Турат Алыбаев


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Технологии


Жазган макалаларым окурмандарды изденүүгө, ой жүгүртүүгө түртөт деп ойлойм.
1. Пайдалуу маалыматтар
2. Өздүк макалалар
3. Эксклюзивдүү, башка жакта жок контенттер
4. Кызыктуу тексттер
Мага жекече суроолор болсо
https://turatalybaev.taplink.ws жазыңыз!

Связанные каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Технологии
Статистика
Фильтр публикаций




Бул коддорду караңызчы, тим эле кыпкыргызча кылып жазып алышканын.


🥳 Бүгүн биздин майрамыбыз!

🤗 Ассалоому алейкум урматтуу окурманым, бүгүн биздин чакан мамлекеттик эгемендүүлүк күнү.

📌 Байбичем экөөбүз туура 9 жыл мурун, ушул күнү биздин чакан мамлекетибизди түптөп, түтүн булатып, эгемендик алганбыз.

📌 Биздин үйүбүздүн ичиндеги бакытты ар дайым өлкөбүздүн бактысы болсо экен деп каалайбыз. Себеби биз бактылуубуз, өлкөбүздө дагы бактылуу болбогон эч бир үй-бүлө болбосо экен.

📌 Биздин бактылуу үй-бүлө болушубузга салым кошуп жаткан, ата-энеме, кайын ата – кайын энеме терең ыраазычылык билдирем. Анан албетте өзүн толугу менен мага арнаган, менин үйүмдү бактылуу очок кыла алган, балдарымды бактылуу кылып тарбиялып жаткан Байбичеме ыраазычылык айтам.

📌 Өлкөбүздө ар дайым тынчтык болсун, анын ичинде биздин чакан мамлекетибиз дагы өсүп-өнүгө берсин. Биз үчүн узун, бирок жалпы жашообуз үчүн кыска гана убакыт 9 жыл. Кудайым буюруп дагы көптөгөн жылдарды бирге өткөрөлү, ушул убакытта жеткен ийгиликтерибиздин дагы далайына жетели. Кудай Тааламдын каалоосу менен көптөгөн ийгиликтерди бирге багындыралы.

📌 Урматтуу окурманым, бизге кандай жакшылыктарды кааласаңыздар, сиздерге ошону Кудай Таалам эселеп берсин деп биз дагы дуба кылып жатабыз. Өзүбүздү өнүктүрөлү, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошолу. Тартынбастан өзүңүзгө каалаган жакшылыктардын баарын жаадырып жаза кетиңиз. Биз алакан жайып, оомийн деп туралы.

✍🏻 Турат Алыбаев, агартуучу, програмчы - Бишкек, 25-март, 2024-ж.

736 1 2 33 45

https://youtu.be/LnLE2ll8OpA?si=jF-1YnI7VtHAEfmG
Видеонун шилтемеси


🥳 Рамазан айында бардык нерсе берекелүү боло түшөт эмеспи.

✅ Эң негизгиси убакыт кадимкидей берекелүү болуп, күн ичинде мурда кыла албай жаткан иштерди кылып алабыз.

✅ Эрте туруп, ооз бекитип, андан кийин багымдатты окуп алып, 1 сааттай Куран окуйбуз. Андан кийин Дуолингодон англис тилин окуганча уйку келип саат дагы 8 болуп калган болот.

✅ Бир аз куш уйку сала коюп же колго адабий китеп алып окуп алабыз. Андан кийин кечээки өтүлгөн сабактардын видеосун Йутубга жайгаштырып, группаларга жетки берип, анан соц тармактарга 1 катар көз салганга да убакыт жетет.

✅ Ушунун баары саат 9-10 го чейин эле кылынган иштер, кечке чейин эмнелерди гана кылабыз. Кудай Таалам өмүрүбүзгө береке берсин. Ар күнү өзүбүздү өнүктүрөлү, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошолу!

✍🏼 Турат Алыбаев, програмчы, агартуучу. Бишкек ш. 2024-ж, 21-март

#turatalybaev #тураталыбаев #айтиойлор #айтикурс #мобилдиктиркеме
#flutter_kyrgyz
#flutter
#online_course
#программист
#онлайн_курс
#флаттер
#мобилдик_тиркеме
#appitcompany
#кыргызстан#бишкек


"Turat Alybaev" деп WhatsApp'та канал ачтым, катталып алыңыз: https://whatsapp.com/channel/0029VaRkzDsFSAt12txTJe0S


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram




👋 Салам урматтуу окурманым, 17-март күнү 22:30 да сиздер үчүн сонун АйТи жолугушууну даярдап жатабыз.

