Дил азык🌾


Гео и язык канала: Казахстан, Казахский
Категория: Цитаты


Автордук укукту сактаңыздар!

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Казахстан, Казахский
Категория
Цитаты
Статистика
Фильтр публикаций


Эркек үчүн дискомфорт бул- комфорт.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


БУЛ ДҮЙНӨДӨГҮ БАЛЭЭЛЕРДИН ДАРЫСЫ

Бир киши Аз. Али (ра)га "Башым балээге батып, түйшүктөрдөн улам кыйналып келдим." дегенде Аз. Али "Сен төрөлгөнүңдө бул түйшүктөр сени менен кошо келдиби? Сен өлгөнүңдө бул түйшүктөр сени менен бирге кетеби?" дегенде киши "Жок" деп жооп берет. Мына ошондо илимдин эшиги "Бул дүйнөгө келгениңде сени менен кошо келбеген жана сени менен кошо кетпеген нерселерге убактыңды коротпо, кабатыр болбо, адамдардан эмес, Алладан үмүт кыл." деп сөзүнү бүтүргөн экен.

#Дилазык🌾


📌Будьте реалистами во всем, кроме молитвы, просите невозможного, ведь Он - Всемогущий!


Жашоодон көңүл буруу жетпей, көбүрөөк адамдын көңүл буруусуна муктаж болуп, сүрөт, видеотасмаларын социалдык желелерге койгон кыз – күнү келип бир күйөөсүнүн көңүл буруусуна ыраазы болоор бекен? Же центр внимание каалап, лайктар жетишсиз болуп, өзүн көз-көз кылууну уланта береби?

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Бүгүн да, эртең да, бүрсүгүнү
оңолбойм. Оңолоюн ушул күнү.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Бир ишкер, көп ийгиликтерди багындырып келе жаткан досубуз айтат:
Үлпөт тоюма 80 миңдей акча кеткен. 100 миңдей эле калың акча бергенмин. Жаңы үйлөнгөн кезде акчабыз жок, ишим жүрүшпөй аябай кыйналып жүргөнбүз. Аялымдын да (узкий кругу) чөйрөсүндөгүлөрү, кээ бир абысын, жеңелер шылдыңдап калышчу экен эле. Эми аял киши да, өз чөйрөсүндө өзүнүн урматын күтөт. Бирок сабыр кылды, чыдады. Азыр үйлөнгөнүбүзгө төрт жылдын жүзү болду. Альхамдулиллях келинчегим менен башка мамлекетке, 20 дан ашык шаарга саякаттап келдик – дейт. Албетте, азыр акылдуу кыздар да бар. Эч нерсенин кереги жок. Баарына сабыр кылам, чыдайм, күтөм, бүлө күтүүгө даярмын дегендер. А ошол эле учурда турмушка чыкпай жатып, көп нерсе талап кылып алгандар бар. Ошондой талаптарга жооп берем деп, көп жигиттер дүйнө артынан чуркап, үйлөнө албай жүргөн кербези...

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Мен сага жалаң жакшылыктарды каалаймын. Аллах сага эң жакшысын туш кылсын. Эң жакшысы мен болбосом да..💔

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


– Чүүш. Үнүңдү чыгарба. Сенин эки жүздүүлүгүңдү Роббиң жана өзүңдөн башка эч ким билбейт. Эч ким билбей жатканда, эки жүздүүлүктү уланта бер..

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Ырайымдуудан качып, ырайымсыз болгон инсанга дартыңды айтасыңбы?

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Барган сайын чыныгы байлык эмне экенин сезип жаткансыйм.
Ал; мал дүйнөдө эмес – жан дүйнөдө.
Кир дүйнөдө эмес - пир дүйнөдө.
Акчада эмес - амалда.
Дүйнөдө эмес - акыретте.
Материалдык нерселерде эмес - руханий, табийгый нерселерде.

Ал; жакшы кулк мүнөздө, жакшы адеп ахлакта, адамдардын жүрөгүнөн жакшылыгың менен орун алууда экен.

Чыныгы бакыт бул– мусулман болуп жаралганыбыз.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Адалдан ырыскы издөө кандай ырахат.


Эркек үчүн жашоосунда баардык нерсеси аялы эмес. Эркек дегениң коомду, үммөттү, элди да сүйөт, жерге да күйөт. Бирок эркектин көп нерсеси аялына келип такалат.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Баарын туура жасап туруп деле жеңилип калуу мүмкүн. Бул алсыздык эмес, бул жашоо.

к.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Жубайым; менден эч ким көрө албаган нерсени көрө алса, эч ким көрсөтө албаган ишенимди бере алса, дүйнөгө каршы согушсам – жанымда ок сунуп турса, кырсыктап, убактылуу жатып калсам ордуман тургузуу үчүн кол сунса, мага көзү, сөзү, ой-кыялы, пикири, өңүндө, түшүндө да кыянат кылбаса, жөн гана ишеним артып турса, барга шүгүр, жокко сабыр кылып турса,... ал ойлогондон да көбүрөөк нерсеге жете аламын.

PS: Сүрөт Сулайман-Тоонун чокусунда, түнү саат он экилерде тартылган. Досубуздун тою такталып, ата-энелер макулдашкандан кийин кызынын колун суроо үчүн уюштурганбыз.


Кабар албай караанымды таштадың,
Кайра келсең тааныбайсың башкамын.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Сендей сүйүп, сендей баалап сыйлаган,
Сендей жанды кайра таппай кыйналам.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Однажды кончится дорога,
И я уйду
Без следа.
Потерпи меня ещё немного.
Я тут
Не навсегда.

П.Шалчюс


Акыркы учурда бир нерсени үйрөнгөнүмдү сездим. Эмнени дейсизби? Сабырды. Кырдаал кылдын учунда туруп калганда да, акыл менен ойлонуп, ачууну жута аларыма көзүм жетти. Албетте, адам жута алчу нерселердин ичинен эң эле кыйыны – ачуу болсо керек. Өтө курч кырдаалда, ачуу үстүндө жаман сөз айтып салбай, же мушташып кетпей, акылга салып, сабыр менен иш тутуунун да өзүнчө ырахаты бар тура. Бардык ыкмалардын үстүнөн машыгып турбасаң унутуп кеткендей эле, бул сыпаттардын үстүнөн да тынымсыз иштеп турбасаң, зөөкүр бир адамга айлануу бир көз ирмем.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾


Маскөөдө жүргөндөр түшүнөт, документтерге так болгон жакшы. Келгениме 3 ай болуп, келгенден бери документтин ар кандай түрүн жасатып, бир топ тажрыйба да топтоп калдым. Дегеним, маалымат керек болсо кайрылсаңар кеңеш айта аламын.

Азыр болсо кирди-чыкты кылуу үчүн жолго чыктык. Жолубуз шыдыр, жолдошубуз кызыр болсун. Аманчылыкта барып келели.🤲 1.5 сутка жол жүрөт болушубуз керек.


Ким; Аллах Тааланын өзүнө гана муктаж болсо, Аллах Тааланын өзүнө гана дартын айтса, башка эч кимден күтпөсө – адамдар ал адамга муктаж болушат. Бирок ал адам эч кимге муктаж болбойт.

#Дилазык🌾

Показано 20 последних публикаций.