"Ылдам, ылдам, ылдам,
Поезд жүрүп барат" - дегенчелик бар экен поезддеги атмосфера. 3 күндүк сапарыбыз соңуна чыгып, Маскөөгө бет алдык. Кетишибиз да кызыктарга бай болду. Бир эжекебиз поездке билет алып, биз автовокзалга келгенбиз. Өзүбүздүн вагонго жетип, биринчи эле паспортумду берсем өздүгүбүз чыкпайт. Көзөмөлчү ары ойлонуп, бери ойлонуп, билетти жакшылап караса билеттерибиз бир суткадан кийинкиге алынып калган экен. Мына кызык. Не кылабыз, не кылабыз менен билеттерди алып, кассага барып, эптеп бүгүнкү каттамга жылдырдык. Төртөөбүз бир жерден орун алган болчубуз, кайра каттам өзгөртүлгөндө эки-экиден бөлүнүп, поезддин эки башына жайланыштык.
Кызыгы, жолго деп алган мөмө жемиштер, суулар аркы башында калып кетти. Ыссык атмосферадан чаңкап, барып келүүгө аргасыз болдум. Кызыктын баары поездде турбайбы. Вагондон вагонго өтүп, ал жака барып келгенче элдин баарын көрүп бүттүм. Айтор, алгачкы жолу поездке чыгышым да кызыктарга бай болуп кала берди.
с.Рустам Абилов
#Дилазык🌾