🥳 Junior програмчы – сиз АйТи компанияга керексиз!❓Жуньорду эмнеге жумушка алышпайт? Же жуньор кантип жумуш тапса болот?✅ Ассалоому алейкум урматтуу окурманым, эгер сизди дагы АйТи окугандан кийин кантип жумуш табам деген суроо түйшөлтүп жатса анда бул макала сиз үчүн.
✅ Көбүнчө адамдар АйТи курсту окуй элек жатып эле “жумуш таба аламбы?” деп сурай беришет, бул негизи туура эмес, алгач окуп билим алуу кажет, жакшылап окуса, жакшылап өздөштүрсө кантип эле жумуш табылбай калсын.
✅ Эми кандайдыр бир курсту бүттүңүз, анан жумуш карап жатасыз. Жумуштар “тажрыйбасы жок жумушка албайбыз” дейт, а сиз “жумушка кирбей туруп кантип тажрыйба топтойм” деп ойлонуп жатасыз. Албетте мунун чечүү жолу бар. Эгер сиз ойлогондой болсо кантип башкалар жумуш таап иштеп жүрүшөт?
✅ Буга чейин дагы жумуш издөө боюнча макала жазгам, аны дагы окусаңыз болот. А бул макалада болсо, эмнеге жумушка албай жатышканын айтып берейин.
📌 Жуньор өз алдынча иштесе жакшы эле иштей берет, бирок командада иштегенде команданы артка тартат.
📌 Жасап жаткан проектисин өз алдынча абдан жакшы иштеп жаткандай сезе берет, бирок аны продакшнга чыгара албайт.
📌 Кандайдыр бир көйгөй чыгып калса, мидл же сеньордун жардамы болбосо чече албай, убакытты созуп коет.
📌 Жасап жаткан иши иштеп жатса эле болду деп ойлойт, анын келечектеги чыга турган көйгөйлөрүнүн алдын албайт.
✅ Урматтуу окурманым, жуньорлорду негизи ушул себептерден эле жумушка албай жатышат, дагы да себептери болушу мүмкүн, сиз аны комментарийге белгилеп жаза кетиңиз.
✅ Урматтуу жуньор сиз деле жумушка кирүүгө, АйТи нин жакшы айлыктарын алып, мидл, синьор болуп өсүүгө татыктуусуз, сиз АйТи компанияга керексиз, болгону ушул жөндөмдөрдү дагы өнүктүрүүгө өз алдынча аракет кылыңыз, кандайдыр компанияларда акысыз иштеп берүүгө, тажрыйба топтоого аракет кыла бериңиз. Өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жана АйТи адистеринин көбөйүшүнө салым кошо бериңиз.
✍🏻
Турат Алыбаев, програмчы, агартуучу. Бишкек ш. 3-апрель, 2024-ж.