Тез окуу (кыргызча🇰🇬)


Гео и язык канала: Казахстан, Казахский
Категория: Книги


Китеп окуганды сүйүүчүлөр үчүн❤️
Тез окууну үйрөнүү жолдору📚
Методика, көнүгүүлөр🔍
Курс тууралуу маалымат⬇️

Связанные каналы

Гео и язык канала
Казахстан, Казахский
Категория
Книги
Статистика
Фильтр публикаций


Азыркы учурда жасалма интеллект өнүгүп адамдар билим алуудан жалкоолонуп калды, бирок, бул нерсе жашообузду женилдеткени менен бир жагынан оорлоштуруп да жатат десем болот, анткени, адам өзүнүн башын иштетпесе жана колдонбосо анда жаны нерсе үйрөнө албайт.

Адамга ибадат кылуудан кийин эле окуу буюрулган, адам илим-билим албаса анда бул жашоодогу милдетин аткара албайт. Адам өзүн таануу үчүн, жашоого эмне үчүн жаралганын түшүнүү үчүн окуп билим алуусу керек, мына ошол үчүн тез окуу жардам берет, тез окуу бул китепти бат окуу эле эмес китептеги маалыматтарды бат алуу жана бат анализдеп жашообузга киргизүү дегени.

Тез окууну курсу боюнча толук маалымат алуу үчүн⤵️
api.whatsapp.com/send?phone=+996220669700


1 айда 10 китеп окуп бүтүрүүнү кааласаңыз⬇️

1. Негизинен китепти бат окуу үчүн алгач-китепти туура тандоо керек. Китепти адам муктаждыгына карап тандашы керек. М: ыйманы алсырап бараткан адам, ыйманын бекемдөө үчүн диний китеп тандоосу керек, ошондо окуган китебине маани берет, аябай кызыгып окуйт жана тез окуп бүтөт.
Анан эле ыйманы алсырап баратса, акча же мотивация берүүчү китеп окуса түшүнөбү? Жок! Анткени азыр ага акчадан көрө ыйман маанилүү.
Мына адам муктаждыка карап китеп тандаса тез окуйт.

2.Андан сырткары китепти тез окуу үчүн, аракет кылуу керек, аракет кылбай, жөн эле окуй берсе, тез окуп кетпейт. Аракет дегеним- алгач тез окуу үчүн эмне кылуу керек деп өзүнө суроо берип, жообун издөө керек. (Тез окууга толтура көнүгүүлөр бар)
- Китепти үн чыгарып окугандан көрө көз мн окуган жакшы, анткени ооз менен 1000 сөз окуйм деп адам чарчап, энергиясы кетип калат. А көз мн окуганда карап гана кетет, энергия да кетпейт, болгону башында түшунбөгөндөй боло беребиз, бирок бара-бара түшүнүп баштайбыз.
Биздеги установкалар тез окууну үйрөнүүго тоскоол болот, кичинекей кезибизден-тамгалап,муундап, шар окуп үйрөнгөнбүз, ошого үн чыгарып окуганда түшүнөбүз деп ойлойбуз, ошол түшүнүк бар болгону үчүн, көз мн окууга ишенбейбиз. Тез окууга ишенген учурда, адам тез окууну үйрөнүп кетет.

3. Тез окуу үчүн күнүнө китеп окуп туруу керек, ошондо тез окууга адам көнүп баштайт, бир айда бир китеп ачып алып, неге тез окуй албай жатам деген адам, "бир күн кечке ачка жүрүп, неге курсагым ач"деген сыяктуу эле суроо берген болот да.

PS: Тез окуу үчүн: Китепти туура тандоо керек, үн чыгарбай көз мн окуу керек, тез окуу боюнча маалымат алуу керек, күнүнө китеп окуп туруу керек.✨

Мына ушундай, менден сиздерге тез окуу үчүн кеңештер.📚


Китепти көпчүлүк - акылдуу, билимдүү болуу үчун окуйбуз деп ойлошот, чындыгында биз эмне үчүн китеп окуйбуз?

Жөнөкөй мисал: биз китепти окуп жатып биринчи эмне кылабыз?
Түшүнөбүз✅ анан ойлонуп, анализ кылабыз, эгер биз китепти түшүнбөсөк анда китеп окубайт болчубуз да чынбы?

Адамда - сезим, сүйлөө, ойлонуу, угуу, түшүнүү деген кабыл алчу функциялар бар,эгер адамда ушул функциялар өнүкпөсө анда ал адам толук кандуу дени-соо адам болуп эсептелбейт.
Эми карап көрөлү: Бала менен сүйлөшпөсөң, анын сүйлөөсү кечеңдейт, же такыр сүйлөбөй калуусу да мүмкүн.
Ошол сыяктуу адам “ түшүнө “ алуу жөндөмүн өстүрбөсө анда ал адам психологиялык жактан артта калуусу мүмкүн.

