🔴 ШААБАН АЙЫНЫН АРТЫКЧЫЛЫГЫ Исламдагы ыйык айлардын бири болгон Ражаб айы да бүттү. Мына бүгүн пайгамбарыбыз ﷺ жакшы көргөн, башка айлардан өзгөчөлөгөн жана пенделердин кылган амалдары Аллахка көтөрүлө турган
Шаабан айы дагы кирип келди. Аллахтын сүйүктүү пенделери бул айдын келишин чыдамсыздык менен күтүп, ага өзгөчө даярдык көрүшкөн жана бул айда Аллахка көбүрөөк ибадат кылууга аракет кылышкан. Ал эми күнөө кылган адамдар күнөөлөрү үчүн тообо кылып, Аллахтан күнөөлөрүн кечиришин сурашкан.
Усама ибну Зайд, радыяллаху анху, пайгамбарыбыздан ﷺ:
«Оо, Аллахтын элчиси! Шаабан айында орозо тутканыңыздай башка айларда орозо тутканыңызды көрбөдүм, (мунун себеби эмнеде)?» – деп сураганда, ал айтты: «Бул ай – Ражаб менен Рамазандын ортосундагы адамдар элес албаган (Шаабан) айы. Бул айда пенделердин кылган амалдары ааламдардын Раббисине көтөрүлөт. Мен дагы кылган амалдарымдын орозо кармаган абалымда көтөрүлүүсүн каалаймын». | Насаи, 2356
Бул хадисте пайгамбарыбыз ﷺ адамдардын көпчүлүгү капарына албаган Шаабан айындагы амалдардын сооптуу экендиги жана бул айдын көпчүлүк күндөрүн орозо кармоо менен өткөрүүнүн артыкчылыгы туурасында айтып өттү. Ошондой эле бул айда ар бир адамдын кылган амалдары Аллах таалага көтөрүлөт.
Ал эми башка хадисте Аиша энебиз мындай деп айткан:
«Кээде Аллахтын элчиси ﷺ ушунчалык (көпкө) орозо кармаганынан улам биз аны оозун ачпайт окшойт дейт элек, кээде (көпкө) оозун ачып жүргөнүнөн улам биз аны орозо кармабайт окшойт дечүбүз. Мен Аллахтын элчисинин ﷺ Рамазан айында гана орозону толук тутканын жана Шаабан айында эң көп орозо тутканын көрдүм». | Сахих Бухари, 1969
Ал эми кээ бир сахабалардын Шаабан айына кандай мамиле кылышкандыгын айта турган болсок,
алар Шаабан айына Рамазан айына даярдык көргөндөй даярданышкан. Мисалы, Аммар ибну Ясир, радыяллаху анху, туурасында мындай деп айтылган:
«Аммар Рамазан айындагы орозого кандай даярдык көрсө, Шаабан айындагы орозого дагы ошондой даярдык көргөн». Бул айдын артыкчылыгы жана андагы кылынган ибадаттар сооптуу болгондугу себептүү сахабалар бул айга өзгөчө көңүл бурушкан. Ошондой эле мүмкүнчүлүктөрүнө жараша
орозо кармашып, Куранды окууга жана аны башкаларга үйрөтүүгө көп убактыларын бөлүшкөн. Кедей-кембагалдарга колунан келген жардамын көрсөтүп, аларга садака беришкен. Бул ибадаттарды кылуу менен алар Шаабандан кийинки Рамазан айына даярдык көрүшөт эле. Качан Рамазан айы башталганда алар күч-кубат жагынан да, руханий жактан да ибадат кылууга толук даяр болуп, Рамазан айында эч кандай ачкалыкты же чарчоону сезбестен, ырахаттануу менен орозо тутушкан.
Аалымдар арасында мындай деп айтылган сөз бар:
«Ражаб айы – бул үрөөнчүлүк айы. Шаабан айы – сугатчылык айы. Ал эми Рамазан айы – түшүм жыйноо айы». Ал эми кээ бир булактарда: «Ражаб айы шамал сыяктуу, ал эми Шаабан айы шамал айдап келген булуттар сыяктуу жана Рамазан айы булуттан жааган жамгыр сыяктуу» – дешкен. Кимде-ким Ражабда үрөөн сеппесе, Шаабанда сугарбаса, анда кантип Рамазанда түшүм алсын?».  ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
⚠️ Демек, бул айда көбүрөөк
орозо кармоого аракет кылалы. Анткени пайгамбарыбыз ﷺ бул айдын көпчүлүк күндөрүндө орозо кармаган. Шаабан айын толугу менен же тең жарымын орозо кармоо шарт эмес. Бул айдын көпчүлүгүн орозо кармоого кимдин кудурети жетсе, ал өзү үчүн жакшы. А эгер көпчүлүгүн кармоого кудурети жетпесе, анда жок дегенде сүннөткө ылайык
дүйшөмбү (биринчи күн) жана бейшемби (төртүнчү) күндөрү орозо кармоого аракет кылсын. Эгерде буга дагы кудурети жетпесе, анда бул айдын 13-14-15-күндөрүндө орозо кармаганга аракет кылсын. Анткени ар айдын ушул күндөрү орозо тутуу сүннөт болуп эсептелет.
Ошондой эле Куран китебин көбүрөөк окууга аракет кылалы. Анткени аалымдар айткандай Шаабан айы – Куранды окуунун айы. Эгерде ким бул айда Куранды бир жолу окуп бүтүрүүгө аракет кылса, анда ал үчүн Рамазанда Куранды көп ирээт окуп бүтүрүүсүнө жеңил болот.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу═════════
➤➤
https://t.me/tilmech➤➤
https://t.me/tilmech💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз