🔴 РАМАЗАНДА ӨЗҮҢДҮ КУРАНГА АРНАКуран окуу – Рамазан айындагы эң сооптуу ибадаттардын бири. Куран адам баласын бул дүйнөдө туура жолго баштайт, аны эки дүйнөдө Аллахтын ыраазылыгына жана бактылуулукка жеткирет, кабыр сурагында адамды коргойт, кыямат кыйынчылыктарында ага шапаат кылат, акырет майданында аны эсепсиз соопторго жеткирет, аны бейишке киргизет жана анын бейиштеги даражаларын көтөрөт.
Пайгамбарыбыз ﷺ хадистеринин биринде айтат:
«Куранды окугула! Чындыгында ал кыямат күнү аны окугандарга шапаат кылып келет». (Сахих Муслим)
Ал эми башка бир хадисинде мындай деп айткан:
«Кыямат күнү орозо менен Куран пенде үчүн шапаат кылат. Орозо айтат: «Оо, Раббим! Мен аны күндүзү шакыбатынан жана тамагынан тыйдым. Мага бул пендеңе шапаат кылганга уруксат бер. Куран айтат: «Мен аны түн уйкусунан калтырдым. Мага бул пендеңе шапаат кылганга уруксат бер». Ошондо ал экөөнө шапаат кылууга уруксат берилет». (Муснад Ахмад)
Андыктан орозо туткан адам ыйык Рамазан айында Куранды көбүрөөк окуганга аракет кылуусу зарыл. Анткени бул айда кылынган ибадаттын сообу башка айларга караганда сооптуу.
✅ ААЛЫМДАРДЫН КУРАН МЕНЕН БОЛГОН МАМИЛЕСИ – Аалымдардын бири аль-Асвад Рамазандын ар бир эки түнүндө Куранды бир жолу окуп бүтүргөн.
– Улуу табийиндердин бири ан-Нахаи Рамазан айынын акыркы он күнүндө Куранды беш жолу окуп бүтүргөнгө жетишет эле. Ал эми башка айларда ар бир үч күндө бир жолу Куранды толук окуп бүтүргөн.
– Имам Катада болсо Рамазандын алгачкы жыйырма күнүнүн ар бир үч күнүндө Куранды бир жолу бүтүрүп, ал эми акыркы он күнүнүн ар бир түнүндө Куранды баштан аяк бир жолу окуп чыгат эле. Ал эми башка айларда үч күндө бир жолу бүтүргөнгө жетишкен.
– Имам Абу Ханифа жана имам Шаафи Рамазандын ичинде намаздан тышкары убакта Куранды жалпы алтымыш жолу окуп бүтүргөн.
– Имам аз-Зухри Рамазан айы киргенде «Чындыгында бул ай – Куран тилават кылуунун жана адамдарды тамактандыруунун айы» – деп айтчу.
– Ибну Абдулхакам айтат: «Имам Малик Рамазан айы келгенде хадис китептерди окууну, илимдүүлөр менен отурууну таштап, Куран китепти окуганга гана көңүл бөлчү».
– Абдураззак айтты: «Суфиян ас-Саури Рамазан айы кирип келгенден баштап бардык нафил ибадаттарды таштап, Куран окууга гана басым койгон».
– Аиша энебиз Рамазан айында күн чыкканга чейин Курандан көзүн албай окучу, күн чыккандан кийин гана жатып эс алат эле.
✅ КУРАН ОКУУНУН АДЕПТЕРИ 1. Куранды окуудан алдын даарат алуу.
2. Куран китебин даараттуу болгон абалда гана кармоо.
3. Куран окуудан алдын мисвак менен оозду тазалоо.
4. Кыбылага жүздөнүү (эгер мүмкүн болсо, болбосо өзүнө ыңгайлуу тарапты карап окуй берет).
5. Куранды Аллахтын ыраазылыгы үчүн чын ыкластан окуу.
6. Аяттын маанилерине терең ой жүгүртүп, шашылбастан окуу.
7. Куранды тажвид эрежелери менен ар бир тамгасын, ар бир сөзүн туура жана так окуу. Себеби бул адамды чын дилден окууга түрткү берет.
8. Куран окуп жатканда башка нерселерге алаксыбоо, башкалар менен сүйлөшпөө.
9. Куранды окуганда андагы айтылгандарга чын жүрөктөн ишенип, аларды турмушта иш жүзүндө аткарып жана ал арам дегенин арам деп, ал адал дегенин адал деп билүү.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу ═════════
➤➤
https://t.me/tilmech➤➤
https://t.me/tilmech 💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз