ХАНАФИЙ МЕКТЕБИ


Channel's geo and language: Kazakhstan, Kazakh
Category: Religion


💻: ИСЛАМ ИЛИМДЕРИ АЛАКАНЫҢДА !
📡: ССЫЛКА | TELEGRAM :
https://t.me/hanafimektebi
📡: ССЫЛКА | WHATSAPP :
https://chat.whatsapp.com/C2DJKMO7tYDBMM6UpkhWwc
АДМИН:
+996773998969

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kazakhstan, Kazakh
Category
Religion
Statistics
Posts filter


اعوذ بالله من الشيطان الرجيم

بسم الله الرحمن الرحيم

الحمد لله رب العالمين

والصلاة و السلام علي رسولنا محمد و علي اله و صحبه اجمعين

✨✨✨✨✨✨✨
Ассаламу алайкум, урматтуу мусулман бир туугандарым!

Сиздердин жан дүйнөңүздөрдү аруулаган, ынтымакты, кечиримдүүлүктү жана мээримдүүлүктү тартуулаган Орозо Айт майрамыңыздар менен чын дилибизден "Ханафий мектеби" эмгек жамааты куттуктайбыз!
🎊🎊🎊🎊🎊🎊

Айттын алдындагы Алла Таала ыроологон улуу орозо тилибизди, дилибизди, жүрөгүбүздү, жан дүйнөбүздү ыйман нуру менен нурдантты, ибадат менен аруулады.Орозо бизди чыдамкайлыкка, сабырдуулукка, нээматтын баркын билүүгө үйрөттү. Ушул айда тапкан-туткан соопторубузду, жакшылыктарыбызды төгүп-чачып албай, кийинки Рамазанга чейин, ал тургай өмүр бою сактайлы.

Рамазан тартуулаган касиет бизди мыкты момун кылып тарбияласын. Ыйык Рамазан айы – өзүбүздүн напсибиз менен күрөшүүнү баарыбызга үйрөткөн мектеп болду. Жараткан Алла Улуу Рамазан айында туткан орозолорубузду, кылган ибадаттарыбызды кабыл кылып, келээрки жылы ушул ыйык күндөрдө сак-саламат жетүүнү насип кылсын!
Алла Таала жергебизге тынчтык, элибизге ынтымак, тауфик, үй-бүлөбүзгө, ден соолук, береке, мамлекетибизге өнүгүү берсин. Орозо Айтыңыздар маарек болсун!
✨✨✨✨✨✨✨

https://t.me/hanafimektebi


Ассалам алейкум, урматтуу ага – ини, эже – карындаштар! Баарыныздарды келе жаткан Орозо айт майрамыныздар менен куттуктайбыз!

Берекелуу Кадыр тун кечесинде, өткөнкү айлампада дуба кылынгандан бери, 13 группадан турган ыктыярчылар жамаатыбыз менен жалпы 202 Куран Хатым топтолгон эле, мына ошол хатымдар, маркумдарга, оорулууларга жана жалпы мусулмандарга багышалып отурат, Алла Таалам кабыл кылган болсун. Учурдан пайдаланып, биздин ыктыярчылар жамаатына жана ар бир группанын админдерине тереӊ ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Төмөндө ушул убакытка чейин, аты – жөнү жөнөтүлгөн маркумдардын, оорулуулардын жана ийгилик сураган бир туугандардын тизмелери жайгаштырылган. Мына ушул тизмедегилерге жана биздин ыктыярчылар жамаатына жана жалпы дубага муктаж мусулмандарга багыштадык. Алла Таалам кемчиликсиз кабыл кылып, эселеген сооптор менен сыйласын.

1. МАРКУМДАРДЫН ТИЗМЕСИ:

https://telegra.ph/MARKUMDAR-03-28

2. ДЕН СООЛУК ТИЛЕГЕНДЕРДИН ТИЗМЕСИ:

https://telegra.ph/DEN-SOOLUK-SHYFA-03-28

3. ИЙГИЛИК, ХИДАЯТ Ж-Н БАКТЫЛУУЛУК ТИЛЕГЕНДЕР ТИЗМЕСИ:

https://telegra.ph/BAKTYLUULUK-HIDAYAT-IJGILIK-suragandar-03-28

Алла Таалам баарын кемчиликсиз кабыл кылсын, билип билбей кетирген катаачылык, күнөөлөрүбүздү кечирген болсун. Амалдарыбызга, өмүрүбүзгө жана иштерибизге береке берген болсун.

