Азамат агай


Гео и язык канала: Казахстан, Казахский
Категория: Блоги


instagram.com/azamatkgde

Связанные каналы

Гео и язык канала
Казахстан, Казахский
Категория
Блоги
Статистика
Фильтр публикаций


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
🇩🇪 Германия жөнүндө кызыктуу фактылар — Эмнеге бул өлкөдө айлык маяна жогору?

Бул видеодо төмөнкү 5 негизги себепти билип аласыз:

1. Айлык эмгек акынын жогору болушу – Германиянын күчтүү экономикасы, жогорку билим деңгээли жана жумушчулардын эмгек өндүрүмдүүлүгү менен байланыштуу.

2. Социалдык камсыздоо системасы өнүккөн – Ар бир жаранга медициналык тейлөө, билим жана социалдык жардам жеткиликтүү.

3. Күчтүү өнөр жай – Өзгөчө автоунаа жана техника тармактарында көп жумуш орундар түзүлүп, жакшы маяна төлөнөт.

4. Жогорку салыктар, бирок сапаттуу кызматтар – Топтолгон салыктар жолдорду оңдоого, билимге жана үй-бүлөлөрдү колдоого жумшалат.

5. Билим берүү жана кесиптик даярдык – Германияда кесиптик билим берүү күчтүү өнүккөн, бул болсо жакшы адистердин көбөйүшүнө шарт түзөт.

🎥 Кызыктуу маалыматтарды билгиңиз келсе — видеону көрүп, досторуңуз менен бөлүшүңүз!

https://youtu.be/13ADsmF2w28?si=r9kmyn18UJvRi4Nn


📅 23 марта, 21:00 (по бишкекскому времени)
🇩🇪 Переезд в Германию: консультация и пошаговая дорожная карта

Здравствуйте! Меня зовут Азамат Токтакунов. Я сам прошёл путь переезда в Германию — от подготовки документов до трудоустройства и адаптации. Теперь я помогаю другим пройти этот путь быстрее и увереннее, без лишних ошибок и потерь времени.

На этой онлайн-встрече я:

🔹 Разберу основные пути переезда: какие визы есть и какая подойдёт именно вам
🔹 Покажу возможности для IT-специалистов: работа, Blue Card, оформление документов
🔹 Дам дорожную карту для первых месяцев жизни: жильё, страховка, налоги, бюрократия
🔹 Отвечу на ваши вопросы и помогу сориентироваться в индивидуальной ситуации

💡 Это не просто рассказ об опыте — это консультация с конкретными шагами и рекомендациями.

💰 Участие: 3 000 сом
📌 Полезная информация, рабочие схемы, реальные примеры и формат “вопрос-ответ”.

Чтобы записаться — напишите мне в личные сообщения: @azamatkgde


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
1. Германияда кесипкөй адистер жетишпейт — ар түрдүү тармактарда жумушчу күчүнө болгон муктаждык күчөп жатат.

2. Айрыкча дарыгерлерге, инженерлерге жана техникалык адистерге суроо-талап жогору — бул багыттарда бош орундар көп.

3. Чет элдиктер үчүн иштөө мүмкүнчүлүктөрү түзүлүүдө — немис тилин эң негизги деңгээлде билген жана көчүп келүүгө даяр адамдарга эшик ачык.

4. Мамлекеттик программалар аркылуу чет жактан адистерди тартуу аракеттери жүрүүдө — визаны жеңилдетүү, дипломдорду таануу сыяктуу жолдор ачылууда.

5. Документтерди алдын ала даярдап алуу маанилүү — билим, тажрыйба, тил билүү жана мотивация Германияда жумушка орношууда чечүүчү факторлор болуп саналат.


