Дил азык🌾


Channel's geo and language: Kazakhstan, Kazakh
Category: Quotes


Автордук укукту сактаңыздар!

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kazakhstan, Kazakh
Category
Quotes
Statistics
Posts filter


Келечектен көптү үмүттөндүргөн, көксөгөн нерсесине карай талпынган, жакшы бир досум менен сүйлөшүп калдым. Учурда өз өлкөбүздө ишкерлик менен алектенип жатат. Анын айткан сөздөрү жакшы таасир калтырды. Алар төмөнкүчө:
– Ырыскы издеп чет мамлекетке кетип калуу жакшы эмес экен. Ырыскы дагы кадимкидей таарынат окшойт деп калдым. Өз өлкөңдөн да табууга болот. Кыргызстан алдыда өсүп өнчү мамлекет. Бисмиллах деп бул жактан эле ишти кыла бериш керек - дейт..

Аллахым ушундай мыкты достордун санын көбөйткөн болсун. Эмне баштаба колдоп, коштоп турабыз дешет. Жакын достордон дагы бирөө күн сайын телефон чалып тилдеп турат. Ордуң бул жакта, мына иштерди кыл, тигилерди кыл деп. Ар дайым алдыга тарткан, артыңдан жакшылыкка түрткөн достор көп болсун.🤲

Дүйнө-акыретиңе пайдасы жок болгон достон кол үз. Чын эле дүйнө-акыретиңе бир пайда бере албаса, анын достугунан не пайда?

Дос дегени эки денедеги бир жан.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Мусулмандын абийири да аманат. Аманатты түшүнбөй, абийриң төккөн адамды "досум" деп атоо кыйын иш.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Же чындыктан өмүр бою качасың, анан бир өмүр татасың азасын. Же акыйкатты өзүң үчүн табасың, жашооңдо жаңы барактар ачасың.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Өтмүштү коё бер. Коё бергенден кийин да аны эске сала берчү адамдар болсо, аларды да коё бер.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Башка бирөөлөрдүн сен жок жерде айткан кебине эмне капаланасың! Барибир бетиңе айта албаган коркок адам экенин билип турасың го.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Тарыхта башка дин өкүлдөрүнүн өкүмдөрлары элдин аң-сезимин караңгы абалда кармап, акылдары өөрчүп кетпөөсү үчүн ар кандай айла амалдарды жасашкан. Бул үчүн атайын жазылбаган эрежелер да иштелип чыгып, бүгүнкү күнгө чейин иштелип келүүдө.. Ансыз да бирөөлөрдүн миссиясы үчүн иштеп, бирөөлөргө куурчак болуп жүрөбүз. Кемине өзүбүздүн адамдык сапатыбыздан тайып бара жатканыбызга кантебиз.

Ансыз да сырттан зыян көп болуп турганда – ичтен өзүбүзгө чоң зыян жеткирип жатканыбыз кандай?

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Если не знаешь лично, не суди публично.


Мен бармынбы, же жокмунбу билинбей,
Жашап жүрөм маркумдардын бириндей.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

1.7k 0 10 13 54

Алга карай талпынганың жактырам,
Сен башкасың, өзгөчөсүң жакшы жан.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Көкүрөктөн ооруганда сол жак жерим,
Көңүл менен айыктырдың дарыгерим.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Куштар учса канаттарын каккылап,
Мендик сезим ар күн сага талпынат.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Жаратканга чогуу сажда кылганы,
Жарашыктуу жаркылдаган жар күттүм.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Жүрөгүңдү бейкапар кылган, сыздаткан, ооруткан нерселерди, адамдарды коё бер. Ошондо ырахатта жашайсың. Кээ бир адамдарды коё берүү – желкеңден тоону алып койгондой эле сезилет.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


– Кимден үлгү аласың?
– Өзүмдөн.
– Өзүңдөн да үлгү алууга болобу?
– Ооба, мынчалык жаман адам болбош керек деп үлгү аламын.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


"Көздүү мончок жерде калбайт" - деп жүрүп канча кыздар бактысыз болуп кетишти экен..

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Аялдын кыянаты кечирилбейт. Анткени ал баарын сезим менен жасайт. Мейли ал жөн эле башка менен сүйлөшүү болсун, мейли жазышуу, мейли жылмайып коюу.. Аялдын жүрөгүнө бир учурда бир эле эркек бата алат. Эгер ал сага таандык болуп туруп, дагы башка менен алакада болсо, анда андан арылган жакшы.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Көпчүлүк жашоом кино болуп жатат дейт. Негизи кинонун сюжетин жашоодон алып тартышат. Чыныгы жашоонун сюжети ар кандай кинодон кызыктуураак.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


"Бирөөгө ишенип сырыңды айтсаң, ал башка бирөөгө айтып салса ага таарынба. Өзүң сактай албаган сырды башка бирөө кантип сактай алмак эле" - деген сөздү бир канча жылдан бери кайталап, амал кылып келчүмүн. Жараткан менен өзүңө гана маалым болгон нерселерди эч кимге айтпа. Эртең сырыңды ишенип айткан адамың ошол назик жериңе бычак уруп, же зыян берип кетиши толук ыктымал.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Көп нерсенин кадырына жете бербейбиз чынында. Дүйнөдө эмнелер гана болуп жатат. Азыр интернет өнүгүп, эми гана көрүп, күбө болуп жатабыз заалымдардын иш-аракеттерине. Салахуддин Аюбий Иерусалимди багындырганга чейин каапырлардын мусулмандарды аёосуз кырганын азыр интернеттен көрө алганыбызда кандай абал жаралмак экен.. кызык.. Же болбосо дүйнөнүн үшүн алган моңгол-татар империясынын кылган заалымдыктары, Чыңгыз хандын мусулмандарды кандай кыргынга учуратканы, жаш балдарды кул кылып сатып, эркектердин баарын өлтүрүп, аялдарды армиясындагы эркектерге таркатып бергендерин азыр кадимкидей интернет желесинен көрүп калсак эмнелер болмок?.. Эхх.. Жашоонун мыйзамы ушулбу, айтор дүйнөдө тынчтык өкүм сүргөн аз мынча гана жылдар болгон. Ар дайым, ар качан да дүйнөнүн кайсыл бир жеринде согушуу, адам өлтүрүү болуп турган.. Баткенге жакыныраак турганыбыз үчүн өзүбүздүн Баткендеги кырдаалга канча дүрбөлөңгө түштүк. Эми азыркы Палестина, Газа аймагын элестетүү кыйын. Дубаларда эстеп турсак жок дегенде..💔


Люди пишут, потому что их никто не слушает.
Люди читают, потому что их никто не понимает.

20 last posts shown.