Тез окуу | Эс тутум


Channel's geo and language: Kazakhstan, Kazakh
Category: Books


Тез окууну үйрөнүү жолдору📚
Методика, көнүгүүлөр🔍
Мисалдар📊

Related channels

Channel's geo and language
Kazakhstan, Kazakh
Category
Books
Statistics
Posts filter


Ассаламу алайкум урматтуу окурман достор!!!

Сиздер учун соонун жанылык!
Баарыныздарды "БИРГЕ ОКУЙБУЗ" долбоору тарабынан уюштурулуп жаткан "РОББИМ МЕНЕН ТААНЫШАМ" аттуу конкурска чакырабыз.

Бул конкурста Аллахтын 99 ысым-сыпаттарын жаттайбыз. Конкус старт алгандан баштап 1 ай убакыт берилет, ошол 1 айда Аллахтын 99 ысым-сыпаттарын жаттайбыз. Конкурс тест турундо, онлайн форматта отулот.

Сыйлыктар:
1-орунга: "Ислам үммөтүндөгү тарыхтын агымын өзгөрткөн улуу 100 инсан" китеби + 2000сом
2-орунга: "Дүйнө базарындагы саалихтер" китеби + 1000 сом
3-орунга: "Соңку дем" китеби берилет.

КОНКУРСТУН ШАРТТАРЫ:
1. ТЕЛЕГРАММ БАРАКЧАГА КАТТАЛУУ
https://t.me/birge_okuybuz
2. ИНСТАГРАМ БАРАКЧАГА КАТТАЛУУ
https://instagram.com/birge_okuibuz_dolbooru?igshid=OGQ5ZDc2ODk2ZA==
3. УШУЛ НОМЕРГЕ "МЕН КАТЫШАМ" ДЕП ЖАЗЫП КОЙОСУЗ
+79998603658

Ушул шарттарды аткарсаныз болду, сиз конкурстун катышуучусу болосуз.

ЭСКЕРТУУ!!!
20-октябрда конкурска старт берилет. Ошого чейин катталып, жетишип калыныздар.

БААРЫНЫЗДАРГА ИЙГИЛИК😇🤗




Video is unavailable for watching
Show in Telegram


КЫЯЛДАНУУГА АР БИР АДАМДЫН АКЫСЫ БАР.

Кичинекей кезимден аябай көп кыялданчумун, ал убакта алсыз, эч нерсени түшүнбөгөн, мектепте жакшы окубаган кыз элем, бирок ошондой болсо да көп кыялдана берчүмүн.
Кыялдарым оюма келе берип, аракет кылуума түрткү берчү, ошентип жүрүп, окуумду жетиштирдим, окуудан сырткары да көп нерсеге кызыга баштадым, ыр, бий, китеп окуу, диктор айтор ушул сыяктуу нерселер. Анан эле карасам 11 класс болуптурмун, ЖРТ га даярдануу деген нерсе мээмди чагып жаткан, ошол учурда деле алтын сертификат алам же мектеп боюнча эң көп баллды алам деп, ошол кезди элестетип кыялдандым, андан сырткары Бишкекте окуйм деген да болчумун.
Ошентип кыялым орундалып мектеп боюнча көп балл алдым, бирок, Бишкеке үйдөгүлөр жибербей койду, ошого өлө ыйлагам, Бишкекте окуйм дедим эле деп. Бирок ыйлагандан пайда болбоду.
Психологияга тапшырам дедим, адамдарга жардам берем, материалдык жактан жардам бере албасамда, моралдык жактан жардам берем деп. Атама ага да макул болбоду, анткени Ошто психологияда бюджет жок болчу, анда да ыйлап туруп алдым, акыры атам макул болуп окуп калдым, балым мн Бишкекте окусам болмок, бюджетке да өтөт элем, бирок, биздин тууган-тушкан жок деп жиберишпеди.
Макул дедим ичимде, баары бир Бишкеке барам, окуйм деп быйылкы жылга пландагам, мына ошол планым орундалып отурат шүгүр. (Бишкектемин ишим, чөйрөм, өзүмө деген ишенимим бар Альхамдулиллях)
Кыялыма жетмейинче, аябай дуа кылам, ойлоном, аракет кылам, тообо келге барам, анан кыялыма жетем, жетип келем шүгүр.
Тууган-тушканым жок эле, таанышым деле бармак мн санай турган шаарда жүрөм, айылдык кыздын кыялы Бишкекте окуу эле, андан кийин Америкада билим алуу эле, Бишкеке келе алдымбы демек Америкага деле бара алам Ин Ша Аллах.
Кийинки адрес Америка буюрса:)✈️
Кыялдануу жашоону кооз кылат, а ошол кооздукту кээ бир адамдар бузгусу келет, ошол бузгусу келген адамдарга моюн бербеңиз, анткени бул сиздин, сиздин гана жашооңуз.❤️

