ТИЛМЕЧ


Гео и язык канала: Казахстан, Казахский
Категория: Другое


Похожие каналы

Гео и язык канала
Казахстан, Казахский
Категория
Другое
Статистика
Фильтр публикаций


🎬 БАЛАНЫ КАНЧА ЖАШТАН БАШТАП НАМАЗГА БУЮРУУ КЕРЕК (СӨЗСҮЗ КӨРҮҢҮЗ)

‼️
Ата-энелер үчүн маанилүү сабак

https://youtu.be/BXOitfpCZXk?si=YnXBAj7zbyP5-Hbd




🔴 ПАЙГАМБАРЫБЫЗ МАКТАГАН ЭҢ ЖАКШЫ ЭРКЕКТЕР 

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Момундардын арасынан толук ыймандуулары – кулк-мүнөзү жакшылары. Ал эми силердин араңардан эң жакшылары – аялдарына жакшы мамиле кылгандары». (Муснад Ахмад, 2/472)

 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
Абу аль-Вафа ибну Акыйл айтты:
«Акылдуу эркек эгерде аялдарынын бири менен жалгыз калса, бири-бирин эркелетип же тамаша айтып көңүлүн көтөрөт. Ал муну менен өзүнүн жана аялынын алдындагы милдетин аткарган болот. А эгер балдары менен жалгыз калса, анда көңүлдөрүн көтөрүү үчүн алар менен жаш балача ойноп, бир азга оор басырыктуулугун таштай турат». (“аль-Адаб аш-Шаръийя”)

Имам аль-Газзи айтты:
«Бир адамдын өз үй-бүлөсүндө жагымдуу маанайды түзүүсү жана аларга жумшак мамиле кылуусу – пайгамбарлардын жана элчилердин сыпатынан». (“Аль-Марах филь-Мизах”)

Эркектеги эң жаман сапаттардын бири – сырттагы адамдарга сылыктанып, өз үйүндөгү ата-энесинине, аялына, бала-чакасына орой мамиле кылуу.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ t.me/tilmech
➤➤ t.me/tilmech


№965 БЕЙИШТЕ КАНЧА ДАРАЖА БАР?
Опрос
  •   7
  •   10
  •   70
  •   100
1100 голосов


🎬 ЖУБАЙЫНА КӨҢҮЛ БУРБАГАН ЭРКЕКТЕР (МААНИЛҮҮ САБАК)

Чубак ажы Жалилов

https://youtu.be/WJ-G44hNaQY?si=ZtCWEnFdvkpe2cDk




№964 ТАРТИП БОЮНЧА КУРАНДАГЫ ЭҢ АКЫРКЫ СҮРӨӨ КАЙСЫ?
Опрос
  •   Фатиха сүрөөсү
  •   Маида сүрөөсү
  •   Кафирун сүрөөсү
  •   Наас сүрөөсү
1645 голосов






​​🔴 ШАВВАЛ АЙЫНДАГЫ БЕШ АРТЫКЧЫЛЫК
  
Ибну Ражаб, рахимахуллах, Шаввал айынын артыкчылыктары туурасында мындай деп айткан:
 
❏ Биринчиден, Рамазан орозосун туткандан кийин Шаввал айында да алты күн орозо тутуу – бир жыл толук орозо туткандын сообуна барабар.
 
❏ Экинчиден, Шаввал айы менен Шаабан айындагы орозолор – парз намаздардын алдынан же артынан окулуучу сүннөт намаздар сыяктуу. Парз намазда катачылык же кемчилик кетсе, анда ал ушул намаздар менен толукталат. Чындыгында кыямат күнү парз намаздар сүннөт намаздар менен толукталат. Бул туурасында пайгамбарыбыз ар түрдүү далилдер келген. Ошол сыяктуу эле көпчүлүк адамдар да Рамазанда туткан орозолорунда катачылык жана кемчиликтерди кетиришет жана алар да кыяматта толуктоого муктаж болот.
 
❏ Үчүнчүдөн, Рамазан орозосунан кийин да орозо кармоону адат кылуу – Рамазан орозосунун кабыл болгондугунун белгиси. Чындыгында Аллах Таала пендесинин кылган ибадатын кабыл кылса, анда ага андан кийин да жакшылыктарды кылууга ийгилик берет. Кээ бир аалымдар айтышкан: «Жакшылыктын сообу – андан кийинки кылынган жакшылыктан билинет. Кимде-ким жакшылык кылса жана андан кийин да башка жакшылыктарды кылса, анда бул анын биринчи кылган жакшылыгынын кабыл болгондугунун белгиси. Ошол сыяктуу эле кимде-ким жакшылык кылып, бирок анын артынан күнөө кылса, анда бул анын кылган жакшылыгынын кабыл болбогондугунан кабар берет».
 