📅 23-март, 21:00 (Бишкек убактысы)
🇩🇪 Германияга көчүү: менин тажрыйбам жана кеңештерим

Саламатсыздарбы, мен Азамат Токтакунов. Мен Германияга көчүп келип, бул жерде жашоо жана иштөө жолдорун өз башымдан өткөрдүм. Эми ошол тажрыйбамды силер менен бөлүшүп, пайдалуу кеңештерди бергим келет.

🔹 Көчүү жолдору: кайсы визалар бар жана кайсынысы сизге туура келет?
🔹 IT адистер үчүн мүмкүнчүлүктөр: жумуш табуу, Blau Karte, ишке кирүү процесси
🔹 Жашоо маселелери: маяна, салыктар, страховка, батир табуу жана башка маанилүү нерселер

💡 Бул жолугушууда мен өз тажрыйбамдан мисалдар менен бөлүшүп, сиздердин суроолоруңуздарга жооп берем.

💰 Катышуу: 3 000 сом
📌 Орчундуу маалыматтар, практикадан өткөн кеңештер жана суроо-жооп форматы!

Катышууну кааласаңыз, мага жеке билдирүү жазып катталыңыз! @azamatkgde


Менин жолум – Limon.kgде

Балалык кезден баштап IT тармагындагы карьерага чейинки сапарымды Limon.kg басылмасына айтып бердим. Айылдагы жашоодон башталып, программалоого кызыгуудан улам Германияга чейинки жолум тууралуу кененирээк бул макалада окусаңыздар болот.

Толук маек: 🔗 https://limon.kg/ky/news:83311


8-Март майрамыңыздар менен!

Кымбаттуу энелер, эже-сиңдилер, апалар! Сиздерди жаздын эң сонун майрамы – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктайм! Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпей, жүрөгүңүздөр сүйүнүчкө, үйүңүздөр ырыскыга толсун! Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ийгиликтерди каалайм!

Сүйүү жана жылуулук сиздерди эч качан таштабасын! 🌸💐






Вебинарга презентация даярдадым. Жөн гана сатуучу материал кылып койбостон, өткөндө чыгарган баатырдыктын жолун айтиге аралаштырып, бир каармандын мисалында жасап көрдүм. Презентация өзүмө жакты. Zoom-жолугушууда бир аз шашып калдым окшойт. Бирок ага карабастан, курсубузга адамдар жазылышты. Аларды топко кошуп, тааныштым. Берлин, Тайснах, Любек, Рюген сыяктуу кызыктуу шаарларда жашаган биздин жаштар экен. Жөн гана жашап жүрбөстөн, айтиге кызыгып, билим алабыз дегени сүйүндүрөт. Буюрса, жакшы команда түзүлчүдөй деп үмүттөнүп жатам. Бир аз чарчагандаймын, бирок кантип туура эс алыш керек экенин билем. Эс алдым, энергия чогулттум.

Аны менен катар күнүмдүк иштеримди да унуткан жокмун. Негизи, тизме түзүп, продуктивдүү иштегенди жакшы көрөм. Азыр менин өзүмдүн системам бар. Эң негизгиси – Work-Life Balance бузулбаган, туруктуу адаттарды калыптандыруу. Ар дайым ошого көңүл буруп, эң биринчи – үй-бүлө, анан жумуш жана жеке иштерди бүтүрүүгө аракет кылам. Бирок аларды бүтүрдүм деп сүйүнүп отура бербестен, көп күч жана энергия талап кылган, "кийин жасайм" деген иштерден жок дегенде бирин аткарганга аракет кылам. Ошондо кандай күн болбосун, жатаарда билип турам – бүгүнкү күн бекер өткөн жок, жакшы иштерди жасадым.




https://us05web.zoom.us/j/81154838036?pwd=nSCfe1Vf6EmykfsiimUT2H4VWaOqU2.1

Вебинарга кириңиздер (Запись сакталат).


Салам! (Дублирую текст на русском ниже для тех, кому так удобнее.)