Бул тизмеге аты жөнү кирбей калгандар жана кийинки түшүрүлгөн хатымдарды багыштоону каалагандар болсо, төмөндөгү номерге аты – жөнүн жазып жөнөтсөӊүздөр болот.


Ал эми ким үч күндө бир пара т.а ( 20 бет) окууга дарамети жетсе, биздин катарга ыктыярчы болуп кошулса болот. Биз менен катарга кошулуу менен бирге, көптөгөн пайдаларды табасыз:

1. Куран сүйүүчүлөр чөйрөсүнө кошуласыз
2. Куранды калтырбай окуу дициплинасына түшөсүз
3. Билинбестен бир жылда 4 жолу Куран хатым түшүрөсүз
4. Зээниӊизди курчутасыз

Ж.б.у.с көптөгөн жакшылыктарга эргешесиз, Аллахым баарыбызды Куран ээлеринен кылсын.

📞 Белгиленген номер (Куран багыштоо үчүн тизмелерди каттоо)
(+996774023371 Сабира)

(Куран хатымга ыктыярчы болуу) каттоо:
(+996778110211 Бибимариям)




✨✨✨✨✨✨✨✨
26-март 2025ж.кечки саат 23:00до

2⃣0⃣2⃣-КУРАН ХАТМГА
дуба берилет.
Дубага катышыңыздар!

Палестиналык мусулман бир туугандарга,  тизмеде аты аталгандарга
ДУБА КЫЛЫНАТ.

🎙ДУБА КЫЛУУЧУ УСТАЗ:
КЕНЖЕБАЕВ МИРЛАН

Ассалам алейкум, урматтуу ага – ини, эже – карындаштар!

🔊🔊🔊🔊🔊🔊🔊🔊

▪️ «Ханафи Куран хатым» аттуу 1⃣ группа ачылып, азыркы күнгө чейин 13 хатым группа болуп, Куран окугандар көбөйүп, өсүүдө, Мурдагы Орозо айынан бери, 2 жылдан ашык ар үч күн сайын бирден Куран хатым бүтүрүп келе жатабыз!

▪️ Мурда кылынган Куран Хатым дубаларды кошсок, өткөн орозодон бери 1⃣5⃣0⃣9⃣КУРАН ХАТЫМ БҮТТҮ.
Ал эми март Ыйык Орозо айына карата 
2⃣0⃣2⃣ Куран хатым бүттү. Булардын баарын Палестиналык бир туугандарга , аты аталгандарга жана бардык мусульмандарга багыштадык.

Ар эки айдын аягында же башында, окулуп бүткөн Куран хатымдардын сообун, Алла жолунда бардык маркумдарга, үммөткө жана атайын аты жөнүн жазып жөнөткөн бир туугандарга (оорулуулар, кайтыш болгондор, кыйналып жаткандар, ийгилик тилегендер ж.б.) багыштоодобуз.
Ким аты жөнүн жаздырып, дуба кылдырууну кааласа, төмөндөгү үлгүдөй кылып жазып, белгиленген номерге кайрылыңыздар!

"Маркумдар" же болбосо "Шыпаа сурагандар "-деп  фамилия, атын толук жазыңыз. Төмөндөгү үлгү менен.

1. Асанов Нуртилек
2. Абдраимов Нурбек
3. Абсамат кызы Бурулсун

♦️ Ал эми ким Куран окуганды билсе, үч күндүн ичинде 1 пара Куран окуй алса, ыктыярчы болуп биздин катарга кошулса болот.

☑️  Бул демилгенин ыктыярчылар үчүн пайдалары:

1. Куран окуу дисциплинасына түшөсүз. (Кээ бир адамдар, талап болбосо, Куран окубай жүрө берет, ошондой абалдан чыгасыз).

2. Айлампа кылып окугандыктан (бөлүнгөн пара, экинчи жолкуда берилбейт 30 пара бүткөнгө чейин) ар үч айда 1, бир жылда 4 жеке хатым бүтүп турат.

3. Бир жылда бир группада 30 адамдан турган жамаат менен, 120 Куран хатым бүтөт.

4. Зээнибизди курчутабыз, ынтымакты чыңдайбыз, жүрөгүбүздү Куранга байлайбыз.