❏ Төртүнчүдөн, Рамазан орозосу хадисте айтылгандай адамдын өткөн күнөөлөрүнүн кечирилишине себеп болот. Рамазанда орозо туткандар сооп-сыйлыктарын Орозо айт күнү толугу менен алышат, бул күн – сыйлык күн. Мына ошол себептен Орозо айттан кийин орозо тутууну адат кылуу – берилген сооп-сыйлыктарга шүгүр кылууга жатат. Ал эми өткөн күнөөлөрдүн кечирилиши – жакшылыктардын эң улуусу. Пайгамбар ﷺ түндөсү намазда көп турганы себептүү буттары шишип кетчү. Күндөрдүн биринде Аиша энебиз андан “Оо, Аллахтын элчиси! Аллах Таала сиздин өткөн жана келерки бардык күнөөлөрүңүздү кечирди го, эмне үчүн мындай кыласыз?” деп айтканда, ал айтты: “Мен да Аллахтын көп шүгүр кылууну каалаган пенделеринен болсом болбойбу?”. (Сахих Бухари)
 
Аллах Таала пенделерине Рамазан орозосун тутууга мүмкүнчүлүк түзгөнү үчүн аларды шүгүр кылууга буйруган. Мисалы, Аллахты зикир кылууга ж.б зикирдин түрлөрүн аткарууга буюруп мындай деп айтты: «Ал силерди белгилүү сандагы күндөрдү (орозону) аягына чейин толуктооңорду жана силерди Туура жолго салганы үчүн Аллахты улуктооңорду каалайт. Балким шүгүр кылаарсыңар». (Бакара сүрөөсү, 185-аят)
 
Пенденин Рамазандан кийин Аллахка шүгүр кылып туткан орозосу – жалпысынан Аллахтын ага Рамазан орозосун тутууга ийгилик, жардам бергени үчүн жана күнөөлөрүн кечиргени үчүн Раббисине шүгүр кылганына кирет. Алгачкы улуу муундун кээ бир аалымдары ушундай кылышкан. Эгерде Аллах таала ага түнкү намазды окууга ийгилик берсе, анда ал күндүзү орозо туткан жана ал орозосун Аллах аны түнкү намазга турууга ийгилик бергени үчүн Ага шүгүр кылуу максатында туткан. 
 
Эгерде кимдир бирөө Вухайб ибну Вардтан кылынган ибадаттын (мисалы, тавафтын ж.б) сообу туурасында сурап калса, ал мындай деп айтчу: “Анын сообун сурап не кыласыңар, андан көрө ошол ибадатты кылууга ийгилик жана жардам берген Аллахка кантип шүгүр кылуунун жолун сурагыла”. 
 
❏ Бешинчиден, адамдын Рамазанда кылган ибадаттары Рамазандын бүтүшү менен эле токтоп калбайт. Ал ибадаттарды адам тирүү кезинде дайым кылса болот. (“Латоифуль Маъариф”, 321)

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз




Пайгамбарыбыз ﷺ Шаввал айында Аиша энебизге үйлөнгөндүктөн жана Сафар айында кызы Фатиманы Алиге турмушка бергендиктен Шаввал жана Сафар айында үйлөнүү же турмушка берүү мустахаб (сүннөткө ылайыктуу) болуп саналат.

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech


​​🔴 ШАВВАЛ АЙЫНДАГЫ ОРОЗО ТУУРАЛУУ СУРОО-ЖООПТОР
 
❏ ШАВВАЛ КАЙСЫ АЙ? БУЛ АЙДА КАНДАЙ ОРОЗО ТУТУЛАТ?

ЖООП:
Шаввал айы – Рамазандан кийинки ай. Орозо айт күн Шаввал айынын биринчи күнүнө туура келет. Ал эми бул айдагы орозо тууралуу пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп айткан:
«Ким Рамазан айында орозо кармаса жана ага улап Шаввал айында алты күн орозо тутса, анда ал бир жыл орозо туткандай сооп алат». (Сахих Муслим)
 
❏ ШАВВАЛ ОРОЗОСУН АЙТ КҮНДӨН БАШТАП ТУТСА БОЛОБУ?

ЖООП:
Айт күн – майрам күн. Ал күнү орозо тутуу шариятта тыйылган. Айт күндүн эртеси эле тутуп баштоо керек. Орозо айт бир эле күн болот. Ал эми Курман айт үч күн болот.

❏ ШАВВАЛ ОРОЗОСУНДА ООЗ ЖАБУУ, ООЗ АЧУУ УБАКТЫЛАРЫ КАНДАЙ БОЛОТ?

ЖООП:
Намаз календарында көрсөтүлгөн багымдат намазынын убактысына чейин ооз жабылат, шам намазынын убактысында ооз ачылат. 

❏ ШАВВАЛ ОРОЗОСУНДА ООЗ ЖАБАРДА КАНДАЙ НИЕТ КЫЛЫНАТ?

ЖООП:
Шаввалдын орозосу деп жүрөктөн ниет кылып тута берет. Эч кандай дуба айтыш шарт кылынбайт.

