Postlar filtri


ТАҢгӨРҮ...
Кече футбол ойногону барып, мен оюнда жүргөндө, кийим алмаштыруучу жайда менин капчыгымдан жакшы эле суммадагы акчаларымды бирөө алып коюптур..

Ал жетпегендей бүгүн 4-5 жолу ГАИ тосуп, көйгөй жаратып, очойгон акча алды.🤦‍♂
Кемине жумушубуз жабылып жатат.


Маскөөнү кээде аябай жаман көрүп кетем ушунусунан.

Бирок грамм кайгыруу жок, өзүмчө эле жыргап жүрөм го.😅


Асыл жарым! Аяйсыңбы, аягын…
Азап – азап азыр менин абалым.
Экөөбүздөн жетим калган күндөргө,
Ээр токумсуз, жайдак кетип барамын…

Элмирбек Иманалиев


Досторубуз менен маектешип олтурганбыз. Өзгөчө орду бар, көп жетишкендиктерге жеткен досубуз колу менен желкемди таптап, мага жылмая карап, айланадагы адамдарга "ушул жигитти көрсөм энергия алам эмнегедир. Баланчаны көрсөм чөктүрө коёт, баланча күлдүрөт, түкүнчө ойлондурат. Рустамды көрсөм энергия кирет, кайгысын билдирбейт. Бир көйгөйү жоктой жүрөт"- дейт. Дагы бир таанышым "жашооң кайф болуп эле жүрөсүң го" - дейт. Ооба, кайгырып, капаланып, арманым айтып бирөөнү кубандырганча, күлүп, эрктүү жүрүп, сырымды билдирбей, сыйымды кетирбей жүргөнүм жакшы.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


"Ылдам, ылдам, ылдам,
Поезд жүрүп барат" - дегенчелик бар экен поезддеги атмосфера. 3 күндүк сапарыбыз соңуна чыгып, Маскөөгө бет алдык. Кетишибиз да кызыктарга бай болду. Бир эжекебиз поездке билет алып, биз автовокзалга келгенбиз. Өзүбүздүн вагонго жетип, биринчи эле паспортумду берсем өздүгүбүз чыкпайт. Көзөмөлчү ары ойлонуп, бери ойлонуп, билетти жакшылап караса билеттерибиз бир суткадан кийинкиге алынып калган экен. Мына кызык. Не кылабыз, не кылабыз менен билеттерди алып, кассага барып, эптеп бүгүнкү каттамга жылдырдык. Төртөөбүз бир жерден орун алган болчубуз, кайра каттам өзгөртүлгөндө эки-экиден бөлүнүп, поезддин эки башына жайланыштык.

Кызыгы, жолго деп алган мөмө жемиштер, суулар аркы башында калып кетти. Ыссык атмосферадан чаңкап, барып келүүгө аргасыз болдум. Кызыктын баары поездде турбайбы. Вагондон вагонго өтүп, ал жака барып келгенче элдин баарын көрүп бүттүм. Айтор, алгачкы жолу поездке чыгышым да кызыктарга бай болуп кала берди.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Биз жат болдук бири-бирин тааныган,
Жеттик бирок, кечтик эми баарынан.
Калдың беле насибиме жазылбай,
Ойго чөгүп, мен тагдырга таарынам.
Же экөөбүз эки башка жол тутуп,
Сактансакпы Жараткандын каарынан.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Кимде болсо
(элге) бирдей жагуу кыялы,
Ал инсандын өз-өзүнө убалы.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Көңүл алуу оңой, ага түбөлүк ээлик кылуу кыйын.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


Ошентип Санкт-Петербург шаарына да жетип келдик. Болгону алты эле саатта, акылуу жол менен зуулдаган бойдон алып келип койду айдоочу байкебиз. Күн сайын он сааттап унаада жүргөн жаныбыз, аябай бат келгендей сезилди. Жол катары комуз менен айтышып, тамашалашып, бири-бирибизге тийишип, пикир алышып эле келип калдык.

Бул шаарды эмнегедир жактырам. Биринчи жолу келгениме карабай, аябай жакын сезилди. Кыймыл аз, шаар таза, кабат үйлөрдүн бийиктиги да асман тиребейт, көзгө жагымдуу учурады. Эртең шаарын көрөлү, дагы кызыктар менен бөлүшөбүз.

24.01.2025
0:11 Санкт-Петербург


Инсандардын көңүлүнө ызаа бербөө үчүн, алардан алыс жүрүүнү чечтим.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Роббим, ушул жылдын Рамазан айында мени өзүңдүн үйүңө чакыра көр. Өзүңдүн үйүңдү, Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын кабырын зыярат кылууну насип эт.🤲

Санкт-Петербург шаарына бара жатабыз. Сапарлаш байкем жакында эле умрадан келди. Рамазанга ниет кыл, дагы барып келели дейт. Ниет кылдым. Жеткирчү Аллах. Аракет бизден.


КАЛА БЕРДИ

Ал мени итсин деди.
- Итмин - дедим...
Тек гана терикпестен кулуп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып
Мен анын ит экенин билип туруп.

Ал мени эшек деди,
- Обба - дедим.
Болбосо шылдындоого жетет тилим...
Не кылам ажылдашып, кажылдашып
Мен анын билип туруп эшектигин.

Ал мага албууттанып жана берди
Создору жийиркентип кара жерди.
Ролун эки айбандын бир аткарып
Артымдан ээрчий басып кала берди.

Байдылда Сарногоев


Жек көрүү бар жерде жактыруу, жактыруу бар жерде жек көрүү барлыгына эч күмөнүм жок.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Жөн эле жазган адамдан да коркуп калган замана болуп жатат..