PS: Кыялданыңыз, айылдык болосузбу, кем багал болосузбу, окууңуз начар болобу, ден-соолугуңузда проблема болобу кыялдана бериңиз, жөн гана кыялданбай: дуа, аракет кылыңыз, натыйжасын болсо Аллахка тапшырыңыз.

@gulmira_jigitalieva
https://www.instagram.com/p/Cub4pT6sWfE/?igshid=YjgzMjc4YjcwZQ==


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
#көнүгүү


Окуйм дегендер чатка " +" калтырабыз⬇️




• УШУЛ СУРООГО ЖООП ИЗДЕЙ БЕРЕМ❤️‍🩹

Такыба аял (кыз) кандай болот, биз жашап жатткан заманда такыба болуу мүмкүнбү, мүмкүн болсо кантип боло аламын?

Бул суроо мени эле эмес көпчүлүк кыздарды, (аялдарды) да ойлондурса керек.

• Аялдар ушунчалык назик алсыз болгондуктан, тез ишенип, көп нерсеге тез азгырылып кетет. Азыркы учурда телефон иштетпеген адам жокко эсе, телефон иштеткен адамдардын баары эле жөнөкөй адам эмес, бирөө өзүн жарнама кылып, бирөө өзүнүн билимин бөлүшүп, бирөө болсо товарын сатып элге таанымал болуп, элдин көз алдында жүрөт. Аны көргөн жөнөкөй адамдар болсо, менда ушинтип телефонго чыксам жыргап кетем деп, колунан келишинче тик ток, инстаграмга өзүн чыгарып, убактын кетирип жатышат, өзүн чыгарбаса деле инстаграм, тик тик токтон башы чыкпай калгандар толтура.

Эмнеге бул нерсени айтып жатам, анткени, азыркы учурда эң глобалдуу маселе ушунда жатат да, аялдар - балдарын, үй-бүлөсүн, кыздар - келечегин ойлонбой телефон караса, анда өзүн эле эмес, бүтүндөй бир коомду караңгылыка түртөт туурабы?

📲 Анан да такыба болууга аракет кылайын десең телефон эң чоң тоскоол болот, телефон колдонбой кою деген жок, бирок, туура жака колдонуу деген бар. Телефон бизге иштесин, биз телефонго иштебей.

📍• Абу Хурайрадан (р.а) риваят, Пайгамбарыбыз (с.а.в) : " Аял качан беш убакыт намаз окуса, өзүнүн уяттуу жерин сактаса жана күйөөсүнө баш ийсе, ал бейиштин каалаган эшигинен кирет".

📖 Бүгүн "Бейишке татыктуу аял" китебинде ушул риваятты окуп,аял ушул иштерди аткарса такыба болот экен да анда деп калдым, анткени такыбалар бейишке кирет да.

• Аял беш убак намазын калтырбай окуусу үчүн ыймандуу болуусу керек, ыймандуу болуу үчүн көп китеп окуу керек, анткени китепте бизди ыймандуу кыла ала тургандай маалыматтар, сөздөр бар. Аял киши-акылдуу болсо, ыймандуу да, сабрдуу да, күчтүү да боло алат, акылдуу болуу үчүн-сөзсүз түрдө китеп окуп, көп билимге ээ болуусу керек.