Ооба, мурунку анонстар бир аз расмий болуп кеткендей. Кыскасы, ушул жумада жаңы Java for Beginners курсу башталат! Катталуу ачылды – атайын сайтта azamatkg.de форманы толтуруп, андан кийин мени менен байланыш.

Айтмакчы, 26-февралда (шейшемби) Дортмунд убактысы боюнча 14:30 (Бишкек 19:30) Zoom'да бекер вебинар өткөрөм. Ал жакта IT карьерасын кантип баштаса болот жана Java курсу жөнүндө айтып берем. Ошондой эле, бардык суроолорго жооп берем.

Кызыктуу болсо – мага жаз!



Хотя сам вебинар будет на кыргызском, вопросы можно задавать и на русском.

Итак, на этой неделе стартует новый курс Java for Beginners! Регистрация уже открыта – заполняй форму на azamatkg.de и связывайся со мной.

Кстати, 26 февраля (вторник) в 14:30 по Дортмунду (19:30 по Бишкеку) проведу бесплатный вебинар в Zoom. Расскажу, как наконец-то начать карьеру в IT и что будет на курсе по Java. Отвечу на все вопросы.

Если интересно – пиши!


Салам! Ооба, мурунку анонстар бир аз расмий болуп кеткендей. Кыскасы, ушул жумада жаңы Java for Beginners курсу башталат! Катталуу ачылды – атайын сайт (azamatkg.de) аркылуу форманы толтуруп, андан кийин мени менен байланыш.

Айтмакчы, 26-февралда (шейшемби) Дортмунд убактысы боюнча 14:30 (Бишкек 19:30) Zoom'да бекер вебинар өткөрөм. Ал жакта азыркы күндө IT карьерасын кантип баштаса болот жана Java курсу тууралуу айтып берем. Ошондой эле, бардык суроолорго жооп берем.

Кызыктуу болсо, мага жаз!


🚀 Основы Java: live IT онлайн-курс – старт 1 марта!

Хотите освоить программирование и войти в IT? Начните с Java – одного из самых востребованных языков в мире! Этот курс поможет вам разобраться в основах, даже если вы никогда раньше не писали код.

Что вас ждёт?
✅ 2 месяца интенсивного обучения – чёткая структура, понятные объяснения
✅ Живые занятия 2 раза в неделю – разбираем код, пишем, тестируем
✅ Практика после каждого занятия – с проверкой и обратной связью
✅ Общение в закрытом чате – поддержка, помощь, ответы на вопросы
✅ Обучение на кыргызском языке. Материалы на кыргызском, русском и немецком
✅ Доступ к записям занятий – учитесь в удобном ритме
✅ Базовый курс – успешные студенты смогут перейти на следующий уровень

Этот курс для вас, если вы:
🔹 Хотите войти в IT, но не знаете, с чего начать
🔹 Пробовали учить программирование, но запутались
🔹 Хотите работать в международных IT-компаниях или удалённо
🔹 Готовы изучать Java и применять знания на практике

💡 Программирование – это не талант, а навык! Вы можете освоить его, если будете учиться с правильной методикой и поддержкой.

Кто ведёт курс?
📌 Азамат Токтакунов – профессиональный разработчик с 15+ годами опыта. Работал с различными проектами и командами. Подробнее обо мне 👉 toktakunov.com

📅 Старт: 1 марта
💰 Стоимость: 25 000 сом (275 €)
📩 Запись и вопросы: @azamatkgde

⚡ Ваш путь в IT начинается здесь – сделайте первый шаг!


🚀 Java программалоо негиздери – 1-март! 🚀

Сиз IT тармагына кирүүнү каалайсызбы? Java тилин үйрөнүп, карьераңызды баштоого эң жакшы мүмкүнчүлүк!

Курс тууралуу
2 айлык интенсивдүү программа
Жумасына 2 жолу live лекция (реалдуу код жазып үйрөнөбүз)
Практика жана тапшырмаларды текшерүү чатта
Нөлдөн баштап Java’ны өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү
Бул basics курс – ийгиликтүү аяктагандар кийинки деңгээлге өтөт!