📞 Белгиленген номер (Куран багыштоо үчүн тизмелерди каттоо)
(+996774023371 Сабира)

(Куран хатымга ыктыярчы болуу) каттоо:
(+996778110211 Бибимариям)

📖 Жүрөктө Куран жашасын!

🔖: Хадис:
«Жакшылыкка жол көрсөткөн, аны кылганга тете» Тирмизи: 2670
Биздин катарга кошулуңуз!

Ссылка (телеграм):
https://t.me/hanafimektebi

Ссылка (инстаграм):
https://www.instagram.com/invites/contact/?i=1dl5b8cs918vi&utm_content=i48fv8t

Сунуш - пикирлер боюнча (Админ):
+996773998969 (ватсап)


33 - Куран хатым
280-Ясин
1  -   Бакара
615 -Мүлк
6 -    Рохман
10  - Вакиа
100-Фатиха
45  - Паралар
759 513-Зикир' калима
34300-Салават.

Ас-саламу ъалайкум уа рохматтуллохи уа барокатуху.

"Ханафий мектеби" окуу борбору  жамааты тарабынан'
ушул окулган Куран хатым, зикир, салаваттар биздин окуучубуз, ошол эле убакта мектебибиздин устазасы Жазмина Жолдошбековага багышталат.

Дуа берген устаз;
Абдулазиз Калмурза уулуу

https://t.me/hanafimektebi

“Ханафи Мектеби” Куран хатым жамаатына жана жалпы биздин катарга кошулуп хатым, зикирлерди багыштаган бир туугандарыбызга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз🤲🏻


Жазмина Жолдошбекова аттуу ыкластуу окуучуларыбыздын бири аманатын тапшырыптыр туугандар, ата - энесине жана жакындарына окуу борборубуздун атынан терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, Аллахым бейишинен орун берсин!

إِنَّا ِلِلَّٰهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ

Баарыбыз Аллага таандыкпыз, баарыбыз Аллага кайтабыз!

Кимде Куран хатым, паралар болсо хадия кылсаңыздар болот, төмөндөгү номерге кабарлап койсоңуздар.

+996 778 110 211


Ассалам алейкум достор, ушул залкар аалым тууралуу жазылган постту, эӊ көп бөлүшүү кылган 5 адамга приз ойнотобуз, ким канча адамга бөлүшкөн болсо, төмөндөгү номерге кабарлаӊыздар ! Буюрса келээрки жума дал ушундай пайдалуу маалыматты пост кылып чыгарып, жеӊүүчүлөрдү эскерүү менен, дагы да флешмобду улантабыз.

1-орун: 1000 сом
2-орун: 500 сом
3-орун: 300 сом
4-орун: 200 сом
5-орун: 100 сом

Номер:

0998998919

Көпчүлүгүбүз, тарых бетине тамга басып кеткен, кыргыз же түрк элдеринин арасында гана эмес, жалпылай Ислам журтчулугунда изги иштерди аткарып кеткен, залкар аалымдарыбыз тууралуу биле бербейбиз. Себеби алар тууралуу изилдөөлөрдү, кыргыз тилинде кеӊири маалыматтарды табуу кыйын. Мына ушундай жетишсиздикти жоюуга далалаттанып, аз да болсо алар тууралуу негизги маалыматтарды котормолоп, электен өткөрүп тактап, сиздер менен бөлүшүп турууну ылайык көрдүк.

Залкар аалым Сирожиддин Оший

Биринчи бөлүм: Жашап өткөн доору:


Сирожиддин Оший, Ош шаарында туулган жана өскөн. Ош шаары өз убагында өтө өнүккөн шаар болгон, анын чеби, дубалы жана үч дарбазасы бар болгон. Ал Сейхун дарыясынын аркы жагында, Орто Азиядагы Фергана облусунда жайгашкан. Сирожиддин Оший бир нече бийлектердин заманында жашап өткөн, төмөндө анын жашап өткөн мезгилиндеги, ошол аймактагы бийликтер тууралуу азын оолак баяндадык.

