𝗣𝗮𝘆𝗮𝘇𝗼𝗸


Гео и язык канала: Казахстан, Казахский
Категория: Цитаты


Ассолату Хойру Мин Аннаум🌙

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Казахстан, Казахский
Категория
Цитаты
Статистика
Фильтр публикаций


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Ата-энебизди көзү барында сыйлайлы!🙏


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Эгер мусулман адам Ислам дини жөнүндө бир нерсе жазса, ал өзүнү такыба кылып көрсөтүп жатат деп ойлобоңуз... Биз баарыбыз күнөөкөрбүз. Алар жөн гана өздөрүнө жана башкаларга эскертип жатышат. Себеби, Аллах Таала Куранда айткан: "Эскерткин, анткени эскертүү ыймандууларга пайда берет". (Зарият сүрөөсү, 55-аят)


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
❤️


Жума маарек болсун!🥰


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Ар күнү айта албасам да, сизди жакшы көрөмүн Апа...❤️








Орозо айт майрамы 10-апрелде белгиленет.🌸🌸🌸
Пайгамбарыбыз (с.а.в)
Орозо айт жана Курман айт күндөрү орозо тутуудан тыйды.✨


Кеч кирет да, таң атат.
Жакшы амал кылып кал,
Өмүр өтүп баратат.


Ар бир таңга жеткизген, Аллахка шүгүрлөр болсун!😇🩵


Кадыр түнү окулуучу дубалар:

«Аллаахумма иннакя ‘афуввун каримун тухиббуль-‘афва фа‘фу‘анни».

«О Аллахым! Чындыгында, Сен Кечиримдүүсүң, кечирүүнү жакшы көрөсүң. Мени кечир!»


«Аллохумма иннаа насалукал хусна ва зийаадатан».

«Оо, Аллахым! Биз Сенден бейишти жана бейиште Өзүңө жолугуп, нурлуу Жамалыңды көрүүнү сурайбыз».


☪️ КОШ КЕЛДИҢ КУТТУУ КАДЫР ТҮН

Мусулман боордошум, сен кандай гана бактылуу адамсың !

Сен, миң айдан да артыгыраак бир жылдык тагдырлар жазыла турган түндүн каршысында турасың !
Ооба, бул ошол кадыр түнү . Бул түнү жер бетине түшкөн периштелердин саны жердегилердин баарынан да көбүрөөк болот.

Аллахтын элчиси (саллаллоху
алайхи ва саллам) :
"Бул түн тунук ары жарык,
жылуу да эмес, суук дагы эмес жайлуу болот” – деп айткан.

Эй, кулчулукка кол жеткире албай жүргөн
тууганым! Кадыр түндө, коюп жиберген мүмкүнчүлүктөрдүн ордун толтурууга тырыш Ордуңдан тур, уктаба ..
Жай колуңду Аллага !
Алла Таала сунулган колду
бош кайтаруудан уялат .
Сага бирөө келип:
Эй паланча ?!
Бүгүн уктаба сага сыйлык бар – десе
уктайт белеңиз ?
Ал эми бул түнү
Алла Таала баардык тилектерди кабыл кылат .

Эй карызга баткан адам!
Эй жүрөгү кайгыга баткан адам!
Эй бактылуу жашоону каалаган адам !
Тилегин, колдон чыгарбагын !
Мына сага зор мүмкүнчүлүк !
Ким бул түндүн ийгилигинен айрылса,
ал бүт өмүрүндөгү ийгиликтерден айрылып
калган адам сыяктуу.

Азирети Айша энекебиз бул түндөрү:
“Эй Аллах! Сен кечиримдүүсүң.
Кечиргенди жакшы көрөсүң, менин күнөөлөрүмдү кечиргин!”- деп дуба кылаар эле .

Суфйан ас-Саури :
Кадыр түнү көп дуба кылуу мен үчүн (напил) намаз окуудан дагы сүйкүмдүрөөк – деген.

Абдулла ибну Аббас :
"Бул түнү кимге канча ырыскы берилээри, асмандан канча өлчөмдө жамгыр түшөөрү, кимдер бул дүйнөгө келип жана
кимдер бул дүйнөдөн сапар тартаары жазылат” – деп айткан.

Кадыр түндүн мындай аталуусунун себеби, ким бул түндү ибаадат менен өткөрө турган болсо, кадырдуу, сыйлуу адамдардын
катарына кошулаары айтылган . Көпчүлүк адамдар ушул түнү
“тозоктон кутулду”, деген наамга татыктуу болушат .

