Дил азык🌾


Гео и язык канала: Казахстан, Казахский
Категория: Цитаты


Автордук укукту сактаңыздар!

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Казахстан, Казахский
Категория
Цитаты
Статистика
Фильтр публикаций


Кече кадыр түн тоскону жакшы бир инсандар жашаган батирге баргам. Бираз ыймандаштык, пайдалуу кептер болду, алыбызга жараша ибаадат кылдык дегендей. Жана бир досубуз телефон чалды. Түшүмдө үчөөңөрдү (кече үйдө болгондор) көрүпмүн. Олтуруп алып зикир тартып жатыпсыңар. Сүйлөсөм жооп бербедиңер. Сүйлөбөй зикир тартыш керек окшойт деп, мен да жаныңарга олтуруп зикир тартып баштадым дейт. Жакшы түштүн жышаанына үчөөбүз тең кубанып калдык.


Чексиз кудурет ээси, чексиз мээрим, чексиз ырайым ээси болгон Субахан Аллах Таалага эсепсиз мактоолор жана шүгүрлөр болсун. Йа Роббим, алсыз бир күнөөкөр пендеңдин жазган китебин ушул деңгээлге жеткиргениңе шүгүр. Альхамдулиллях 9-басылышы, бестселлер.🖤


Устаздардан сурасаңыз жакшы болот экен негизи.

Бирок жеке көз карашымды айта кетейин. Биринчиден: Ошол он күн ичинде эмнелер болуп кетти?. Нике кыялы дегенге чейин жетип калыпсыңар.

Экинчиден; Ал ата-энесине айтпай, жөн эле нике кыйып алып, экөөбүз окуубузду окуй берели дедиби?

Үчүнчүдөн; Эгер чындап үйлөнүү ниети болсо ата-энесин жөнөтүп, өз эрежеси менен никесине алсын.

Акыркы жообум сүйлөшүүнү токтоткула. Жигит жаш экен, али турмушту көрө элек. Сен да аябай жаш экенсиң, азыркы мамилеңер өкүнүчкө эле алып келет..

980 0 1 10 32

Мен бир нерсени түшүнүктүү кылып, жакшы кылып айтып берүүнү жакшы көрөмүн. Сүйлөбөй жүрө берсем буулугуп, чүнчүп да кетемин. Билим ушундай нерсе, аны канча чачсаң ошончо көбөйөт. Ушундай жалпак тил менен темаларды талкуулаганым жаккан болсо, мен мындан кийин көп-көп ойлорду бөлүшүп турууга даярмын.

Эмне темада оюмду билдирүүмдү кааласаңыздар, комментарийге суроолорду жазып коё бериңиздер.






Эмне эле буулугуп жүрдүм дейм да. Запистен эле балп этип баарын айтып берсе болот турбайбы.😂


Запистерим жакса реакция басып койгулачы. Өзүмдөн өзүм ыңгайсыз болуп кетпейин.😅
Баарын өчүрүп чыкпайын кайра.
















Инстаграммда стористеги ссылка өчүп кеткенче олуттуу суроолор болсо жазыңыздар. Бул жактан жооп аласыздар буюрса.

Реакциялардан аябай турсаңыздар.🤗


Бирөө сен ошол инсансыңбы, ошол инсан эмессиңби ошону билүү үчүн истихара окуп жүрсө, бирөө тахажудда сурап жүрөт дегенден болду го бул жагы. Анча-мынча жигиттерден дух вагонураак экен.😅

Анонимдүү сурамжылоонун ссылкасын инстаграммга көп коёмун. Анан ал жака Альхамдулиллях эле суроолор келет. Инстага бөлүшүп, ар бирине жооп берүүдөн уяламын. Ал жакта олуттуу (үй-бүлө курган, токтолгон) агалар да көрөт дегендей. А телеграмм каналымдагылар бир туугандай эле сезилесиңер. Макул десеңер ушул жака анча-мынча суроонун жоопторун бөлүшөйүн... Ал үчүн реакция басып койсоңор жетиштүү.


Эркек үчүн дискомфорт бул- комфорт.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


БУЛ ДҮЙНӨДӨГҮ БАЛЭЭЛЕРДИН ДАРЫСЫ

Бир киши Аз. Али (ра)га "Башым балээге батып, түйшүктөрдөн улам кыйналып келдим." дегенде Аз. Али "Сен төрөлгөнүңдө бул түйшүктөр сени менен кошо келдиби? Сен өлгөнүңдө бул түйшүктөр сени менен бирге кетеби?" дегенде киши "Жок" деп жооп берет. Мына ошондо илимдин эшиги "Бул дүйнөгө келгениңде сени менен кошо келбеген жана сени менен кошо кетпеген нерселерге убактыңды коротпо, кабатыр болбо, адамдардан эмес, Алладан үмүт кыл." деп сөзүнү бүтүргөн экен.

#Дилазык🌾


📌Будьте реалистами во всем, кроме молитвы, просите невозможного, ведь Он - Всемогущий!

Показано 20 последних публикаций.