Караханиддер доору:
Караханиддер династиясынын ичиндеги бөлүнүүлөр 433-жылдан (1041-жыл) башталган. Ушул жылдан тартып кош хандык системасы (хан жана анын милдеттеши) токтоп калган. Хаан Юсуф Кадырхандын өлүмүнөн (424-жыл/1032-жыл) кийин, Айн ад-Даула Мухаммад ибн Илек Наср өзүнүн бийлигин Озкенд шаарында орноткон. Ал эми Хаан Сулейман ибн Кадырхан Юсуф (хаандын улуу мүчөсү) Хотан жана Кашкар шаарларында жашаган.

Караханиддер династиясы экиге бөлүндү:

Чыгыш бөлүгү: Борбору Баласагун шаарында, кийинчерээк Кашкарга көчүрүлгөн. Ага Фергананын чыгыш бөлүгү, Кашкар, Баласагун жана башка шаарлар кирген.

Батыш бөлүгү: Борбору Озкенд шаарында, кийин Самаркандга көчүрүлгөн. Ага Мавераннахр, Фергананын батыш бөлүгү, Хожент жана Озкенд шаарлары кирген.

Селжуктар доору:
Меликшахтын өлүмүнөн (485-жыл) кийин Селжуктар мамлекети начарлап, бир туташ мамлекет бөлүнүп калган. Меликшахтын уулдары – Мухаммад, Баркиярук, Санджар жана Махмуд – ортосунда талаш-тартыш башталган. Бул талаш-тартыштар 511-жылга чейин уланган. Санджар ибн Меликшах чыгыштагы Селжуктардын султаны болуп, ал эми Махмуд ибн Мухаммад ибн Меликшах батыштагы Селжуктардын султаны болгон. 513-жылы Санджар жеңишке жетишкен.

Каракитайлар доору:
Караханиддер мамлекети 536-жылдан (1141-жыл) тартып начарлай баштаган. Каракитайлар Түркстан жана Мавераннахрды басып алышкан. Караханид хааны Арсланхан Мухаммад ибн Сулейман Кытай менен чек араны коргоого аракет кылган, бирок Каракитайлардын ханы Күрхан анын аскерлерин талкалаган. Арсланхан Селжук султаны Санджардан жардам сураган. Санджар 70 миң атчан аскер менен жардамга келген, бирок Каракитайлар анын аскерлерин жеңип, Санджардын аялын туткунга алышкан. Каракитайлар Мавераннахрды 89 жыл башкарган.

Каракитайлардын акыры:
Каракитайлардын бийлиги 607-жылга (1210-жыл) чейин уланган. Хорезмшах Алауддин Мухаммад аларга каршы күрөшүп, айрым күчтөрдүн, айрыкча моңголдордун жардамы менен, Каракитайлардын бийлигин жоюп, алардын мамлекетин кулаткан. Каракитайлар мусулмандар менен моңголдордун ортосундагы тоскоолдук болгондуктан, мусулман дүйнөсү моңголдордун чабуулдарына дуушар болгон.


Экинчи бөлүм: Аты, теги, насабы, лакап аты, кунясы жана туулган жылы.

Биринчиден: Аты, теги жана насабы:

Аты жөнү: Али ибн Осман ибн Мухаммад ибн Сулейман ибн Али же Халид.

Теги: Тейми; Тейм уруусуна таандык.
Тейм: Аял кул кылган эркектин аты. Тейм уруусу Курайш уруусунун бир бутагы. Тейм уруусунан чыккан белгилүү инсандар: Сахаба Абу Бакр ас-Сыддык (радыйаллаху анху) жана анын уулдары, Талха ибн Убайдуллах (радыйаллаху анху) жана анын уулдары, Фахруддин ар-Рази жана башкалар.

Толугу ссылкада… ⬇️

https://telegra.ph/SIROZHIDDIN-OSHIJ-03-14

📖: Хадис:
«Жакшылыкка жол көрсөткөн, аны кылганга тете» Тирмизи: 2670

Ссылка (телеграм):
https://t.me/hanafimektebi


✨✨✨✨✨✨✨✨
Ас-саламу ъалайкум уа рохматтуллохи уа барокатуху.

Рамазан айы – тынчтыктын, сабырдуулуктун, кечиримдүүлүктүн, берекенин ыйык айы. Бир ай бою жакшылыкка үмүт байлап, жакшы ниет менен орозо кармаганга ниет кылган жалпы мусулман бир туугандарыбызга Аллах Таала соопторун берсин🤲
Ушул айда ыйман нуру ар бирибиздин жүрөгүбүзгө жылуулук тартууласын!
Орозо айында муктаждарга жасаган соопчулук, кайрымдуулук ишиңиздер көп болсун, андан ары да улана берсин!
Ар бир үйгө токчулук, береке, ырыс-кешик каалайбыз!
Ар бириңиздерге пайдалуу илим алууну насип кылсын 🤲

Кармаган Орозоңуздар кабыл болсун!
Аллахым "РАЙЙАН" бейиши менен сыйласын!

Иордания мамлекетиндеги «Ханафий Мектеби» Ислам илимдерин окутуу борборунун эмгек жамааты, Ыйык Рамазан менен куттуктайбыз!

https://t.me/hanafimektebi

✨✨✨✨✨✨✨✨


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Ассаламу алайкум уа рохматуллохи уа баракатуху

Жагымдуу жанылык!!!
- Араб - тилин үйрөнүүчүлөр үчүн жаңы сабак башталат.
Эгерде сиз да арабча окуганды билсениз жана араб - тилин дагы да терең окууну кааласаңыз бул курс сиз үчүн.

📚Сабак 3 китептен өтүлөт.
1️⃣ العربية بين يديك
2️⃣ دروس اللغة العربية
3️⃣ التكلم
Каалаган 1 китепти тандап, тайпага кошуласыз.

Сабактар жумасына 3 күн, 1:30 сааттан болот.

Сабак акылуу.

Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү номурга байланышыңыз:
+962 709509868

+962796709271


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
🪄 Касиеттүү РАМАЗАН айын пайдалуу, жемиштүү өткөзөм деген айымдар үчүн “ БЕРЕКЕЛҮҮ РАМАЗАНЫМ” аттуу 36 күндүк марафонуна чакырабыз🤩

📌24-февраль башталат.
🕕21:00

❓СУРОО- ЖООПТОР

📲ар жума сайын катышуучулардан жумалык жыйынтыктар алынат.

🎙Сабактар ZOOM платформасында өтүлөт жана ар бир сабак сакталат.

📌 Сабак өтүүчүлөр:
Иордания мамлекетинин Бүткүл дүйнөлүк Ислам Илимдер университетинин,Ханафий факултетинде, докторантуранын студенттери:

• Исмаилов Ырысбек
•Абдыкадыр уулу Улукбек

жана устазалар:
•Абдыкасиева Мунара
•Шарапова Алтынай

📌Акысы: 1200с

Реквизиттер:
Оптима:
4169585354127655
Ш.А.Ш

МБАНК:
+996 509302027
А.Шарапова

Сурап билүү жана катталуу: +962781502934( what’s app)


Ассалам алейкум. 🤗

Достор, эми биздеги жаңы маалымдамалдарды, керектүү материалдардан тез - тезден кабардар болуп туруу үчүн, төмөндөгү *ХАНАФИ МЕКТЕБИ* борборунун ватсаптагы расмий каналына кошулуп алыңыздар !

Каналдын ссылкасы:


https://whatsapp.com/channel/0029VaOBA8lChq6GI1xd0H3H

Жакындар менен бөлүшүүнү унутпайбыз.

📖: Хадис:
«Жакшылыкка жол көрсөткөн, аны кылганга тете» Тирмизи: 2670


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Ассаламу алайкум уа рохматуллохи уа баракатуху

Жагымдуу жанылык!!!
- Араб - тилин үйрөнүүчүлөр үчүн жаңы сабак башталат.
Эгерде сиз да арабча окуганды билсениз жана араб - тилин дагы да терең окууну кааласаңыз бул курс сиз үчүн.

📚Сабак 3 китептен өтүлөт.
1️⃣ العربية بين يديك
2️⃣ دروس اللغة العربية
3️⃣ التكلم
Каалаган 1 китепти тандап, тайпага кошуласыз.

Сабактар жумасына 3 күн, 1:30 сааттан болот.

Сабак акылуу.

Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү номурга байланышыңыз:
+962 782 032360


Сентябрдан- Январь айына чейин 355 КУРАН ХАТЫМ дубасы

БҮТКҮЛ КЫРГЫЗ ЭЛИНЕ, ТИЗМЕДЕГИ МАРКУМДАРГА, ШЫПАА, ИЙГИЛИК, БАКТЫЛУУЛУК, ХИДАЯТ СУРАГАНДАРГА ЖАНА
ПАЛЕСТИНАЛЫК МУСУЛМАН БИР ТУУГАНДАРГА , ЖАЛПЫ ЭЛЕ МОМУН МУСУЛМАНДАРГА АТАЛДЫ.