Урматтуу Ош шаарындагы асыл заада айымдар! 🌺
Апалар, эжелер, сиңдилер...
Жалпыңыздарды айымдарга арналып уюштурулуп жаткан "АЯЛ СЕН АСЫЛСЫҢ" аттуу майрамдык жолугушууга чакырабыз.💌
~~~~~~
🔰😍Кечеде сиздерди:
🔸 Жагымдуу атмосфера;
🔸Аталган темада өзгөчө семинар;
🔸Спикерлер менен суроо-жооп;
🔸Баалуу белектер жана жоолук салуу аземи;
🔸Фотосессия,китеп жарманке, кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмөлөр күтмөкчү.🥰

🔖Кеченин өзгөчө коноктору:
Нуркыз Кадырбекова– Белгилүү журналист, мотиватор жана илимпоз.
Өктөм Абдувалиева– Мыкты устаза, коомдук ишмер жана агартуучу.
Сумая Асанова–
психолог,тренер,жазуучу жана үй-бүлөлүк консультант.

🎙Алып баруучу: Нуриса Аманова

📆Күнү:1-февраль
🕗Чогулуу:13:00
✅Башталышы:14:00
📍Дареги: Кыргызстан кино театр

Билеттер жана толук маалымат үчүн:
0709 35 55 05
0555 04 34 84

@babk_osh_officiall


Сен ооз ачарда тамактан өткөн алгачкы тамчы суудай ажайыпсың.

к.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Кече жакын досторумдун бири менен чай үстүндө маектешип олтуруп калдык. Өткөн күндөрдөн сүйлөп, мектеп кездерди бир эскерип алдык. Аны-муну сүйлөп жатып, дагы бир физикалык абалы мыкты досубузду эскере кеттик. Ал жигит менен өзүм чогуу жүрүп калбасам да, аны менен армияда чогуу болгон, ушул эле Маскөөдө чогуу жүргөн жакын досторум айтып калышчу. Аябай мыкты, физикалык абалы тың, 3-4 өөнү да оңой эле чуркап жүрүп, өзүнүн ылдам техникасы менен сабап койчу жигит эле дешчү. Жашоону карабайсыңбы... Кече жакында олтурган жеринен эле, эч бир себепсиз жан таслим кылып, о дүйнөгө узап кете бериптир. Үйлөнүп жетишпеди, артынан урпак да калтырбады. Биз менен курдаш болгону үчүн мени катуу ойго салды. Ал жигит бул дүйнөдөгү акыркы жылдарын ичимдикке берилип, кудайга жакпаган жолдордо басуу менен өткөргөн эле.. Айтайын дегеним өткөн адамды сынга алуу эмес, а балким, өлүмдүн кокустан келүүсү болду.

Биз да жаман амалдарды жасап жүрүп өтөбүзбү? Же жаман амалдар менен өлөбүзбү?. Чынында чочутат.

Ал жерден чыгып эле соц тармактан амандашып жүргөн мыкты жигиттердин биринин чакыруусу менен, жүз көрүшүп пикир алышууга бардым. Кызмат десе жеген ашын жерге койгон, үй-бүлөсүн да улуу максат менен курган, түптөгөн, бирөөдөн бир нерсе күтпөгөн, тилинде акыйкатты сүйлөгөн бул жигит менен жакшы достордон болуп калдык.

Бир канча саат мурун өлүмдү эстеп, жашоомдун агымына көз чаптырып, жакшы амал кылыш керек экен деген тыянакка токтолдум. Андан бираз өтпөй эле жашоосун ошол нукта жашап жаткан жакшы бир досту жолуктурдум.

Акыйкатта качан, кантип, кайжерде өлүшүбүз белгисиз. Кудайым шерменде кылбасын. Бизди жакшы адам деп күмөн кылгандардын күмөндөрүн бул дүйнөдө да, акыретте да сындырбасын.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Жигит үйлөнмөкчү болот да, апасына үч кыздын сүрөтүн тең көрсөтүптүр:
– Апаке, табыңызчы. Кайсыл бири келиниңиз?
– Ортодогусу.
– Ий, кантип бир көргөндө эле билип алдыңыз?
– Ушунусуна карасам жиним келип жатат – деген экен.

к.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Адамды акылындай эч нерсе кооздой албайт.

с.Чубак ажы

#Дилазык🌾


Бейшекемин жалпы аялзатына, кыздарга керээзи:

Бейшенбек Бекешов:

"Айланайын кыздар! Улгайганга чейин күйөөгө тийбеген кыздар жөн жүрбөйт. Жөн жүрбөгөн кыздан жакшы тукум туулбайт. Аны кыргыздын баары билет. Ошондуктан 99% күйөөсүз каларыңар турган эле иш. Тукумдун, баланын камын жебеген элдер бир башка, алар эртең жок боло турган элдер. Кыргыз болсо башка эл. Кыргыз баласы менен бакыт тапкан эл. Баланы эрсиз туусаңар да бактылуу болбойсуңар. Ошол баланы бакмагыңардан артыгыңар чыгат. Бузукулурады укпагыла. Аялдын 1-укугу - жар күтүү, 2-укугу - эне болуу. Башка укуктарыңардын баары биригип ушунун бирине да татыбайт. Биринчи эрге тийгенди ойлогула. Канчалык эртерээк тийсеңер ошончолук көбүрөөк жакшылык силердин колуңарда болот. Балдарыңар өзүңөр менен тең чоңоюп калат. Карылыгыңар камсыз болот. Окуганыңар да, иштегениңер да өз эмгекчилдигиңерге жараша болот. Күйөө силерге душман эмес, ал түгөйүңөр. Анын жетишкендиги сеники, сенин жетишкендигиң аныкы болот. Өмүрдө биргелешип жеткен жакшылык таттуу да, адал да болот."

4.5k 1 31 30 55
20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.