• Такыба болууга аракет-китеп окуудан башталарын мен дагы эми билип келе жатам, ошого биргеликте китеп окуп, такыба бололу жакшыларым.🫂


https://www.instagram.com/p/CtmfUFDMEsJ/?igshid=MTc4MmM1YmI2Ng==


Китепти тез окуу үчүн адамдын көзүнүн талаасы чоң болуусу керек, көздүн талаасын чоңойтуу үчүн ушундай көнүгүүлөрдү кылуу керек.

Тез окууну үйрөнүү үчүн мага катталыңыз.✅️


https://www.instagram.com/reel/Ctlu4kAPq_m/?igshid=MTc4MmM1YmI2Ng==






Айырмаларды табабыз😍


Китеп окуган жакпайт.

Көпчүлүк жаштарда ушундай көйгөй бар, китеп окуганча телефон чукуу жакшы, анткени анда көңүл ашчу нерселер аябай көп.

Бирок! Сиз китеп окуп баштасаңыз эмнелер күтүп жатканын билбейсиз, ошон үчүн дагы китеп окууга кызыкпайсыз.

Көпчүлүк китеп окусаң боп кетесиң, байып кетесиң, ийгиликтүү болуп кетесиң дейт.

Бирок сиз ага көңүл бурбаңыз. Анткени сиз өзүңүз үчүн окуңуз! Ийгиликтүү адам болуу үчүн эмес, адам болуу үчүн окуңуз.
Өзүңүздүн идеялыңыздагы адамды калыптандыруу үчүн окуңуз.
Башкалардын оюнанда, алгач өзүңүздүн оюңузду угуу үчүн окуңуз.
Башкалардын сизге акыл үйрөтпөөсү үчүн китеп окуңуз.

Сиз окуп баштаңыз,ошондо гана өзгөрүүнү көрөсүз, ошондо гана китеп окууга кызыгып баштайсыз.

PS: Өзүңүз үчүн китеп окуңуз.

Пост пайдалуу болгон болсо: лайк басып, бөлүшөбүз.❤️😊

@gulmira_jigitalieva
@gulmira_jigitalieva
https://www.instagram.com/p/Cgw72ZDsC7U/?igshid=MDJmNzVkMjY=


Китепти ачып окуп кете албайм.

Билем сизда китепти ачып окуйун десеңиз эле каалооңуз качып кетет.
Же болбосо канча китеп окууну каалбаңыз эч эле китепти колуңузга алып окуй албайсыз.

Мунун себебин балким изденип,таппагандырсыз.

Бирок мунун жообу оңой, сизге китеп бурчу керек.
Эмне үчүн китеп бурчу?
Анткени сиз үйүңүздөгү кичинекей китеп бурчун көргөнүңүздө, сөзсүз ал жака барасыз. Китепти ачып окуп баштайсыз, бара-бара ал бурч сиз үчүн жашооңузду өзгөртүүчү бир бурчка айланып баштайт.

PS: Үйүңүзгө (бөлмөңүзгө) атайын китеп окуу бурчун даярдаңыз жана өзүңүзгө жаккан китеп, дневник,сүрөттөрдү коюп койуңуз.

Анан натыйжасын көрөсүз.👍😁

Кылган болсоңуз, анда сиз ийгиликтүү адам болуу үчүн алгачкы кадамды таштаптырсыз, азаматсыз.😍

Пост пайдалуу болсо лайк,коммент,репост. (Башкаларда пайда алуусуна себеп болуңуз🫀)

@gulmira_jigitalieva
https://www.instagram.com/p/CguDZmLM9dM/?igshid=MDJmNzVkMjY=


Китепти эмне үчүн окуйсуз?

