Фильтр публикаций


Сапарга чыккан адамды узатууда эмне деп айтуу керек?

Пайгамбарыбыз (ﷺ) сапарга чыккан адамды узатканда мындай дуа кылчу:
“Сени Аллахка, сенин диниңди, аманатыңды жана иштериңдин жакшы аяктоосун тапшырам.”

Абу Дауд риваяты, №2600, жана Аль-Албани сахих деп белгилеген).



أَسْتَوْدِعُ اللهَ دِينَكَ وَأَمَانَتَكَ وَخَوَاتِيمَ عَمَلِكَ

Транскрипциясы:
“Аставди’уллаха динака ва аманатака ва хаватима амалик.”

Мааниси:
“Сени Аллахка, сенин диниңди, аманатыңды жана иштериңдин жакшы аякташын тапшырам.”

Бул дуа сапарга чыккан адамды Аллахка тапшырып, анын дининин бекем болуусун, аманаттарды сактоосун жана иштеринин жакшы аякташын тилейт.


#орозо #дуа




Орозо кармагандардын эң жакшысы

Му’аз ибн Анас (Аллах андан ыраазы болсун) жеткирген хадисте бир киши пайгамбарыбызга ﷺ келип, мындай деп сурайт:

«Орозо туткандардын кимиси эң чоң соопко ээ болот?»

Ошондо ал ﷺ: «Аллах Тааланы эң көп эскергендер», – деп жооп берет.
📚 (Ахмад; 15614), (Табарани; 20/186). Бул хадистин иснады алсыз болгону менен, мааниси туура.

Имам Ибн Каййим (Аллах аны рахматына алсын) мындай деген:

«Кайсы гана ибадат болбосун, ал ибадатты аткаргандардын ичинен эң жакшысы – ошол ибадат учурунда Аллахты эң көп эскерген адам. Ошондуктан, орозо туткандардын эң жакшысы – орозо учурунда Аллах Тааланы эң көп эскергендер болуп саналат».

📚 (Ал-Вабил -Сойиб; 1/75).

http://t.me/Meerbek_kelsinbek

#Орозо #Рамазан #зикир


#ооз_ачуу #орозо


#сухур #орозо #саарлык


#орозо #рамазан


🌙 ЖАҢЫЛЫК!

Бүгүн Саудияда ай кароо жүрүп, Рамазандын жаңырган айы Тумейр жана Судейр жерлеринде көрүндү.

Ага ылайык, Сауд Араб Падышалыгынын Жогорку соту, эртеңки (ишемби) күндү Рамазан айынын алгачкы күнү - деп расмий түрдө жарыялады.

Кирип келген Рамазан айыңыздар берекелүү болсун!


#орозо #рамазан


#ыклас #ниет #амал


#журок #ыйман #ыклас


#осуят #насаат


Бир күн келет түшүнөсүң

• Намаз уктоодон жакшыраак экенин түшүнөсүң, бирок канча уктап келесиң

• Куран окуу жүрөгүңө тынчтык берерин билесиң, бирок ага көңүл бурбадың.

• Зикир күнүңө береке алып келерин билесиң, бирок жалкоолондуң.

• Түнкү намаз жүрөгүңө тынчтык тартуулаарын билесиң, бирок аны калтырдың.

• Истигфар ырыскыңды кеңейтерин билесиң, бирок ага маани берген жоксуң.

• Тообонун эшиги ар дайым ачык экенин билесиң, бирок аны созуп жүрө бердиң.

Муну эртерээк түшүнүп амал кылып кал!

http://t.me/Meerbek_kelsinbek


#сооп #жакшы_ой #ыклас


Күнөөнү улантуу– жакшылыкка умтулууну алсыз кылат

Имам Ибн Кайим :

"Күнөөнүн таасирлеринин бири – бул анын ниетин алсыратуу. Күнөө кылган адамдын жүрөгү жакшылыкка ниеттенүүдөн алсырайт, күнөөгө болгон каалоосу күчөйт. Ушундан улам анын тобо кылууга да чыгынбай жүрө берет.

(📖Ад-Да ва Ад-Дава, 141-бет)


http://t.me/Meerbek_kelsinbek

#куноо #жаза


Көрө албастык

Ибн Коййим رحمه الله :

“Көрө албастык кылган адам шайтандарга жардам берет. Көрө албастык кылган адам иблис сыяктуу аны ээрчичүүлөрдөн болуп эсептелет.

Анткени ал шайтан сүйгөн нерсени каалайт — адамдардын бузулушун жана Аллах берген ырыскы жакшылыктардын жок болушун энсейт.

Ошондой эле иблис Адамга көрө албастык кылып, анын кадыр баркына ичи тарып, ага сажда кылуудан баш тарткан.
Демек, көрө албастык кылган адам иблистин аскерлеринен.”

🗂(Бадаи’ аль-Фаваид, 2/234


http://t.me/Meerbek_kelsinbek

#короалбастык #ичитар


Алла Таала айтты:

“Эгер силердин жүрөгүңөрдө жакшылык ниети болсо , анда Аллах силерге жакшылык берет.”
( Анфал, 70-аят)

Имам Ибн аль-Каййим (рахимахуллах) :
“Инсандын аракети, максаты, каалоосундагы ниети канчалык түз жана бийик болсо, ошончолук Аллах Тааланын ага жардамы,колдоосу, ондоосу ийгилиги боло берет.

📙(Фаваид китебинен, 97-бет)

Бул сөздөр ниеттин жана максаттын чын ыкластан болушунун маанилүүлүгүн баса белгилейт.

http://t.me/Meerbek_kelsinbek

#ниет #ыклас #жүрөк


Пайгамбарыбыз ﷺ айтты :

لا إله إلا الله وحده لا شريك له، له الملك، وله الحمد، وهو على كل شيء قدير،

"Ким:
«Лаа илааха иллаллаху вахдаху лаа шарийка лаху, лахул мулку, ва лахул хамду, ва хува алаа кулли шайин кадир»
деп, күн чыкканча жана күн батканга чейин 100 жолу айтса,
Кыямат күнү ал адамдын амалынан жакшыраак амал алып келинбейт. Бирок, ким ушул сөздөрдү көп айтса же ага кошумча амал кылса гана (ашып түшөт)."

Мааниси:
(«Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок, жалгыз гана Аллах, Анын шериги жок. Бардык мүлк Ага таандык жана Ага мактоо болсун. Ал баарына кудуреттүү»)

📙Хадис "Сахихут-Таргиб" (658)


🎙http://t.me/Meerbek_kelsinbek

#зикир #танкы_зикир


Ибн Ражаб :

«Шаабан айында орозо кармоо – Рамазан орозосуна даярдык жана көнүгүү болуп эсептелет.

Орозо айында орозосу женил болуп кыйналбайт.

📖 “Латаифул-маариф” (134-бет)


http://t.me/Meerbek_kelsinbek

#орозо #шаабан #нафил


Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:

"Кимде-ким ар бир фарз намаздан кийин Аятул-Курси окуса, аны бейишке кирүүдөн өлүм гана тосот."

(Сахих аль-Джами', 6464)


http://t.me/Meerbek_kelsinbek

#намаз #зикир #аятулкурси

Показано 20 последних публикаций.