Эч укпаган үндү сагынуу…
Сагынуу.…
Бул сөз туура келбегендей. Анткени, мурда уккан үндү же адамды сагынасың. А эч көрүп-укпаганды…
Куса болуу…
Зарыгуу, же
эңсөө…
Эч бири Пайгамбарыбыз ( ﷺ): “Мен бир туугандарымды сагындым. Алар мени көрбөй туруп, ыйман келтиришет”- деп айтып жатканда колдонгон сөзүнө дал келбегендей.
Мен Пайгамбарыбыздын ( ﷺ ) үнүн сагындым.
Рамазан айы башталгандан бери Таравихте, Мукабалада окулган Куранды угуп, Пайгамбарыбыздын (ﷺ) үнүн сагынам.
Бул аяттар качандыр бир заманда Пайгамбарыбыздын ( ﷺ) куттуу оозунан чыккан. Ал дагы биз окуп жаткан аяттарды окуган.
Кандай кыраат менен окуган?
Үнү кандай эле?
Кайсы сүрөөнү жакшы көрүп окуган?
Кайсы аятты көп окуган?
Анан да Пайгамбарыбыз ( ﷺ ) ар бир намазда имам болгон. (Акыркы күндөрүнөн тышкары)
Ар бир намазда анын артында уюп окуган сазабалар, анын куттуу үнүнөн Аллахтын Сөзүн угушкан.
Бактылуу доордун жашоочулары…
Пайгамбарлардын мөөрүнүн артында, намаз окуу буюргандар кандай бактылуу! Анын оозунан Кереметтүү Куран аяттарын үйрөнгөндөр- эмне деген ырыскы ээси!
Ушундай Мужизанын (Курандын), “кооз ахлак ээси”не келгенине күбө болуп туруп, напсине алданып, текебердиктин курманы болгон- эки дүйнөнүн жоготуусуна учураган кандай бактысыз!
А мен Куран уккан сайын, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз ( ﷺ ) дын үнүн сагынам!
Аллахым, бизди Бейиште Пайгамбарыбыз ( ﷺ ) дын оозунан, Куттуу Сөзүңдү угуу нээматын бер!🤲