ТИЗМЕЛЕРДИН БААРЫ, КОММЕНТАРИЯГА ЖӨНӨТҮЛДҮ.

ХАТЫМДАРГА ДУА КЫЛГАН,
УСТАЗ АБДУЛАЗИЗ КАЛМУРЗА УУЛУ.

https://t.me/hanafimektebi




✨✨✨✨✨✨✨✨✨✨
30-январь 2025ж.кечки саат 21:00до

3⃣5⃣5⃣-КУРАН ХАТМГА
дуба берилет.
Дубага катышыңыздар!

Палестиналык мусулман бир туугандарга,  тизмеде аты аталгандарга
ДУБА КЫЛЫНАТ.

🎙ДУБА КЫЛГАН; 
АБДУЛАЗИЗ КАЛМУРЗА УУЛУ

Ассалам алейкум, урматтуу ага – ини, эже – карындаштар!

🔊🔊🔊🔊🔊🔊🔊🔊🔊🔊

▪️ «Ханафи Куран» аттуу 1 группа ачылып, азыркы күнгө чейин 16 хатым группа болуп, Куран окугандар көбөйүп, өсүүдө, Мурдагы Орозо айынан бери, 2 жылга жакын ар үч күн сайын бирден Куран хатым бүтүрүп келе жатабыз!

▪️ Мурда кылынган Куран Хатым дубаларды кошсок, өткөн орозодон бери 1⃣3⃣0⃣4⃣КУРАН ХАТЫМ БҮТТҮ.
Ал эми январь айына карата 
3⃣5⃣5⃣ Куран хатым бүттү. Булардын баарын Палестиналык бир туугандарга , аты аталгандарга жана бардык мусульмандарга багыштадык.

Ар бир айдын аягында же башында, окулуп бүткөн Куран хатымдардын сообун, Алла жолунда бардык маркумдарга, үммөткө жана атайын аты жөнүн жазып жөнөткөн бир туугандарга (оорулуулар, кайтыш болгондор, кыйналып жаткандар, ийгилик тилегендер ж.б.) багыштоодобуз.
Ким аты жөнүн жаздырып, дуба кылдырууну кааласа, төмөндөгү үлгүдөй кылып жазып, белгиленген номерге кайрылыңыздар!

"Маркумдар" же болбосо "Шыпаа сурагандар "-деп  фамилия, атын толук жазыңыз. Төмөндөгү үлгү менен.

1. Асанов Нуртилек
2. Абдраимов Нурбек
3. Абсамат кызы Бурулсун

♦️ Ал эми ким Куран окуганды билсе, үч күндүн ичинде 1 пара Куран окуй алса, ыктыярчы болуп биздин катарга кошулса болот.

☑️  Бул демилгенин ыктыярчылар үчүн пайдалары:

1. Куран окуу дисциплинасына түшөсүз. (Кээ бир адамдар, талап болбосо, Куран окубай жүрө берет, ошондой абалдан чыгасыз).

2. Айлампа кылып окугандыктан (бөлүнгөн пара, экинчи жолкуда берилбейт 30 пара бүткөнгө чейин) ар үч айда 1, бир жылда 4 жеке хатым бүтүп турат.

3. Бир жылда бир группада 30 адамдан турган жамаат менен, 120 Куран хатым бүтөт.

4. Зээнибизди курчутабыз, ынтымакты чыңдайбыз, жүрөгүбүздү Куранга байлайбыз.

📞 Белгиленген номер (Куран багыштоо үчүн тизмелерди каттоо)
(+996774023371 Сабира)

(Куран хатымга ыктыярчы болуу) каттоо:
(+996778110211 Бибимариям)

📖 Жүрөктө Куран жашасын!

🔖: Хадис:
«Жакшылыкка жол көрсөткөн, аны кылганга тете» Тирмизи: 2670
Биздин катарга кошулуңуз!