Эмне үчүн ЖРТ тестине окуп-түшүнүүнү кошкон, анткени, адамдын түшүнүү жөндөмү бар экени бул - ал адам психологиялык жактан соо адам, университеттин билимин ала алат дегени.

Эми карап көрөлү: Китеп окуган адам менен китеп окубаган адамга Чыңгыз Айтматовтун китебин берсек кандай болот?
Китеп окубаган адамга Чыңгыз Айтматовтун китебин китебин берсек түшүнүүсү кыйын болот, анткени, китеп татаал жазылган болот, аны түшүнүү үчүн кайсыдыр бир деңгээлде адамдын түшүнүү деңгээли жогору болуусу керек.

Эми китеп окуган адамга Чыңгыз Айтматовтун китебин берсек, ал жеңил түшүнөт, анткени, ал мурун китеп окуп жүргөн, жана ал китепти окуп жатып элестете алат.
Китеп окуп жүргөн адамда элестетүү, түшүнүү жөндөмдөрү жакшы өнүккөн болот📚

PS: Китепти- түшүнүү жөндөмдүүлүгүбүздү жогорулатуу үчүн окуйбуз, анан акылдуу, билимдуу адам болуп чыгабыз.✅

Сиз менин жеке оюма кошуласызбы?

https://www.instagram.com/p/DD_7zQ1sEzg/?igsh=MWF2eGpmeGp1YW9veA==




Китепти эмне үчүн окушубуз керек?

Мен ойлогон жоопту айткан адамга курсума, скидка кылып берем✅


Ийгилик-жашоодо бир жолу жасала турган өзгөрүүнү эмес, күнүмдүк адаттардын жемиши.

Өзүңүздүн эң мыкты версияңызга ээ болуу учүн сиз ынанымдарыңыз менен тынымсыз иштеп, иденттүүлүгүңүздү кеңейтишиңиз керек.

Байкалбаган өзгөрүүлөр убакыттын өтүшү мн күтүлбөгөн натыйжасын берет.

Мыкты китеп жазуу үчүн алгач өзүң мыкты болушуң керек.

Мага жаккан китептеги сөздөр🦢


Китеп окууну?
Опрос
  •   Жакшы көрөм
  •   Жакшы көрүүнү каалайм
  •   Жаман көрөм
44 голосов


Китепти тез окуп баштасаң эмне болот?

1. Баштаган китебиңди аягына оңой чыгып, тез бүтүрөсүң.

2.Каалаган китебиңди кыска убакытта 80-90 % түшүнүк менен окуй аласың.

3. Жөнөкөй адамдарга салыштырмалуу көп маалыматка ээ боло аласың.

4. Эс тутум, көңүл буруу, ой жүгүртүүң жакшырат.

5. Көптөгөн китептерди окуп, жан-дүйнөңдү кооздой аласың.

6. Көп убактыңды телефон менен эмес, китеп менен өткөргөндү каалап каласың.

7. Жаман адаттарды таштап китептердеги маалыматтар аркылуу жакшы адаттарды калыптандырганды үйрөнөсүң.

8. Жашооңо “тез” деген нерсе кирип баштайт. Анткени, адам китепти тез окуп баштаганда, тез түшүнүп, тез анализдеп,тез сүйлөп, тез ойлонуп баштайт.


Тез окуу курсуна окуйм деп жүргөндөр болсо, сиздер үчүн соонун жаңылык🎉

Бул баракчадан окуй аласыз⬇️

https://www.instagram.com/gulmira_jigitalieva/profilecard/?igsh=eHRqank0Y3lsMWJk


Китеп окууну адат кылуудагы негизги эрежелер:

1. Өзүң жакшы көргөн жааттагы китептерди оку, ал китепке болгон сүйүүнү жаратат жана арттырат.

2. Өзүңдү кыйнабай окууну адат кыл, 1-2 саат отуруп китеп оку жакпаса, 10-15 мүнөт оку.

3. Регрессиясыз (кайталабай) окууну үйрөн, бул китепти бат окууга, жана түшүнүктүү жогорулатууга жардам берет.

4. Туруктуу китеп оку, күн сайын кайталанган иш, бара-бара адатка айланат.

5. Өсөм, өнүгөм деген адам сөзсүз түрдө китеп окуусу керектигин, өзүңө кайталап айтып тур.

6.Китеп окуганды жактырган, китепкөй менен достош, соц тармакта аларга катталып ал, бара-бара сен дагы китепкөйгө айланасын бир күн.

