zhamgyr💦


Channel's geo and language: Kazakhstan, Kazakh
Category: Books


Жан дүйнөмө kош keлдиң✨
Жамгыр менен эсke түшчү адамдар бар...💦

#махабат
#поэзия
#жөн_эле_ойлор

✍️ @ais_kitepchi

Related channels

Channel's geo and language
Kazakhstan, Kazakh
Category
Books
Statistics
Posts filter


Аллахтан башка
эч кимден,
эч качан,
эч нерсе күтпө!
Өзүңө ишен, өжөр бол!✨




#zhamgyr💦


Орозоңуздар кабыл болсун!🫶🏻


Альхамдулиллах❤️

🫶🏻Аллахka шүгүрлөр жана мактоолор болсун🤲🏻





#zhamgyr💦


Жүрөктөр эс алат❤️




Ким менен дени сак мамиле кура алсаң, ошол адам менен турмуш курасың…

Кыздардын укуктары, кыздарды билимге, өнүгүүгө багыт берген ойлорумду жазганда жигиттерден “эже кыргыз кыздарды кыргыз жигиттерге турмушка чык деп айтпайсызбы, сизди көп кыз угат, аларды туура жолго салыңыз” деп тапшырма берген каттарын жазышат…

Кечээ, сүйгөн эмес тарбиясыз жигиттер тийишет, жеке чек араңды тебелейт деп оюмду айтсам Фейсбуукта чоң эле байке “кыргыз кыздарга укук, эркиндик берип койсоң ушинтишет анан, кыргыздын кыз түбүнө жетет” деп жазыптыр…

Мен мындай каттарга, пикирлерге таң калбай калдым, бул кааласак-каалабасак да коомдун жүзү болуп келе жатат…

Ооба билимдүү, тарбиялуу жигиттер да көп, бирок менин пикирмде, билимдүү кыздын баарына жеткидей билимдүү жигит жок биздин коомдо…

Азыр кыздар аябай өнүгүп, окуп, дүйнө кыдырып, өзүн эле эмес, үй-бүлөсүн кошо сүйрөгөн аракетчил кыздар көбөйүп жатат… Анан суроо жаралат, ал кыздардын баарына кор кылбай, алаканга салып алчу кыргыз жигиттери барбы?

“Кыргыз кыз кыргыз жигитке турмушка чыгуусу керек, эже сен айт кыздарга” деп мага тапшырма берээрден мурун, бул кыздар эмне үчүн кыргыз жигитин эмес, башка улуттагы жигитти тандап жатат деп өздөрүнө, айланасындагы жигиттерге суроо берүүсү керек…

Биз кандай болгондо кыргыз кыздары чет элликтерге эмес, бизге турмушка чыгат, деп өздөрүнө, аракеттерине анализ жасоолору керек менимче.

Түшүнгөнгө бул да сонун демилге, мотивация.

Себеби билимдүү, сүйлөгөн сөзү ордунда, өзүн тааныган, өзүн барктаган кыз, ким менен дени сак мамиле еура алса ошол адам менен баш кошот…

Азыр жалгыз кыргыз кыздары эле чет элдик жигиттер менен турмуш куруп жаткан жок. Чет элдик кыздарга үйлөнгөн жигиттер да абдан көп.

Демек “кыргыз кыргыз менен турмуш курса сонун болот эле” деп кыялдана турган болсок, кыргыз кыргызды барктай алгыдай, эмоционалдык, моралдык жактан жетилип, дени сак мамиле курганды үйрөнүүбүз керек…

Себеби адам, кызбы, эркекпи, ким менен дени сак мамиле кура алса, ошол адам менен турмуш курат…

Формула өтө жөнөкөй, эч ким эч кимди “сен кыргызга тий, кыргызды ал” деп үгүттөп акыл үйрөтүүгө кажет жок, ар бир адам дени сак мамиле курганды үйрөнүүнү өзүнөн баштоосу керек…


© Айсулуу Алмаз🫶


Tуура "өзгөрдүм"
себепсиз 1 жалбырак да жерге түшпөйт..🍂
Мүмкүн өзгөрүүмө аралык, убакыт себепчидир...
Кээде ушунчалык кыйынчылыктар болот.. үй-бүлөңдү, бир туугандарыңды сагынасың.. баарына кол шилтеп кетип калгың келет..
Бирок өмүр, алсыздарды жакшы көрбөйт.
Ар бир кыйынчылыктын жемиши бар❤️
Азыркы кыйналганыңдын баары убактылуу..
мага ишен❤‍🩹