Бул курс кимдер үчүн?
🔹 Программалоону жаңы баштаган жана IT тармагына кирүүнү каалагандар
🔹 Өз алдынча үйрөнүүгө кыйналгандар, бирок IT тармагына кирип, жумуш табууну көздөгөндөр
🔹 Чет өлкөгө чыгып же алыстан (remote) иштөөнү пландаган адистер
🔹 Java негиздерин үйрөнүп, иш жүзүндө колдонууну каалагандар

📌 Курсту ким алып барат?
Курс коммерциялык тармакта 15 жылдан ашык тажрыйбасы бар программалоо адиси Азамат агай. Мен иштеген жумуштар жөнүндө маалымат 👉 toktakunov.com

📅 Башталышы: 01.03.2025
💰 Баасы: 25 000 сом (275 €)
📩 Катталуу жана суроолор боюнча: @azamatkgde




«Путь героя»: как справляться с кризисами и расти

Каждый человек хочет быть готовым к переменам. Однако, когда они происходят, мы часто оказываемся растерянными, не зная, что делать дальше. Было бы намного проще, если бы у нас был сценарий, по которому разворачиваются ключевые события в жизни. Тогда мы могли бы заранее подготовиться и действовать осознанно. Такой сценарий действительно существует, и освоить его принципы довольно просто.

Что такое «путь героя»?
Американский исследователь мифологии Джозеф Кэмпбелл, изучая древние мифы, обнаружил, что большинство историй следуют одной и той же структуре. В своей книге «Тысячеликий герой» он описал универсальный сюжет, который лег в основу множества литературных произведений и фильмов. Эта концепция получила название «путь героя».

Он включает в себя 12 ключевых этапов, которые проходит главный герой, начиная с момента осознания необходимости перемен и заканчивая возвращением домой, уже изменённым. Этот шаблон лежит в основе многих известных историй — от приключений Гарри Поттера до путешествий Фродо Бэггинса и Люка Скайуокера.

Но самое интересное, что эти этапы можно соотнести и с нашей реальной жизнью. Карьерные изменения, поиск предназначения, преодоление кризисов — всё это элементы «пути героя». Разобравшись с его механизмами, можно научиться легче адаптироваться к переменам и быстрее достигать поставленных целей.

Основные этапы «пути героя»
1. Обычная жизнь
Каждое путешествие начинается с привычной рутины. Мы живём в знакомом мире, следуем установленным правилам и не задумываемся о переменах. Всё кажется стабильным.

2. Зов к переменам
Что заставляет нас двигаться вперёд? Обычно это внутреннее недовольство текущей ситуацией. Осознание того, что что-то должно измениться. Это может быть осознание профессионального застоя, кризис в отношениях или желание добиться большего.

3. Сопротивление переменам
Первой реакцией на зов часто становится отказ. Мы боимся неизвестности, сомневаемся, стоит ли рисковать, и ищем оправдания, чтобы ничего не менять.

4. Встреча с наставником
Чтобы преодолеть страх, нужен наставник — человек, книга, фильм или событие, которые дают нам мотивацию двигаться вперёд.

5. Шаг в неизведанное
Собравшись с силами, мы принимаем решение изменить свою жизнь. Это первый шаг к новому этапу — увольнение с работы, запуск проекта, переезд в другой город.

6. Первые трудности
На новом пути неизбежно появляются препятствия: страхи, ошибки, нехватка опыта. Они проверяют нашу решимость, но также дают шанс научиться новому.

7. Кризисный момент
Наступает точка, в которой кажется, что дальше двигаться невозможно. Мы испытываем сильные сомнения, и именно здесь решается, продолжим ли мы путь или отступим.

8. Внутреннее преображение
Если нам удаётся преодолеть кризис, мы обретаем новый взгляд на вещи, новые навыки и уверенность в себе. Мы уже не те, кем были в начале пути.