7. Өзүң суусап турган китептерди оку, бул баш ооруганда - парацетемол сыяктуу бат таасир берип, натыйжа көрсөтөт бат эле.


https://www.instagram.com/reel/DDe-pjyNhd2/?igsh=aXJmcnZsdTZrZWRo


- Намаз окуюн десем жетишпей калат экенмин…
- Беш убак намазын окубаган кишинин башка иштерди жакшы кылышына ишенбейм.

-Алган илим- билимим жукпай жатат, пайда бербей жатат…
- Илимди такыбалык менен алыш керек. (Такыба-Аллах буюрган нерсени кылып, кайтарган нерседен тыйылуу.) Күнөө,арам күмөн иштерден тыйылып, илим алуу жана соода кылуу чыныгы берекени алып келет.

PS: Намазды калтырып туруп, ишимди кылам десең, ал ишиңде береке болбойт, илим-билим алам десең жукпайт, анткени, биринчи орунда ибадат болуусу керек. (Бул биздин жаралуу миссиябыз)


-Байлар бейишке эң акыркы кирет, бай болуу жаман…
-Аллах алдында күчтүү мусулман алсыз мусулмардан өйдө. Мусулмандар бай болушу керек


Мусулман адам кандай болушун азыркы соц тармак такыбалардан үйрөнүүдөн көрө, Абдуллах сымал олуя адамдардын өмүр баянын окуу бизге көбүрөөк пайда берет. Бул китепти ар бир адам окуусу керек✅


https://www.instagram.com/p/DDcf-j9NFy1/?igsh=MTQ0bmZyaXVxN3lncg==


Китептен алган инсайттарым⬇️

Телефонду, негизи эле гаджеттерди колдонуудан мурун “колдонуудагы максатты” тактап, аныктап алып анан колдон, бул нерсе вертуалдуу жашоонун курмандыгы болбооңо жардам берет .

Соц.тармактагы тааныбаган адамдарды, өзүңдүн ата-энең, бир туугандарыңдан көрө жакын көрүп алба, реалдуу жашоо менен вертуалдуу жашоону айырмасын түшүн, болбосо азыркы шылуундар- акчаңды эле эмес, жан дүйнөңдү да кошо кууратат.

Санариптик сабаттуулукка ээ бол, болбосо оңой эле алдамчыларга жем болуп бересиң. Гаджеттерди кандай колдонуу керек, эмне пайда, эмне зыян баарын түшүн.

Гаджеттердин- психикаңа, ден-соолука, жан-дүйнөңө канчалык таасир берерин ойлонуп, ошого жараша колдон, гаджеттерди деп жаш өмүрүңдүн гүлүн эрте курутуп алба.


Гаджеттерди туура колдонбоо- стресс, депрессияга алып барып, самооценкага таасирин тийгизишин билет белеңиз? Депрессия, стресс болуп жатсаңыз, 2-3 күн телефон колдонбой жүрүңүз, өзүңүзгө келип каласыз ошондо…🦢


Адам өзүн таануусу үчүн канча китеп окуусу керек?⬇️


Китеп окуп жатам, пайдасын бербегенден кийин окууну таштап койдум деген сөздөрдү угуп калам.
Эми ошол адамдарга суроо бергим келип жатат, сиз китепти кандай максатта окуйсуз?
1 Өнүгүү үчүнбү?
2 Зерикпеш үчүнбү?
3 Китеп окуган адам болуп көрүнүү үчүнбү ?
4 Китеп окуганды жактырганыңыз үчүн окуйсузбу?
Кандай максатта китеп окушуңузду билбедимго, бирок, китептер кандай максатта жазылышын мен билем…
Китеп маалымат берүү, маалымат алмашуу максатында жазылат, авторлорго максатына жетип, окурмандарга маалымат берип жатат, а бирок, окурмандарчы, ал маалыматты алып жеп коюп жатабы, же ал маалыматты > колдонуп, амалга ашырып жатабы? Айтайын дегеним, китепти биз кандайдыр маалыматка ээ болуп, аны колдонуу үчүн окуйбуз, негизги максатыбыз ушунда.
Эми адам өзүн таануусу үчүн канча китеп окуусу керек десек, окурмандык милдетти канчалык жакшы аткарып, алган маалыматтарды, амалга ашырып, аткарса, ошончо аз китеп окуса да өзүн таануусу жеңил болот.
Айтайын дегеним: 1000 китеп окуп да, ал жактагы маалыматтарды жашоодо колдонбосок, эч качан өзүбүздү тааный албайбыз…✉️

https://www.instagram.com/reel/DDXVBTvtWJl/?igsh=dDFraGRpZ3g3MWw=


Капастагы кыз инсайт:

