Жүрөк туюп, сезип баарын, көз көрүп...
Көңүл далай көлчүк сымал бөксөрүп.
Өксүү менен өрчүбөстөн өмүрдө,
Көп күнүмдү алдым окшойм өткөрүп.
Жарыгы жок жалгыз баскан жолдордон,
Жалооруган жаным байкуш кордолгон.
Төбөмдөгү басмырлоону көтөрүш,
Кезегинде мага деле оор болгон.
Көкүртө көөдөн эбак эскирген,
Күткүм келбейт көп нерсени эч кимден.
Үмүтүмдү үзчүлөрдөн үздүм да...
Сапар тартып узак эми кеттим мен.
Бектурсун Адиев
Көңүл далай көлчүк сымал бөксөрүп.
Өксүү менен өрчүбөстөн өмүрдө,
Көп күнүмдү алдым окшойм өткөрүп.
Жарыгы жок жалгыз баскан жолдордон,
Жалооруган жаным байкуш кордолгон.
Төбөмдөгү басмырлоону көтөрүш,
Кезегинде мага деле оор болгон.
Көкүртө көөдөн эбак эскирген,
Күткүм келбейт көп нерсени эч кимден.
Үмүтүмдү үзчүлөрдөн үздүм да...
Сапар тартып узак эми кеттим мен.
Бектурсун Адиев