9. Проверка новых умений
Перед тем как завершить путь, судьба испытывает нас ещё раз. Но теперь у нас есть силы и знания, чтобы справиться с вызовами.

10. Возвращение домой
Пройдя через испытания, мы возвращаемся в привычный мир, но уже изменёнными. Мы понимаем, что прошлое больше не устраивает нас так, как раньше.

11. Закрепление опыта
Новые знания и навыки становятся частью нашей жизни. Мы осваиваемся в новой роли и закрепляем успех.

12. Передача опыта
Поделившись своим опытом с другими, мы не только помогаем им, но и закрепляем собственные достижения. Этот этап завершает цикл и может стать отправной точкой для нового путешествия.

Как применять «путь героя» в жизни
Теперь, когда вы знакомы с этим сценарием, вы можете осознанно применять его в своей жизни.

1. Осознавайте знаки перемен. Внимательно относитесь к моментам, когда чувствуете, что жизнь требует от вас новых решений.

2. Готовьтесь к трудностям. Перемены — это процесс, а не мгновенный скачок. Будьте готовы к испытаниям и ищите поддержку.

3. Не бойтесь идти вперёд. Важно помнить, что страх перед переменами — часть процесса, а преодоление трудностей делает нас сильнее.


Баатырдын жолу мен үчүн да сыноолорго, жеңиштерге жана өзгөрүүлөргө толо болду. Бирок мен кайрадан күчтөнүп, жаңы деңгээлге чыктым. Эми өз тажрыйбамды силер менен бөлүшүүгө даярмын! 🚀🔥


Баатырдын жолу: Өзгөрүүлөргө даяр болуу

Ар бир адам өзгөрүүлөргө даяр болгусу келет. Тилекке каршы, алар болгондо, эмне күтүп турганын көбүнчө билбейбиз. Эгерде жашоодогу ар бир маанилүү бурулуш алдын ала белгиленген сценарий боюнча жүрсө, биз ага даяр болуп, кандай аракет кылуу керектигин алдын ала билмекпиз.
Көрсө, мындай сценарий бар экен. Аны колдонууга үйрөнүү да анча татаал эмес.

«Баатырдын жолу» деген эмне?
Бул теориянын автору – Жозеф Кэмпбелл, америкалык мифолог. Ал 70 жыл мурун «Миң түрдүү баатыр» аттуу китебинде байыркы мифтерди изилдеп, алардын баары бир эле структураны карманарын аныктаган. Бүгүнкү күндө бул схема «Баатырдын жолу» деп аталат.

Бул жол каармандын өткөн 17 баскычын камтыйт: чакырыктан баштап, үйгө кайтууга чейин. Кийинчерээк бул теория 12 кадамга жөнөкөйлөштүрүлүп, адабиятта жана кинодо кеңири колдонулуп келет. «Баатырдын жолу» Гарри Поттер, хоббит Фродо, Люк Скайуокер жана башка көптөгөн каармандардын окуяларында көрүнүп турат.

Бул схема кадимки жашоодо да байкалат. Орто жаш кризиси, жаңы долбоор баштоо, өз жолуңду издөө – мунун баары каармандын сапары сыяктуу.
Эгерде бул циклдин кантип иштээрин түшүнсөк, кризистерди тезирээк жеңип, жетишкендиктерге жакындай алабыз. Андыктан анын жолдору менен жакыныраак таанышып алалы.

«Баатырдын жолунун» негизги баскычтары

1. Кадимки дүйнөдөгү жашоо.
Ар бир саякат башталууга тийиш. Бул биз туруктуу жашаган, өзгөрүүнү ойлонбогон абалыбыз. Бардык сапарлар ушул жерден башталат.

2. Чакырык. Бизди өзгөрүүгө түрткөн нерсе – азыркы абалдын бизди канааттандырбаганы. Бир күнү биз белгини алабыз: азыркы абал мындан ары улана берсе, жамандыкка алып келиши мүмкүн.

