Досторубуз менен маектешип олтурганбыз. Өзгөчө орду бар, көп жетишкендиктерге жеткен досубуз колу менен желкемди таптап, мага жылмая карап, айланадагы адамдарга "ушул жигитти көрсөм энергия алам эмнегедир. Баланчаны көрсөм чөктүрө коёт, баланча күлдүрөт, түкүнчө ойлондурат. Рустамды көрсөм энергия кирет, кайгысын билдирбейт. Бир көйгөйү жоктой жүрөт"- дейт. Дагы бир таанышым "жашооң кайф болуп эле жүрөсүң го" - дейт. Ооба, кайгырып, капаланып, арманым айтып бирөөнү кубандырганча, күлүп, эрктүү жүрүп, сырымды билдирбей, сыйымды кетирбей жүргөнүм жакшы.
с.Рустам Абилов
#Дилазык🌾
с.Рустам Абилов
#Дилазык🌾