Ссылка (телеграм):
https://t.me/hanafimektebi

Ссылка (инстаграм):
https://www.instagram.com/invites/contact/?i=1dl5b8cs918vi&utm_content=i48fv8t

Сунуш - пикирлер боюнча (Админ):
+996773998969 (ватсап)


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
КУРАНДЫ КАТАСЫЗ ОКУГУҢУЗ КЕЛЕБИ?😍
Аны менен биргеликте ижаазага ээ болууну каалайсызбы?

Анда сизди ТАСХИХ жана ИЖААЗА курсубузга чакырабыз!
🧕🏻Бул курс жалаң гана айымдарга арналат!

Курсубузда Куранды баштан-аяк устазанын көзөмөлүндө катасыз окуп, тапшырасыз✅

Курсту ийгиликтүү аяктап, экзаменден өтсөңүз, Иордания мамлекетиндеги "Ханафий мектеби" Ислам илимдер окутуу борбору тарабынан ижаазага
ээ болосуз📝🔥

📆Сабактар жумасына
3 же 5 жолу өтүлөт!

📞Катталуу үчүн:
0778-11-02-11 номерине
ватсаптан жазыңыз!

Орундар чектелүү!

@hanafi_mektebi


🔊 *Жагымдуу жарыя!* 🔊

❤️ *Бактылуу үй бүлө* ❤️
аталышындагы кезектеги бир айлык сабагыбызга каттоо башталды.

📜 Бул сабакта сиз шариятыбыздын негизинде бактылуу үй бүлө кандай курулуп, өмүр кечирүүлөрү керектиги боюнча кызыктуу маалыматтарга ээ болосуз.

📆 Сабак ар аптанын экинчи жана бешинчи күндөрү

⏰ Бишкек убактысы менен 20:00 болот.

Өтүлүүчү темалар:

📌 Үй бүлө куруунун маанилүүлүгү
📌 Үлгүлүү жубайлардын сыпаттары
📌 Үй бүлөдөгү кызматтар
📌 Үй бүлөлүк адептер
📌 Үй бүлөдөгү укук жана милдеттер

📌 Үй бүлө курууга даярдык ж.б.


👳🏻‍♂️ Сабак өтүүчү: Устаз Болот Абдылда уулу

📝 Катталуу үчүн +962796709271 ватсап номерине байланышыңыз.

✅ Жакындарыңыз менен бөлүшүп жакшылыкка себепчи болуңуз.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
✨✨✨✨✨✨
АС-САЛАМУ ЪАЛАЙКУМ УА РОХМАТТУЛЛОХИ УА БАРОКАТУХУ.

🇯🇴 Иордания мамлекетиндеги «*ХАНАФИЙ МЕКТЕБИ*» Ислам илимдер окутуу борбору тарабынан

▪️Тасхих
▪️Тахфиз
▪️Тажвид
▪️Араб тили
▪️Сарф
▪️Нахви
▪️Фикых
▪️Акыйда
▪️Тафсир
▪️Хадис

жана башка көптөгөн илимдерден сабактар өтүлүп келет.

▪️Сабактар акылуу жана акысыз тарифтер мн өтүлөт.

▪️Акылуу сабактарды ийгиликтүү бүтүргөн талабалар үчүн сертификат жана ижазалар ыйгарылат.


‼️ ТҮШҮНДҮРМӨ:

“Ижаза деген эмне?” - деген көптөгөн суроолор келип жатат, мына ушул суроого кененирээк төмөндө түшүндүрмө калтырдык.

▪️СЕРТИФИКАТ - ТАСТЫКТАМА

Кайсы бир багытта курска катышкандыгын аныктаган тастыктама.

Тастыктама адатта атайын бир тармакта гана берилбейт, диний болсун же диний эмес болсун бардык тармакта ыйгарылат жана сертификатта автордук уруксатнааманын берилүүсү шартталбайт.


▪️ИЖАЗА – УРУКСАТНААМА

Кайсы бир багытта илим алганын жана ал илимди, белгиленген шарттарда башкаларга жеткирүүгө, устаздын шакиртине уруксат бергендигин аныктаган уруксатнаама.

Ижаза адатта диний багыттагы илимдерде чынжырча (санжыра) менен ыйгарылат жана ижазаны ыйгарып жаткан устаздын пайгамбарыбызга чейинки же китептин авторуна чейинки устаздардын чынжыры (санжырасы) көрсөтүлүп, тастыкталып жана башкаларга жайылтууга уруксат берилет.