3. Чакырыкты четке кагуу. Көпчүлүк адамдар өзгөрүүгө чакыруу алганда, аны четке кагышат. Алар бул өтүп кетүүчү учур деп ойлошот. Бул жерде бизди токтотуп турган нерсе – өзүбүздүн коркуубуз же жакындарыбыздын колдобошу.

4. Устат менен жолугушу. Баатырга жол көрсөтүүчү устат кездешет. Биздин жашоодо бул ролду дос, тууган, мугалим, же болсо таасир берген китеп же тасма аткара алат.

5. Босогону аттоо. Баатыр устаттын жардамы менен тааныш дүйнөсүнөн чыгып, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү көрөт. Биздин жашоодо бул – маанилүү чечимдерди кабыл алып, жаңы жолго түшүү.

6. «Ажыдаарлар» жана союздаштар. Баатыр жаңы чөйрөгө кадам таштагандан кийин тоскоолдуктарга кездешет. Коркуу, шек саноо, билиминин жетишсиздиги аны артка тартышы мүмкүн. Бирок ал досторун жана жардамчыларын табышы керек.

7. «Өлүм» чекити. Баатыр эң чоң тоскоолдукту жеңиши керек. Бул этапта ал өз күчүнө ишенбеши мүмкүн, бирок чечим кабыл алуу керек болот.

8. Күч-кубат белеги. Эгерде баатыр сыноодон өтсө, ал жаңы билимге, жөндөмгө же тажрыйбага ээ болот. Бул анын кийинки кадамдарында жардам берет.

9. Чыныгы сыноо. Баатыр жаңы билимин иш жүзүндө колдонуп, андан ары кыйынчылыктарды жеңе баштайт.

10. Үйгө кайтуу. Баатыр өзүнүн жаңы билимдери менен күнүмдүк жашоосуна кайтып келет.

11. Чеберчилик. Баатыр жаңы жөндөмдөрүн колдоно баштап, аларды өнүктүрөт.

12. Күч-кубат окуясы. Акырында, баатыр өз тажрыйбасын башкалар менен бөлүшөт. Ошентип, анын окуясы башка адамдарга жардам берет.

«Баатырдын жолу» жашоодо кантип көрүнөт?
Бул сапар бир нече жума, ай, жылга созулушу мүмкүн. Мисалы, карьералык жолду карап көрөлү:
1. Кадимки дүйнөдөгү жашоо: Азыркы жумуш.
2. Чакырык: Иш сизге кубаныч тартуулабай калды.
3. Чакырыкты четке кагуу: Жумушту таштоодон коркуу.
4. Устат: Китеп, дос, мугалим.
5. Босогону аттоо: Жумуштан кетип, жаңы багыт издөө.
6. «Ажыдаарлар» жана союздаштар: Жаңы жумуш издөө, карьералык сыноолор.
7. «Өлүм» чекити: Чоң каталар жана өзүнө ишенбөө.
8. Күч-кубат белеги: Колдоо, мотивация.
9. Чыныгы сыноо: Өзүн жаңы иште сынап көрүү.
10. Үйгө кайтуу: Жаңы кесипти өздөштүрүү.
11. Чеберчилик: Кесиптик тажрыйбанын өсүшү.
12. Күч-кубат окуясы: Өз тажрыйбасын башкалар менен бөлүшүү.

Кантип колдонсо болот Анын бар экенин түшүнүү. Ар бир баскычка даярдануу.
Чакырыкка жооп берүү. Адамдар «Баатырдын жолун» менен миңдеген жылдардан бери жүрүшөт. Кэмпбелл болгону бул үлгүнү аныктады.

Өзгөрүүлөргө туш болгондо, сиз дагы баатыр сыяктуу жолго чыгасыз.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram

Показано 20 последних публикаций.