Кече жакын досторумдун бири менен чай үстүндө маектешип олтуруп калдык. Өткөн күндөрдөн сүйлөп, мектеп кездерди бир эскерип алдык. Аны-муну сүйлөп жатып, дагы бир физикалык абалы мыкты досубузду эскере кеттик. Ал жигит менен өзүм чогуу жүрүп калбасам да, аны менен армияда чогуу болгон, ушул эле Маскөөдө чогуу жүргөн жакын досторум айтып калышчу. Аябай мыкты, физикалык абалы тың, 3-4 өөнү да оңой эле чуркап жүрүп, өзүнүн ылдам техникасы менен сабап койчу жигит эле дешчү. Жашоону карабайсыңбы... Кече жакында олтурган жеринен эле, эч бир себепсиз жан таслим кылып, о дүйнөгө узап кете бериптир. Үйлөнүп жетишпеди, артынан урпак да калтырбады. Биз менен курдаш болгону үчүн мени катуу ойго салды. Ал жигит бул дүйнөдөгү акыркы жылдарын ичимдикке берилип, кудайга жакпаган жолдордо басуу менен өткөргөн эле.. Айтайын дегеним өткөн адамды сынга алуу эмес, а балким, өлүмдүн кокустан келүүсү болду.
Биз да жаман амалдарды жасап жүрүп өтөбүзбү? Же жаман амалдар менен өлөбүзбү?. Чынында чочутат.
Ал жерден чыгып эле соц тармактан амандашып жүргөн мыкты жигиттердин биринин чакыруусу менен, жүз көрүшүп пикир алышууга бардым. Кызмат десе жеген ашын жерге койгон, үй-бүлөсүн да улуу максат менен курган, түптөгөн, бирөөдөн бир нерсе күтпөгөн, тилинде акыйкатты сүйлөгөн бул жигит менен жакшы достордон болуп калдык.
Бир канча саат мурун өлүмдү эстеп, жашоомдун агымына көз чаптырып, жакшы амал кылыш керек экен деген тыянакка токтолдум. Андан бираз өтпөй эле жашоосун ошол нукта жашап жаткан жакшы бир досту жолуктурдум.
Акыйкатта качан, кантип, кайжерде өлүшүбүз белгисиз. Кудайым шерменде кылбасын. Бизди жакшы адам деп күмөн кылгандардын күмөндөрүн бул дүйнөдө да, акыретте да сындырбасын.
с.Рустам Абилов
#Дилазык🌾