✅ Kyrgyz German IT Community'ден Айзада Акбекова эже.

✅ Kodjaz кыргызча программалоону үйрөнүү платформасынын негиздөөчүсү Мурат Жумашев байке.

✅ Бакай Банк жана МЕГА (ЗАО Альфа Телеком) компаниясынын Backend програмчысы Нурдөөлөт Рысбаев.

✅ Ушундай мыкты инсандар сиздер үчүн "АйТиде карьералык өсүштүн тепкичтери" тууралуу сонун маек куруп беришет.

✅ Бул он-лайн АйТи жолугушууга катышуу үчүн Devkurultay Телеграм группасына катталып, шилтемени ошол учурда ала аласыз. Кирүү акысыз. 😊

✅ Ар күнү окуп, өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз. Окуган коом гана өсөт, окуган коом гана озот.

Турат Алыбаев, Програмчы, агартуучу.

#turatalybaev #тураталыбаев #айтиойлор #айтикурс #мобилдиктиркеме
#flutter_kyrgyz
#flutter
#online_course
#программист
#онлайн_курс
#флаттер
#мобилдик_тиркеме
#appitcompany
#кыргызстан #бишкек #ош #нарын #чүй #талас #баткен #ысык_көл #жалал_абад #токмок #кочкор #germany


Ассалоому алейкум урматтуу окурманым, бүгүн ушул АйТи жолугушуу болот, сөзсүз катышыңыздар!


1147 күндөн бери ар күнү калтырбай сабак окуу. Бул эмне деген гана мээнет.

88 аптадан бери жогорку лигада болуу, лигада ордуңду сактоо үчүн жарышып окуу.

Эгер бир нерсени каалап жатсаң, ага ар күнү аракет кылуу керек.

Өзүңдү өнүктүр, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кош!






Курска жазылуу уланып жатат.

Бүгүн жаңы группа старт алат!


Урматтуу окурмандарым ушул иш-чара маанилүү себептерден улам, келерки жумаларга жылдырылды. Жакындаганда, датасын дагы кабарлайбыз


Сиз бизди кайсы жактан окуп жатасыз?

Комментарийге өлкөңүздү жаза кетиңиз.




👋 Салам урматтуу окурманым, 10-март күнү 22:30 да сиздер үчүн сонун АйТи жолугушууну даярдап жатабыз.

✅ Kyrgyz German IT Community'ден Айзада Акбекова эже.

✅ Kodjaz кыргызча программалоону үйрөнүү платформасынын негиздөөчүсү Мурат Жумашев байке.

✅ Бакай Банк жана МЕГА (ЗАО Альфа Телеком) компаниясынын Backend програмчысы Нурдөөлөт Рысбаев.

✅ Ушундай мыкты инсандар сиздер үчүн "АйТиде карьералык өсүштүн тепкичтери" тууралуу сонун маек куруп беришет.

✅ Бул он-лайн АйТи жолугушууга катышуу үчүн Devkurultay Телеграм группасына катталып, шилтемени ошол учурда ала аласыз. Кирүү акысыз. 😊

✅ Ар күнү окуп, өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз. Окуган коом гана өсөт, окуган коом гана озот.

Турат Алыбаев, Програмчы, агартуучу.

#turatalybaev #тураталыбаев #айтиойлор #айтикурс #мобилдиктиркеме
#flutter_kyrgyz
#flutter
#online_course
#программист
#онлайн_курс
#флаттер
#мобилдик_тиркеме
#appitcompany
#кыргызстан #бишкек #ош #нарын #чүй #талас #баткен #ысык_көл #жалал_абад #токмок #кочкор #germany #hannover


🥳 Биздин Play Market'ке чыккан клодонмолорубуз.

🥳 Буюрса эң жакын арада бул жерге дагы 2 колдонмобуз кошулат.

🥳 Куттуу Рамазан айында, Куран Хатымды жамаатташып окугуңуз келсе, Mu Quran колдонмобузду Плей маркеттен дагы, App Store'дон дагы көчүрүп алсаңыз, окусаңыз болот.

Балким 1 күндө 1 хатым бүтөт, жамааттын сообунан куру калбаңыз.


🥳 Жаз менен бирге сиз дагы жаңыланыңыз! АйТи окуп, жаңы кесип ээси болууга эң сонун убакыт.

🥳 Жаз айы менен, Куттуу Рамазан айы менен өзүңүздүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачыңыз!

Показано 20 последних публикаций.