Атактуу таабийин Икрама (рохимахуллох):
"Кадыр түнү бир жылдын ичинде канча адам ажылык парзын аткарган болсо, ошол адамдардын аттары, ата-энелери
менен кошулуп жазылат” – деп айтаар эле ...

Эй мусулман бир тууган !
Кой башыңды саждага !
Тиле Роббиңден !
Бул балким сен үчүн
соңку мүмкүнчүлүк болуп чыгаар .

Абу Хурайра (андан Аллах ыраазыболсун):
“Ким кадыр түндү ыйман менен сооп табуу үмүтүндө ибаадат менен өткөрө турган болсо, анын мурдагы кылган күнөөлөрү кечирилет” –
деп айткан .
(Бухари – 38 ).

Бул түндө берилүүчү сыйлыктар, сооп-пазилеттерин билесизби ?
Өмүрүндө бир да калтырбастан бул түндү ибаадат менен өткөргөндөр чындыгында бактылуу . Бул түн миң ай, тагыраагы 83 жыл 4 ай ибаадат жасады деген сыйлык берилүүчү улуу түн .
Бул түндө Жабрайил периште башчы болгон
баардык периштелер жамааты жер бетине түшүшөт.
Алардын ушунчалык көп болгонунан жердин бетинде бут коюга орун калбайт – деген сахаабалар .
Таң атканга чейин периштелер
ибаадат кылуучуларга
кечирим дубаасын айтып турушат.

Тууганым карачы,
периштелер асмандан жер бетине түшүп келсе, бул түндү сен кайдыгерлик менен өткөрүп жүрбөгүн .
Бир жылдык тагдырың жазылышы анык !

Баардык нерседен тажадыңбы?
Бул жашоодон зээриктиңби ?
Жашоодон түңүлүп, кайгыга баттыңбы,?
Кел анда Жараткан Аллахты эсте. Кадыр-барктуу адам болгуң келеби ?
Акырет менен бул дүйнөдө
бийик даражада жашагың келсе бул түн сен үчүн чоң мүмкүнчүлүк !
Бүгүн сен уктабоого тийишсиң !

Азирети Пайгамбарыбыз алайхис салам
Рамазандын акыркы он күнүнүн түндөрүн
намаз, ибаадат менен өткөрөт эле.
Жашооңдо кыска убакыттын ичинде мол береке, көптөгөн жакшылыктарга жетишкиң келсе ушул түндө берилүүчү мүмкүнчүлүктөрдү
колдон чыгарбай кармап калгын.
Сексен үч жылдык ибаадат турса ,кантип сен кыжаалат болбостон жатып уктайсың?

Ушул күндөрү болбоду дегенде бир адамга
ифтар кылып бер, садака жаса, жакшылык иштерди аткар, атаңдын батасын ал,
энекеңди ыраазы кылууга тырышкын .
Куран оку, дуба кылып Роббиңден тиле!
Жаман ой-пикирлерди унут , баарын кечир, сен дагы кечирилесиң тууганым!

Пенденин Аллах Таалага эң жакын кези саждада турган учуру эмеспи.
Сен бул түнү сажда кылгын. Ажылык сапарга бара албай жүрөсүңбү?
Ушул түндө дуба кыл, анткени сахаабалар:
"Ушул түнү бир жылда канча жана кайсы адамдар ажыга баруусу, ошол кишилердин фамилиясы менен кошо жазылат" деген .

Ушул түндө Пайгамбарыбызга касиеттүү Курани Карим түшүрүлгөн .


☪️ КАДЫР ТҮНДҮ КАНТИП ӨТКӨРҮҮ КЕРЕК?

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алайхи васаллам): "Ким Кадыр түндү сообуна ишенип ыкылас менен өткөрсө, анын мурунку күнөөлөрү кечирилет" деген эле. (Бухарий, 2014)

Бул ыйык түндү ыйыктыгына ылайыктуу түрдө маанилүү өткөрүүгө жардам берер деген жакшы санаа менен окурмандарга бир нече нерсени эскертүүнү туура көрдүк:

1) Бул түнү Аллах үчүн көп-көп ибадат кылуу, нафил жана каза намаздарды окуу керек.

2) Бул түнү Курани Каримди окуу, окулганын угуу, маанилерин үйрөнүп ой жүгүртүү зарыл. Курани Каримге болгон сүйүү күчөтүлүүсү, жаңыртылуусу керек.