1. Сүйгөндү, сүйүлгөндү үйрөнүү жашоону жеңил кылат. (Эгер адам сүйгөндү билбесе, анда ал адамдын жан дүйнөсүндө көйгөй бар)

2. Адамдын тагдыры өткөн өтмүшүнө байланган. Жети жашка чейинки калыптанган нерселер, өмүр бою жашообузга, чечимдерибизге таасирин тийгизет. ( Муну түшүнүү үчүн кичинекей мезгилиңизге кайтып, анан азыркы жашооңуз менен салыштырып көрүңүз)

3. Адам - өзүн кабыл алганда,өзүнү кечире алганда, өзүнү айыптоону токтотуп, кандай болсо ошондой кабыл алганды үйрөнгөндө гана өзгөрө алат.

4. Адамдарга керегинен ашыкчк байланып калуу, өзүндү унутуп калууга алып барат. Ошон үчүн бардык нерсе нормасы менен болушу керек, жада калса сүйүү дагы.

5. Чечим чыгарганда сезим менен эле эмес, акылды да сөзсүз түрдө угуш керек, анткени, адам сезимдерин угуп жатып, айланасын көрбөй, укпай, келечегин ойлонбой калат.

6. Жашоодо эч качан адам өзүн таштап койбошу керек, адам өзүн таштап койгондо жашоо аны басынтууну баштайт.

Ушундай, жашоо силерди каалаган көйгө салганга чейин, жашоону каалаган көйгө салып, жашап калгыла✅💚


Көптөн бери мындай таасирдүү китеп окуй элек болчумун, бүгүн окуп болдум, бул китепти окуп баштаган баштап - өзүмө, жашоого болгон көз карашым өзгөрүп баштады, өзүмө жана жашоомо башкача көз карашта карай баштадым.
Бул китепти окуп болгончо канча ойлор,сезимдер жашап өткөнүн айта албайм.🫠
Жада калса бул китептен таасирленип бир нерселерди жаздым, жазып жатып көз жашым түгөнүп, башым ооруп баштаганда укташым керектигин түшүнгөн учурумда болду. 🫣 Китеп чыныгы жашоодон алынган, жана психиатр китептеги адамдарга жол көрсөтүп берип жатып, китептеги каармандарга эмес, ал китепти окуган адамдарга да жол көрсөтүп берген.
Китеп аябай жакты, жана ушул китепти белеке берген адамга да аябай ыраазы болдум, окуп болуп🦢

Китеп 100/10✅

Китептен алган инсайттарымды эртең жазам🫶🏻


Китепке болгон сүйүүм бөлөкчө, билбейм, бул сүйүү кайдан, кантип жаралган.
Балким, жардамга муктаж болуп, караңгыдан жарыктыка чыгууну каалаганымда жолумдан шам чырак болуп чыга келген ушул китептер болгон чыгар, ошон үчүн китепке болгон сүйүүм өзгөчөдүр…

Адам чынында - өзүнө эң көп жардам берген, түшүнгөн, камкор, колдогон, уга билген, дайыма жанында жүргөн адамдарды жакшы көрөт эмесби, ушул нерсени атамдан кийин эле китептен көрө алдым, ошон үчүн жан досумдай көрөм китептерди, моюндайм, ушул китептер болбогондо дагы деле караңгы жашоодо, маанисиз, бактысыз жашоодо жашамак элем.❤️

Эмне үчүн китеп окуйсуз?
Эмне үчүн китеп окуган жагат?


Сүйүү кээде өлүмгө да токто дей алышы мүмкүн экен…


Окуучулук мезгилде ушундай китептерди окуганымда, окуп жүргөндө кыйын болуп кетет белем деп калдым🤓

Китепте аябай соонун кеңештер айтылыптыр, эми айтылган кеңештерди ишке ашырсаң китеп 100% пайдасын тийгизет жашооңо🤝

-Кыялың көккө алып учса, максатка жетүү үчүн таштаган кадамың аны ишке ашырат.
Ушундай цитаталары да бар экен.
Алгач эреже> түшүндүрмө> цитата болуп кеткени мага жакты.

Китеп 10/10✅


Тамактанганча китеп окуу📖

Жаныңда китеп алып жүргөндү адат кылуу, китеп окууну адат кылууга чоң жардам берет.🤝


«Ак пайгамбар артынан,
Барбайсынбы адамзат.
Айткан сөзүн Курандын,
Укпайсынбы адамзат.

Алла Таала динини,
Тутпайсынбы адамзат.
Пайгамбардын сөзүнү,
Укпайсынбы адамзат».

(Тоголок Молдо)
Кыйын кыргыз📖

Показано 20 последних публикаций.