, өзүбүздүн экономикабызга иште.

*Кайсы шаарда, айылда төрөлсөң, ошол жерде өнүккөнгө аракет кыл. Мүмкүнчүлүк чоң шаарларда гана эмес.

*Тажрыйба үчүн чет өлкөгө чык. Бирок өлкөңө кайт. Бош кайтпа, идея, жаңы ойлор менен кайт.

*Бардык нерсе майдадан башталат. Асмандан миллион түшүп калуусун күтпө.

*Өзүңдү баала. Өз билимиңди баала.

*Чөйрөңдү изде. Тазала.

*Токсик адамдар сендеги өзүңө болгон ишенимди азайтат.

*Эч кимге суралбаган кеңеш бербе.

*Дос көрүнгөндүн баары дос эмес. Кызыкчылык үчүн жүргөн көп.

*Максатыңа жетүү үчүн кээде кээ бир нерселерден баш тартуу керек. Оюн-күлкүдөн, уйкудан же адамдардан.

*Ар бир адамдын бут кийими ар башка. Баскан жолу, ичкен суусу башка. Өзүңдү башкага, башканы өзүңө салыштырба.


Айтат:
Орозо, 5 убак намаз адамды такыба кылбайт, алар моюнубузга милдеттендирилген амалдар. Нафил орозо карма, нафил намаздарды оку, тахаджудга тур, көркөм мүнөзгө ээ бол, кечирбегени акылуу болгон учуруңда кечир, кек кармаба, нафсиңди сындыр. Такыбалыкка ушундай жетилет.

~Жаша


#ислам

Арапа жана Курбан айт маарек болсун
Аллахым баарыбыздын ыйманыбызды бекем кылсын.😇🫶


Баарына жакшы мамиле кылууга аракет кылба. Биринчиден, бул мүмкүн эмес. Экинчиден, эмне үчүн? Айланадагылардын баары сенин жакшы экениңди айтышы үчүнбү? Алар айтпайт. Сенин пикириңди эске алуу үчүнбү? Эске алынбаган пикир ошол бойдон калат, ага эч кандай аракеттин кереги жок.

Коомдун колундагы куурчак эмес, өзүң бол, адам бол. Батын, макул болбо, ойлонбой иштерди кыл. Ушуну кылсаң дагы, кылбасан дагы коомго жага албайсың, бирок эстеп, сабак ала турган нерсе болот .


Nasip, kendisine gelmeyene de gider. Allah nasibinizi karşınıza getirsin..




Дагы кеңешиңер, ой-пикирлер болсо жазсаңар болот:))🫶👇


ЖРТнын жыйынтыгы да чыкты. Бардык бүтүрүүчүлөрдү куттуктайм.
Бардык нерсе аракеттен көз каранды, бирок кээде сага жакшы болгону ошол болот. Жыйынтыгыңарды көрүп шок болуп, башкаларды күнөөлөп,же асманга учуп, астын-үстүн болуунун кереги жок.
Шүгүр дегиле, план түзүүчүгө ишенгиле♡.
Эми кээ бир бүтүрүүчүлөр кайда барарын, ким болорун чечип койду, а кээ бири дагы эле эки айры ойдо. Же өзүн, же ата-энесин кыя албай жаткан учуру.

Силерге баштан өткөн кеңештер: өзүңөргө карагыла, башкача айтканда өзүңөрдү аз да болсо тааныганга аракет кылгыла, бул нерсени баштасам бүтүрө аламбы, бүтүргөнүм менен алып кете аламбы, күчүм жетеби, нафсимди башкара аламбы, макул, башкалардын каалоосу деп окуп баштадым, кийин өзүм каалаган жерге окууга күчүм жетеби, же өзүм каалап бул жакка тапшырсам аягына чыгып, 4-6 жылдык эмгегимдин үзүрүн көрө аламбы, ошол окуган окуум боюнча иштеп кетемби, айтор ушул сыяктуу кичинекей суроолордун үстүндө бир аз ойлонуп анан кадам таштасаңар жакшы болот.
Анткени өзүм да окууну жаңы бүтүп эми эмне кылам деп баш катырган курсташтарымдын өкүнүчүнө күбө болуп турам. Кээ бири өзү каалап келип бирок келген сфера алар үчүн эмес экенин түшүнүп, баштаган окуусун таштагысы келбей бүтүрүштү, айрымдары тескерисинче каалабай келип өзүн бул сферадан тапты, кээ бири достору келгени үчүн кошулуп келген, башкасы бирөө кызыктырганы үчүн же университетке кызыгып, дагы бири ата-энесинин көңүлүн кыя албай келген. А өкүнүч, кубаныч окшош. Негизи барат экен, окуйт экен деп эле тапшырып албай аны аягына чыгууну да ойлонгула.

Албетте, жашсың, башка жактан иш баштайсың, өзүңдү табасын, же окууңдун ортосунда профессияңды алмаштырып жибересин, туура эмес окуу жайды тандоо баары бүттү дегендик эмес. Эми карап көр, сен убактыңды коротуп жатасын, канча эмгек, акча, аракетиң, нерв клеткаларың, уктабай чыккан түндөрүң, сага болгон үмүт, келечектеги пландарың. Ушунун баары чаң басып жатуучу диплом үчүнбү, бул ушуга арзыйбы, окууңду бүтүп чет жерге кара жумушка кетесиңби....???

Айтмакчы, Жртдан өтпөй калуу дегендик окуунун башка жолдору да бар, карап, өзүң изден, шанс көп, азыр 21-кылым, жртдан башка тармактар бар, окууга өтпөй калгандар менен иштешип, жардам бере турган адамдар, компаниялар бар, бир аз изденип, дагы аракет кыл, үзүрүн сөзсүз көрөсүң дегендик☺️

Айтышатко, бир нерсени көргөн адамдын айтканын кылбасаң да угуп койгон дурус, алардын көргөнүн көрүп, анан баштоо колуңдан келбейт деп. Ошол сыяктуу жогоруда айтылгандарды окуп, бөлүшүп койгула, пайдасы тийсе кубанам😇🤗

~Жолдошева А.


Көп дуа кыл. Нөшөрлөгөн жамгырдан кийин сөзсүз күн чыгат🪐


Бүгүн бир жерден окуп калдым:
-Периштелер куран окуй алышабы?
-Жок, алар куран окуй алышпайт, биз куран окуганда Куранды угуш үчүн айланабызга чогулушат ...🪐


Бизге берилген артыкчылыкты пайдаланып калалы;)

20 last posts shown.

1 457

subscribers
Channel statistics