📍Жесирдин жемиши
Мага бир аял жөнүндө айтып беришти. Күйөөсү каза болуп, чиедей төрт баласы менен жесир калыптыр. Анан шаарга көчүп келип тирилик өткөрөт. Кара жанды карч уруп жүрүп, балдарын окутат. Арадан убакыт өтүп, баягы балдары биринен сала бири бой тартып, жогорку окуу жайга тапшырышат. Анда да байкуш эненин санаасы тынбай, бар тапканын алардын оозуна кармайт. Алланын ырайымы менен акыры балдары окууну бүтүп, бири – инженер, бири – дарыгер, бири – учкуч, бири – бизнесмен болушат.
Кемчиликсиз Аллага чексиз мактоо болсун, мына эми эненин мээнетинин акыбети кайтып, төрдө дөөлөт күтүп отурган чагы. Кубангандан көзүнө жаш ала, Жаратканга мактоо айтып, шүгүр кылат. Алакан жайып бата берет. Ушул жайылган алакан бир кезде балдарынын кирин жууп, тамагын бышырып, ач калбасын, окуудан өксүбөсүн деп далбастап, колунан келген иштин баарын жасап жүрүп жооруган. Ушул кара жумуштан каткан алакан бир кезде балдарын аста сылап намазга ойготуп, жакшыга жанаштырып, жамандан адаштырып тарбия берген. Мына эми ошол мээнетинин жемишин жеп отурат. Мына эми анын сабырдуулугу, көктүгү, балдарына берген жакшы тарбиясы, анан да анын балдарынын ийгилиги аңыз болуп эл оозунан түшпөйт.
Жараткан кемчиликтен аруу! Мына ушул сабырдуу, жакшылыктан үмүт үзбөгөн жесир аял акыл калчагандарга ийгилик менен бакыттын үлгүсү эмей эмне?
👤Автор: Алайчы Сеитбеков.
📔"Аял сен асылсың" китебинен.
🌳«МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ » катталуу үчүн сизге ыңгайлуу канал, баракчаларыбыз: 👇🏻👇🏻👇🏻
━━━━━━━━━━━━━━
🔹WhatsApp:
👳🏻♂️Мырзалар учун ⤵️
https://chat.whatsapp.com/LoSWSzLZzZF6cEDbsb6aTZ
https://chat.whatsapp.com/Kn70UqktxkFKgNIBeHaeuq
🧕🏻Айымдар учун ⤵️
https://chat.whatsapp.com/EGLJYQJUT8rHnltMetrOam
https://chat.whatsapp.com/Hw4ehgoaMUr4AO0XjsfZPO
https://chat.whatsapp.com/Ik31p9mha4wJJt4ST4WNFm
🔹 instagram.com/muras_media_kg
🔹 youtube.com/c/MurasMedia
🔹 Telegram
https://t.me/muslim1429
🔹http://murasmedia.kg