#zhamgyr💦


Кол чатырсыз жамгырда жалгыз басканды сагындым...
Ыйласам эч кимге көргөзбөй жууп салганын сагындым🫶🏻

Кыштын, кардын да өзгөчөлүгү бар, бирок эч эле жамгырга окшото албай жатам🫠




#zhamgyr 💦


https://instagram.com/___zhamgyr___?igshid=OGQ5ZDc2ODk2ZA==




Инстаграм баракчабыз ачылды, кирип колдоп коюнуздар🫶


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Жамгыр кимди эсиңизге салат?💦



#zhamgyr💦


Түн... уйкумдан ойгонуп кеттим, адатта мындай болчу эмес.
Эмнегедир саатты карадым... 05:09 (багымдатка убакыт бар ичимден)
Биринчи оюма сен келдиң...
Жүрөгүнүн согушу, ойлуу көз карашы, назик жана кыска жылмаюусу, добушу, мага кылган мамилесине..
... (намаз окуп уктайын дедим) бирок ойлонуп таң атырдым:)

Кутман таң!✨



#zhamgyr💦


#ӨзүМенен🍂


Өз-өзүң менен баарлашуу абдан оор экен, жүрөгүм ооруп турат..💔
Оюма биринчи келген ушул үч суроо,
..эмне кылып жатам?
..эмне кылдым?
..эмне кылам?
~ойлонсом көзүмө уйку келбей, чыйпылыктап ызаага мууна түшөм...🥀
Келечекке карай✨


#ОйЛоруМ🫶
#zhamgyr💦


#үнсүзДиалог💔



-Жок дегенде бир жолу көрүшүбүз керек...
Сен өзүң деле мени көргүң келип турат, билип турам.
Мен сени кандай сагынсам, сен да мени ошондой сагындың, сен менсиз жашай албай баратасың..
Көчөдөн карааны көрүнүп калабы деп сен да мени издейсиң!
Баш чайкаба, баары ошондой, сен менден кеткенден кийин катуу өкүндүң, ыйладың..
Мен да ошенттим, ушунун баарын сага айтып беришим керек, сол тарабым катуу ооруйт да турат..
Суранам кел жоолугалы, жок дегенде бир жолу...🫶🏻



#zhamgyr💦


Кечээ жамгыр, бүгүн суук🌬️
~Кыш келээрин кабарлап жатат бейм...
...бул жылы келет деп күткөм, колдорум үшүп жатат...🍂
.
.
.
.
#намёкология😂🫶🏻


Күздүн эмнеси жагат?
Poll
  •   Атмосферасы✨
  •   Жамгыры💦
  •   Сүйүктүүмдү жоолуктургам❤️
  •   Окуу жылынын башталышы 👩‍🏫
  •   Жалбырактын түшүүсү🍂
19 votes


Сага айткым келген ушунчалык көп сөзүм бар)...🫶
.
.
.
.
.
🍂күз,жамгыр...анан CEH❤️
Баарын өзгөчө сени жактырам🫶🏻


Бүгүнүм..-дөн:)

-(ойлорум)
Эмнеге баары мен каалагандай болбойт?
Максатым, үмүтүм өчтү..🥀
-(устазам)
Себепсиз 1 жалбырак🍁 да жерге түшпөйт!
Унутпагыла, ар бир нерсенин себеби бар, бул жалбыракты да Аллах Таала кумурсканын үйүн жаап турсун деп түшүрдү балким..)✨


Унчукпай калба...
Эмне айткың келсе дароо айт... Ичиңде калбасын. Ар бир сөзүң мен үчүн маанилүү ❤️
Оюңдан эмнелер өтүп жатканын, эмнелерди сезип жатканыңды билгим келет... Унчукпай калба 🍂




#zhamgyr💦


Билем чарчадың...
денеңдин оорусунан, көөдөнүңдүн оорусу үстөмдүк кылууда...
ЧыДа, бул күндөр да өтөт...

~жөНэлеОйлор



#zhamgyr💦


«Баары көз караштан башталат, ар дайым.»


~С. Есенин

20 last posts shown.