ЭМ
Элдияр Мега
Репост из: Штаб КР по COVID-19
Ысык-Көл облусунунан чыгууга тыюу киргизилди
4-майдан баштап Ысык-Көл облусунун тургундарына башка аймактарга барууга тыйуу салынат. Мындай чечим бүгүн, 3-майда, облустук ыкчам штабынын отурумунда кабыл алынды.
Ыкчам штабтын маалыматында, аймак тургундары жүйөлүү себептер менен башка региондорго барууга, райондук мамлекеттик администрациялардын жана Каракол, Балыкчы шаардык мэриялар тарабынан берилген өткөрмө уруксат кагаздарынын негизинде чыга алышат.
Кайра облус аймагына кирген учурда, жарандар милдеттүү түрдө экспресс-тест же ПЦР анализ тапшыргандыгы жөнүндө маалымдамасынын негизинде кирет жана 14 - күндүк үй карантинине алынат. Бул шарттар Ысык-Көл облусунун аймагына кире турган адамдардын баардыгына тиешелүү.
Облустук ыкчам штаб бул шарттарга түшүнүү менен кабыл алып, өзгөчө кырдаал режиминин шарттарын сактоого чакырат.
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб