"МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ"


Kanal geosi va tili: Qozog‘iston, Qozoqcha
Toifa: Din



Kanal geosi va tili
Qozog‘iston, Qozoqcha
Toifa
Din
Statistika
Postlar filtri


📍Ассаламу алайкум рохматтулоохи ва барокатух!

✈️Умра, кичи ажылык сапарына устаз Алайчы Сеитбеков менен бирге барууну каалайсызбы?

📍Анда:

🕋2025-жылды эстен кеткис ибадаттар менен баштаңыз!

🔹Пайдалуу сабактар,

🔹Эстен кеткис саякаттар,

🔹Кемчиликсиз, так ибадаттар.

☝🏻Умра амалын аткаруу өтө сооптуу иштерден. Ошондуктан мүмкүнчүлүк, шарты бар адамга өмүрүндө бир жолу Умра амалын аткаруу сүннөт. Умра кылууда биздин дүйнө жашообузга жана акыретибизге пайдалуу болгон көптөгөн амалдар бар. Пайгамбарыбыз саллаллооху алейхи васаллам бир хадисинде: “Ажы жана Умра кылуучулар – Алланын коноктору” – деп айткан. Дагы бир ушул маанидеги хадисте: “Ажы жана Умра кылуучулар – Алланын коноктору. Эгер алар дуба кылса, Алла кабыл кылат. Эгер кайсы бир тилегин сурашса, Алла берет. Эгер күнөөлөрү үчүн кечирим тилешсе, Алла кечирет”.

😊Демек, Алланын Өзүнө конок болуп кетүү ар бир мусулманга сыймык. Катталууга шашылыңыз, биз менен биргеликте Алланын коногу болуп кетиңиз.

🔊ЭСКЕРТҮҮ: Орундар чектелүү, андыктан кеч калбаңыз…

📍Суроолор боюнча байланыш номерлер:

☎️:Эркектер үчүн :0772 44-39-93,
Аялдар үчүн: 0777 20-50-20


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


🔷Эгер ата-энеңдин көзү бар болсо, аларга жакшы мамиле жаса, сөзүн ук, сыйла, колуңдан келген жакшылыгыңды кыл. Жаза аткарган ишке жараша болот. Ата -  энеңе кандай мамиле кылсаң, балдарыңдан ошондой мамиле күт.

🔷Балдардын көзүнчө бири - бириңер менен такыр урушпагыла. Балдардын көзүнчө  бири-бириңдин кадырыңарды  түшүрбөгулө Жубайлар бири-бирин кандай урматтаса, балдар да аларды ошондой урматтайт. Ата - энеге тил тийгизген, кол көтөргөн, карабай таштап кеткен балдардын дээрлик баары кичинесинен ата-энесинин уруш-талашын көрүп чоңойгон балдар.

🔷Үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда байланыш үзүлбөсүн. Ата-эне жумуш менен алек болуп, балдары телефондон колу бошобой,  үй -бүлөдө байланыш такыр үзүлүп калган учурлар болот. Мындай үй-бүлөдө (эгер аны үй - бүлө деп атай турган болсок кандайдыр бир көйгөй пайда болсо, аны чечүүнүн жолу табылбайт.

🔷 Тилиң менен айтканды колуң  менен аткар. Сөзүң башка, амалың башка болсо, балдарыңа эч качан тилиң  өтпөйт. Бала тамырчы деп коёт. Аны алдап коюуга болбойт. Айтканын кылганына дал келбейби бүттү, балдарды башкара албайсың.

🔷Балдардын жүрөгүнө Аллахтан коркуу сезимин киргизүүгө аракет кыл.

☝🏻Ушул эң зарыл жана натыйжалуу иш. Эгер балада Аллахтан коркуу сезими пайда болсо, бул сенин жеңишин. Эми үйдө тынч отура берсең болот. Балаң кайда жүрбөсүн, ким менен жүрбөсүн, аны жамандыктан кайтарган Аллах аны менен бирге.

🔷 Балдардын ден-соолугуна көңүл бур. Баланын оорукчан болуп калуусу, анын жашоого болгон кызыгын кетирет, кайдыгер болот. Ата-эне, бир туугандарына, мээри болбойт, кекчил, башкаларды бүт жек көргөн адам болуп калат.

👤Автор: Алайчы Сеитбеков.

📔" ЧЕЧИМ " китебинен.


📍БАЛАҢ БЕЛЭЭ БОЛГОНДО..

Ата - энени сыйлоо, кадырлоо, айтканын угуу ары турсун, ата - эне деген түшүнүктү мээсине киргизе албаган, ата-энеге көчөдөгү жат адамга жасаганчалык жакшы мамиле жасабаган муун батышта эбактан бери бар. Жүнү көзүн тоскон, кулагы жер чийген сапсайган кандегин атасынан да, апасынан да жакшы алпештеп карап баккан жүн баштардын кылыгы өз башы менен кетсин, биз эзелтен ата эненин кадырын билген, атадан озунуп жебеген, энеден озунуп сүйлөбөгөн, атанын шыбыртын укканда ашкананын артына бекинген, эненин үнүн укканда ордунан учуп турган бир кереметтүү элбиз деп мактанайын десең "Я уже взрослая, я сама знаю что делать" деп апасын кагып, күчүгүн жетелеп, жөнөгөн кургурлар бизде да көбөйгөнү көбөйгөн. Атанын алдында ооз ача албаган кыргыздын балдары атасын жакадан силке кармап, булкуп отургузуп, сөз менен жекирип, айтор, биз деле абад болбой калыппыз. Тил албай какшатып, билгенин кылып, бирөөнү уруп, бирөөдөн келтек жеп, бирөөнү тоноп, бирөөгө тонотуп, бирөөнү зордуктап, бирөөгө зордукталып, айланып келип ата энесинин башына балээ болгондорду айтпай эле коёюн.

