🟢
БУЛ НЕРСЕЛЕР ОРОЗОНУ БУЗБАЙТ1. Билбестен жеп-ичүү (эгер жеп же ичип жатканда орозо экенин эстесе, анда жеп-ичкенин дароо токтотуп, орозосун уланта берет).
2. Кулакка дары тамчылатуу, сууга түшкөндө же жуунганда кулакка суунун кирүүсү.
3. Көзгө дары тамызуу же линза тагуу.
4. Косметикалык заттарды колдонуу, макияж кылуу (крем, духи, дезодорант ж.б.)
5. Жубайлардын бири-бирин өбүүсү же кучактоосу. Ошондой эле жаш баланы өбүү же кучактоо.
6. Жыныстык мүчөдөн суюктуктун (маний, сперма) ыктыярсыз чыгуусу, түшүркөө, жунуп болуу же орозо экенин билбестен аялы менен жыныстык мамиле кылуусу.
7. Мисвак же тиш пастасын колдонуу, эгер жутуп алуу коркунучу болбосо.
8. Кан анализин тапшыруу, хижама кылдыруу ж.б. жолдор менен кан алдыруу.
9. Гусулу жок болгон абалда ооз жабуу.
10. Укол алуу (инъекция), кан куюу, гемодиализ аппараты менен кан тазалатуу же дары тамчылаткыч (капельница) аркылуу дары алуу.
11. Тиш дарылатуу же жулдуруу, эгер дары, суу, кан жутуп алуу коркунучу болбосо.
12. Хирургиялык же лапароскопиялык операцияларды жасатуу.
13. Кокустан же атайын кусуу, эгер ооз толо куспаган болсо. Ооз толо кусса ооз ачылат.
14. Кусундуну кокустан жутуп алуу же тамакка кетип калуусу.
15. Мурун жана ооз көңдөйү аркылуу чаң же түтүн жутуу.
16. Ооздогу шилекейди, тамактагы какырыкты, мурундагы чимкирикти жутуу.
17. Ваннага түшүү же жуунуу, бирок мурун же ооз аркылуу суу жутуудан сак болуу.
18. Гинекологго текшерилүү жана жыныстык кынга же көтөн чучукка (ануска) дары салуу (тампон, свеча ж.б.)
19. Кислород түтүкчөсү аркылуу жасалма дем алдыруу.
20. Тамак жасаган адам жутпастан тамактын тузун көрүүсү, андан соң оозун таза чайкоосу керек.
21. Мурун канаса же дененин бир жери кесилип же тытылып кан чыкса.
22. Ымыркайга жутпастан тамак чайнап берүү.
═════════
📌 ОРОЗОНУ БУЗГАН НЕРСЕЛЕРДИ ТӨМӨНКҮ БАРАКЧАДАН ОКУҢУЗ:➤➤
https://t.me/tilmech➤➤
https://t.me/tilmech 💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз