🔷Эгер ата-энеңдин көзү бар болсо, аларга жакшы мамиле жаса, сөзүн ук, сыйла, колуңдан келген жакшылыгыңды кыл. Жаза аткарган ишке жараша болот. Ата - энеңе кандай мамиле кылсаң, балдарыңдан ошондой мамиле күт.
🔷Балдардын көзүнчө бири - бириңер менен такыр урушпагыла. Балдардын көзүнчө бири-бириңдин кадырыңарды түшүрбөгулө Жубайлар бири-бирин кандай урматтаса, балдар да аларды ошондой урматтайт. Ата - энеге тил тийгизген, кол көтөргөн, карабай таштап кеткен балдардын дээрлик баары кичинесинен ата-энесинин уруш-талашын көрүп чоңойгон балдар.
🔷Үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда байланыш үзүлбөсүн. Ата-эне жумуш менен алек болуп, балдары телефондон колу бошобой, үй -бүлөдө байланыш такыр үзүлүп калган учурлар болот. Мындай үй-бүлөдө (эгер аны үй - бүлө деп атай турган болсок кандайдыр бир көйгөй пайда болсо, аны чечүүнүн жолу табылбайт.
🔷 Тилиң менен айтканды колуң менен аткар. Сөзүң башка, амалың башка болсо, балдарыңа эч качан тилиң өтпөйт. Бала тамырчы деп коёт. Аны алдап коюуга болбойт. Айтканын кылганына дал келбейби бүттү, балдарды башкара албайсың.
🔷Балдардын жүрөгүнө Аллахтан коркуу сезимин киргизүүгө аракет кыл.
☝🏻Ушул эң зарыл жана натыйжалуу иш. Эгер балада Аллахтан коркуу сезими пайда болсо, бул сенин жеңишин. Эми үйдө тынч отура берсең болот. Балаң кайда жүрбөсүн, ким менен жүрбөсүн, аны жамандыктан кайтарган Аллах аны менен бирге.
🔷 Балдардын ден-соолугуна көңүл бур. Баланын оорукчан болуп калуусу, анын жашоого болгон кызыгын кетирет, кайдыгер болот. Ата-эне, бир туугандарына, мээри болбойт, кекчил, башкаларды бүт жек көргөн адам болуп калат.
👤Автор: Алайчы Сеитбеков.
📔" ЧЕЧИМ " китебинен.