Бүгүн сөз, менде эмес сиздерде.🥰

Суроого жоопту комментарийге жазабыз.⬇️

@gulmira_jigitalieva
@gulmira_jigitalieva
https://www.instagram.com/p/ChIBsHTMtKz/?igshid=MDJmNzVkMjY=


📚Китеп окуу:

1. Сизди акылдуу кылат
2. Сиздин сүйлөгөн сөзүңүз көркүнө чыгып, маңыздуу кылат
3. Фантазияңызды өнүктүрөт
4. Убакытты жемиштүү өткөрүп каласыз
5. Көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет
6. Көңүл буруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат
7. Жазуу жөндөмүңүздү өркүндөтөт

Пост пайдалуу болгон болсо:
❤Лайк
💬Комментарий
🚀Репост

@gulmira_jigitalieva
@gulmira_jigitalieva
https://www.instagram.com/p/ChFbHl2Le5e/?igshid=MDJmNzVkMjY=


📚Жумасына бир китепти кантип окууга болот?

1. Китептердин активдүү тизмесин түзүңүз.
2. Окуу ылдамдыгын жакшыртыңыз.
3. Күн сайын китеп окууга сарптаган убактыңызды пландаштырыңыз.
4. Тилкени коюңуз. Китептеги барактардын санын 7ге бөлсөңүз, бир күндө окуш керек болгон баракчалардын санын аласыз.
5. Окуу трекериңизди айдаңыз.
6. Эч качан окуудан баш тартпаңыз.

Пост пайдалуу болгон болсо:
❤Лайк
💬Комментарий
🚀Репост
https://www.instagram.com/p/ChCDeErMhy1/?igshid=MDJmNzVkMjY=


⬇️Эс тутумду жакшыртуу үчүн бир нече кеңеш. (2-бөлүк)

🔷 Өзүңдү ук. Айрым маалыматтарды билгенден кийин, аны жазгычка сүйлөңүз. Жана уктап жатканда, үнсүз бул жазууну күйгүзүңүз - анын астында укташыңыз керек. Бул тааныш, бирок эстеп калуучу нерселерди бекемдөөнүн эбегейсиз күчтүү ыкмасы.

🔷 Бир орунда отурба. Бөлмөнү айланып жүргөндө поэзияны, окуу китептерин жана сүйлөшүүлөрдү үйрөнүңүз. Чындыгында, сейилдөө мээни активдештирип, эс тутумуңуз бир топ жогорулаган.

🔷️ Айланаңызды өзгөртүңүз. Эгерде сизге бир кечинде эки экзаменге (же жолугушууга) даярдануу керек болсо, аны өзүнчө бөлмөлөрдө жасаңыз. Ар кандай жагдайларда эсибизде калган маалыматтар башыбызга аралашып кетпейт.
 
🔷️ Сөздөрдү ыргытып жибер. Көптөгөн үзгүлтүксүз текстти үйрөнүүнүн супер жолу, мисалы, ырдын сөзүн же сүйлөөнү. Бул текстти кайра жазып, ар бир сөздүн биринчи тамгасын гана калтырып, ошол сөздөрдү эсиңизге сактап жатканда, аны окуп чыгыңыз. Албетте, алгач түпнускасын карап көрүшүңүз керек, бирок аягында кыскартылган вариантын гана карашыңыз керек жана текст эсиңизде заматта пайда болот. Бул cheat баракчасын өзүңүз менен алып кетүү абдан ыңгайлуу.
 
🔷️ Көбүрөөк уктаңыз. Бир нерсени үйрөнгөндөн кийин канчалык көп уктасаңыз, анда эртең менен бул маалымат эсиңизде калат. Ал эми уйкусуз түндөр эс тутумду кыйла начарлатат. Бардык студенттер ушул нерсени окуп, эске алышын каалайм. Эки экзаменге чейин билеттерди үйрөнгөнгө караганда, экзаменге чейин эки саат уктаган жакшы.

Пост пайдалуу болгон болсо:
❤Лайк
💬Комментарий
🚀Репост
https://www.instagram.com/p/Cg90I_0s1u9/?igshid=MDJmNzVkMjY=

19 last posts shown.

351

subscribers
Channel statistics