❏ РАМАЗАНДАГЫ КАРЫЗ КҮНДӨР БИРИНЧИ ТУТУЛАБЫ ЖЕ ШАВВАЛДЫН ОРОЗОСУ БИРИНЧИ ТУТУЛАБЫ?

ЖООП:
Бул туурасында аалымдар арасында талаш пикирлер айтылган. Бирок аалымдардын басымдуу туура ой-пикири – биринчи Рамазандын каза күндөрүн тутуу керек деген ой. Демек, ушуга ылайык Рамазандагы карыз күндөрүн туткандан кийин Шаввалдын орозосун тутат. Анткени пайгамбарыбыз ﷺ: «Ким Рамазан айында орозо кармаса жана ага улап Шаввал айында алты күн орозо тутса...» деп айткан. Эгер адам Шаввалдын алты күнүн биринчи туткан болсо, анда ал Рамазанды улаганга жатпай калат. Шаввалдын орозосун улап тутуш үчүн биринчи Рамазандагы карыз күндөрдү толук тутуп бүтүрүүсү керек.
 
Ошондой эле шариятта каза орозону тутуу – парз, ал эми Шаввалдын алты күндүк орозосун тутуу – нафил болуп саналат. Ушуга ылайык мусулман адам нафилден мурун парзды биринчи аткаруусу керек.
 
❏ БУЛ ОРОЗОНУ АЙТТЫН ЭРТЕСИ ТУТУП БАШТАШ КЕРЕКПИ ЖЕ АЙТТАН КИЙИН БИР ТОП КҮН ӨТҮП КЕТСЕ ДА ТУТА БЕРСЕ БОЛОБУ? АНАН АЛТЫ КҮНДҮ КАТАРЫНАН ТУТУУ КЕРЕКПИ ЖЕ БӨЛҮП-БӨЛҮП ТУТСА БОЛОБУ?

ЖООП:
Шаввалдын алты күнүн сөзсүз эле Орозо айттын эртеси тутуп башташ шарт эмес. Айттан бир-эки күн же бир топ күн өтүп кетсе да тутса болот. Эң негизгиси Шаввалдын алты күндүк орозосун Шаввал айы бүткүчө тутуп жетишүү керек. Ошондой эле Шаввалдын алты күнүн катарынан тутса да болот, бөлүп-бөлүп тутса да болот. Эң негизгиси ушул ай бүткүчө тутулса болду.
 
❏ ШАВВАЛДЫН ОРОЗОСУН ЖАКШЫ ЭЛЕ ТУТУП БАШТАСА, БИРОК АР КАНДАЙ СЕБЕПТЕРДЕН УЛАМ ТӨРТ ЭЛЕ КҮНҮН ТУТУП, ШАВВАЛ АЙЫ ӨТҮП КЕТСЕ, АНДА ТУТАЛБАЙ КАЛГАН ЭКИ КҮНДҮН КАРЫЗЫН ТУТУУ КЕРЕКПИ? 

ЖООП:
Шаввал айынын алты күндүк орозосун тутуу сүннөт болуп саналат. Ошондуктан Шаввалдын калып кеткен күндөрүнүн казасы тутулбайт. Ал эми туткан төрт күнү үчүн ниетине жараша сообу жазылат. Эгер чындап эле кечиримдүү себептерден улам кармай албай калса, анда сообу толук жазылышы да толук мүмкүн. Анткени пайгамбарыбыз ﷺ айткан: «Эгерде пенде ооруп калса же сапарда болуп (мурда кылып жүргөн ибадаттарын кыла албай калса), анда Аллах ага ден-соолугу чың жана үйүндө болгон кезинде ошол ибадаттарды кылып жүргөндөй сообун жазат». (Сахих Бухари)
 
⚠️ ЭСКЕРТҮҮ:

Быйыл 2024-жылдын Шаввал айы 9-майга чейин болот. Ошого чейин Шаввалдын алты күндүк орозосун кармап жетишүү керек. 
 
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз


Шаввал айы – Рамазандан кийинки ай. Орозо айт күн Шаввал айынын биринчи күнүнө туура келет. Ал эми бул айдагы орозо тууралуу пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп айткан:

«Ким Рамазан айында орозо кармаса жана ага улап Шаввал айында алты күн орозо тутса, анда ал бир жыл орозо туткандай сооп алат». (Сахих Муслим)

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech


🎬 БИР ЖЫЛДЫК ОРОЗОНУН СООБУН АЛГЫҢ КЕЛЕБИ?

Максат ажы Токтомушев

https://youtu.be/elX3THhTj7Q?si=ROviSL5qYVCzz4Z5






Үй-бүлөңдө алар Айт майрамын чыдамсыздык менен күтө тургандай маанайды түз.

➤➤ https://t.me/tilmech


Айтыңыздар маарек болсун!

➤➤ https://t.me/tilmech


Репост из: ТИЛМЕЧ
Айтыңыздар маарек болсун!

➤➤ https://t.me/tilmech

Показано 20 последних публикаций.