Жерге дале адам жетпей жаткансып,
Апа неге, анча азапка баткансың?
Келе калып бул дүйнөгө бузулган,
Дедиңби же балам баарын сактасын.
Бирок анда деңиз толкуп,
жер деле жарылбаган.
Төрөлбөптүр сен ойлогон,
Дүйнө сактап калчу балаң.
Жөн эле төрөлүптүр,
Кыялкеч да бир адам...
Апа неге, анча азапка баткансың?
Келе калып бул дүйнөгө бузулган,
Дедиңби же балам баарын сактасын.
Бирок анда деңиз толкуп,
жер деле жарылбаган.
Төрөлбөптүр сен ойлогон,
Дүйнө сактап калчу балаң.
Жөн эле төрөлүптүр,
Кыялкеч да бир адам...