Москвага келгениме он күндүн жүзү болду. Мени күтүп алып, чогуу жашап жаткан досум мыкты жигиттердин бири. Көп жылдан бери тамеки тартчу. Бүгүн унаада баратсак кокусунан эле "Досум, тамеки тартканды биротоло таштадым"- деп, тамекисин унаанын айнегинен ыргытып жиберди. Шамга үйгө келип калдык. Гусул, дааратын алып чыкты. Экөөбүз чогуу намаз окудук. Анын айтымында "Намазды такай окуу оор эмес турбайбы. Экөөбүз күндө чогуу жүрөбүз. Мен бир тамеки чеккенче эле, сен байкатпай намазың окуп келип каласың. Эртеңден беш убакыт баштаймын. Тамеки чегип, жагымсыз жыттанып жүргөнчө, сага окшоп миск жыттанып жүрөйүн" - дейт. Себепчи кылган Кудайым ар дайым жакшылыктын ачкычы, жамандыктын кулпусу кылсын..🤲
с.Рустам Абилов
#Дилазык🌾
с.Рустам Абилов
#Дилазык🌾