3) Пайгамбарыбызга (саллаллаху алайхи васаллам) салават-саламдарды айтуу, анын шапаатынан үмүттөнүү, анын үммөтүнүн катарында болуунун бактылуу маанайын сезип, ага болгон ак ниеттүүлүктү, берилгендикти ого бетер күчөтүү керек.

4) Үгүт-насааттарды, динибизди тааныткан маектерди жакшылап угуу, күнүмдүк жашоонун оор түйшүктөрүнөн улам, жүрөккө чарпылган кайдыгерлик, бейкапарлык илдетинин кирлерин жууп салуу зарыл.

5) Бул түндүн маани-маңызы жөнүндө, же болбосо ушул ыйык түн негизги мазмун кылынган актуалдуу диний темаларда илимпоз-аалымдар жагынан уюштурулган жыйналыштарга катышуу керек. Анткени мындай актуалдуу темалар адамдын өзүн-өзү сындан өткөрүп, жаңылыштык, каталыктарды кайрадан таанууга, кемчиликтерди жоюуга, айрыкча боордоштук карым-катышты, достукту, ынтымак-ырашкерликти күчөтүүгө өбөлгө түзөт.

6) Тообо кылып, истигфарларды айтуу керек. Олуттуу түрдө өзүн-өзү сындан өткөрүп, каталыктардан кайтууга кайраттануу керек. Жакшылыкка жол тартуу багытында бекем ишеним тургузуу тийиш.

7) Зикир-тасбихтерди айтып, ой жүгүртүү зарыл. Себеби Аллах Тааланы эстөө аркылуу жүрөктөр бейпилдикке ээ болот. Аллах Тааланын чексиз күч-кудурети менен жоктон жараткан бул ааламдын терең сырлары жөнүндө ой жүгүртүү аркылуу дилдеги ыйман күч алат.

8) Дуба-тилектерди көп кылуу керек. Анткени дубалар адамдын Жараткан Аллага жакындашуусуна эң жакшы себепчи. Мисал үчүн, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алайхи васаллам) ушул түнү:

اَللَّهُمَّ اِنَّكَ عَفُوٌّ تُحِبُّ الْعَفْوَ فَعْفُ عَنِّي

"Аллахумма иннака афуввун, тухиббул афва фаьфу анни"

(Аллах Таалам! Сен кечиримдүүсүң, кечиргенди сүйөсүң, мени да кечире көр) деп дуба кылганы баяндалат.

9) Кадыр түндүн күндүзүн да кудум түнүндөгүдөй өткөрүү чоң сооптуу иш.

10) Бул түндүн урматына Жараткандан бүткүл мусулмандардын биз менен бирдикте күнөөлөрүнүн кечирилишин тилөөбүз керек. Кадыр түндүн жакшылыктарга себепкер болуусун, достук, бир туугандык жана биримдик ымаласынын күчөшүн, мусулман дүйнөсүнүн ынтымагына жана бүткүл адамзатка арнап, түрдүү балээ-кырсыктардан алыс болуусуна багыштап дуба-тилек кылуубуз керек.

11) Аллах жолунда колдон келишинче көмөктөштүк, кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүү керек.

📘 Булагы: “Берекелүү Рамазан айы китебинен”


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


🔸Бул жылы кадыр түн 5-апрелден 6 апрелге караган түнү болот. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы расмий булактарга маалымат берди. Кадыр түн орозо башталгандан кийин 27-түндө тосулат.

🔸Бул ыйык түндү жалпы мусулман коомчулугу күтүп, жаратуучуга дуба кылып, ибадат менен өткөрөт. Куранда бул түндүн миң айдан дагы артык экени айтылат. Ислам динин туткан элдердин арасында, Кадыр түн (араб тилинде— Лайлатуль-кадр) — майрам! Пайгамбарыбыздын мындай деп айтканы бар: «Кимде-ким Кадыр түндөгү сыйынуусун, кылган иши үчүн сыйлык аларына ишенип жана Жараткандын ыраазычылыгы үчүн гана кылса, анын мурдагы кылган күнөөлөрү кечирилет».


Жөнөкөйлүүлүк бул улуу инсандардын табияты.

Пайгамбарыбыз (САВ)дын колу толгон токой дүйнөгө жеткен, бирок жөнөкөй жашоону тандады.

Жерде отурган, жерде тамак жеген, жерде жаткан, бул дүйнөдөн көп нерсени каалаган эмес.

Пайгамбарыбыз (САВ) алып аткандар дүйнөсүндө берүүчүлөрдөн болгон.

Показано 20 последних публикаций.