Учурда биздин каналда эң актуалдуу «*КУРАН ИЖАЗАСЫ*» боюнча сабактар өтүлүп келет, бул сабакта, окуучу устаз/устазанын көзөмөлүндө Куранды башынан аягына чейин окуп өткөрүп, Ислам дүйнөсүндө кенен жайылган Хафыс кырааты боюнча ижазага ээ болот.

Окуучу ижазага ээ болуу менен, Куранды туура окууну жана башкаларды туура окутууга жол алат жана тажрыйбасыз, ката окуткандардын тузагына түшпөйт.


▪️ «*ХАНАФИЙ МЕКТЕБИ*» Ислам илимдер окутуу борбору. Иордания, Амман.

«*ИСЛАМ ИЛИМДЕРИ АЛАКАНЫҢДА *»

https://t.me/hanafimektebi


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Ас-саламу ъалайкум уа рохматтуллохи уа барокатуху.
🔊🔊🔊🔊🔊🔊🔊🔊
Урматтуу ага-инилер!
Атайын мырзалар үчүн ТАСХИХ курстарына каттоо башталды.
Куранды баштан-аяк устаздын көзөмөлүндө катаасыз окуп, тапшырасыз.

🇵🇸
Иордания мамлекетиндеги "Ханафий мектеби" Ислам илимдер окутуу борбору тарабынан экзамен жыйынтыгы менен Ижазалар тапшырылат.

📆Сабак жадыбалы:
📎Жумасын 3️⃣күн окутулат.

📝катталуу жана терең маалымат алуу үчүн:
0778-11-02-11 📲

https://t.me/hanafimektebi

2k 0 13 15 8

Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Ассалам алейкум, урматтуу ага - ини, эже - карындаштар, семинар боюнча азыраак баяндама бере кетүүнү туура көрдүк, убакыттар зымырап, көз ачып жумганча бир топ убакыт өтүп кетиптир. Кыргызстандагы зыяраттардан улам ушундай абалга тушугуп калдык.

▪️ Алла Тааланын жардамы менен, “Пайгамбарлык Мурас” аттуу семинарыбыз эң мыкты деңгээлде өттү деп ишенебиз. Колдон келген бардык аракеттерди кылууга аракет кылдык, Алла Таалам мындан ары да арышыбызды кенен кылсын. Келген коноктордун баары пайда алып, ыраазы болуп кеткен болсо, анда биз максатыбызга жеттик.

📌 Семинарды өткөрүүгө жардамын көрсөткөн бардык ага - ини, эже - карындаштар, устаздарга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Өзгөчө:

📌 Конокторго алтындай убактысын бөлүп, пайдалуу лекциясын өткөн жана андан сырткары бардык колунан келген көмөгүн берип, Иорданиянын үлгүлүү жүзүн көрсөткөн устаздар:

- Элдияр Көбөнов,
- Олжобай Алимбеков,
- Мирлан Кенжебаев,
- Тилек Зарылбеков,
- Мухаммадалим Халил,
- Ильяс Насирдинов
- Алишер Камбаралиев
- Болот Абдылда уулу
- Абдулазим Хашим уулу
- Абдулмажид Бегбутаев


📌 Ошондой эле, өзгөчө терең ыраазычылыкты, тикесинен тик туруп, жеңилибизди жерден, оорубуздун колдон алып, кызматта болгон ыктыярчылар тобуна билдиребиз:

- Бибимариям Камолдинова
- Мунара Калмурзаевна
- Жаныбек Таштанбеков
- Токторбай уулу Гани
- Мухаммад Асатиллаев
- Асель Аалиева
- Адия Шаймерденова
- Барыктабасова Гулкаир
- Ахунбаева Мухтасар
- Алиева Нурзат

📌 Мындан сырткары, жакшылык иштин жардамчысы бололу, устаздардын, энелердин, студенттердин батасын алалы деп, алып баруучулук кызматын аркалап берген, “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун негиздөөчүсү:

- Эрлан Смайл уулу агабызга терең ыраазычылык.

🔖 Жалпы жамааттын атынан, жолдун узактыгына карабай, Кыргызстандын региондорунан (Ош, Баткен, Жалал - Абад) облустарынан бери ат арытып келген конокторго ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Баарыңыздарды терең урматтоо менен, сиздердин кызматыңыздарда жүргөн:

- Абдулазиз Калмурза уулу.

_____________________

20 last posts shown.