Канаттууга кактырбай, туяктууга тептирбей бактым эле, өзүм ичпей ичирип, өзүм кийбей кийдирип чоңойттум эле чоноюп алып мага кол көтөрөт, тил тийгизет, кагып-силкет тилимди албайт, какшатып бүттү деген ата-энелерди көрүп, угуп отурсаң оорукчан болосуӊ.

Эмнеге деген суроо туулат. Таза дилибиз, таза динибиз бар эле го. Анан эмнеге ушундай пастыкка түшүп кеттик. Сыныктан башканын баары жугуштуу болуп, башкалардан жуккан кезде деле мынчалыкка жетпешибиз керек эле. Кеп башкада болсо керек. Келгиле, мындан кутулуунун жолун чогуу издейли. Чечимди чогуу чыгаралы.

☝🏻ЧЕЧИМ:

🔷Баланын балээ болгону баланын өзүнөн эмес, ата-энеден экенин ата- энелер моюнуна алыш керек. Көптөр күнөөнү балага гана оодарышат. Жок балада айып жок. Айып ата-энеде, туура эмес түшүнүктө жана туура эмес тарбияда. Ата эне маданияттуулук, билимдуулук цивилизация дегенде Американы, батышты же Орусияны элестетпеши керек. Көп ата-эне чапанын этегин тепкилеген кара кыргыздын тукуму экенине намыстанып "маданияттуурак" балдарды тарбиялоого аракет кылышат. Натыйжада, же маданияттан жок, же илим-билимден жок, же бери кыргыз эмес, же ары орус эмес, арсар, мээри жок, таш жүрөк уул кыздар көбөйдү.

"Бала таза ишеним менен төрөлөт, аны кийин ата-энеси отпарас, христиан жөөт, кылып чоңойтот. Бул П Пайгамбарыбыздын ага (Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хадиси. Биз отпарас, же христиан кылбасак да, аты кыргыз заты башка балдарды чоңойтуп жатабыз.

Балам башыма балээ болбосун деген ата-эне баласына нукура кыргызча тарбия берүүгө аракет кылсын. Сыртынан кооз, ичинен ирип-чирип калган батыш маданиятына суктанбасын.

🔷 Балаңа жумшак, мээримдүү сылык бол. Бала ата энесинин тамагына караганда мээримине көбүрөөк муктаж. Ата-энеден эзели  мээрим көрбөгөн баланын ата-энеге сыйы болбойт. Көргүсү келбей, качып калат. Балдарың, какшыган жер жамгырды күткөндөй күтүп сагынып турушу керек.

🔷Орой сүйлөп, кагып силкип, урушуп, уруп тарбиялаба. Ооба, кээде
урушканга, а түгүл урганга туура келет. Бирок, катуу кармайм деп дайыма орой мамиле кылуу баланын жүрөгүнөн катырат. Мындай тарбияда өскөн балдар бирөөдөн мээрим күтпөйт, өздөрү да мээрим төкпөйт. Чоңоюп, өзү менен өзү болгондо ата-энесинен алыстап, өзүнчө болууну каалайт

🔷Жалаң эле тарбия менен баламды жакшы кыла алам деген туура эмес. Тарбиясы бекем болсо да, үйдөн сырткы чөйрө балага терс таасирин баары бир тийгизет. Туура эмес жолго басуусуна себеп болот. Ошон үчүн ата - эне ар дайым басса турса баласына ыйман, ынсап тилеп дуба кылуусу керек. Атанын баласына кылган дубасы кабыл дубанын күчү менен баланы ар жамандыктан, жаман чөйрөдөн, жин - шайтандын азгырыгынан сактоого болот.

🔷Ата - эне менен баланын ортосунда эч кандай тосмо болбоого тийиш. Ата - эне баланы тыкыр көзөмөлдөп, анын мүнөзүндө бир аз өзгөрүү болсо, дароо аны менен сүйлөшүп себебин аныкташы керек.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish




Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


🤔Периштелерди кантип дуба кылдырабыз..

📍Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айткан:
"Мусулман адам мусулман бир тууганы жогунда (ага) кылган дубасы кабыл болот. Анткени анын баш жагында ага атайын дайындалган периште бар. Ал адам мусулман бир тууганына дуба кылган сайын ал периште: "Аамиин! Сага да ошондой болсун!" – деп айтып турат". (Муслим. 2733)


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Бул үч иштин жок дегенде бирин аткаруу баарыбыздын колубуздан келет. Ушуга аракет кылалы!


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.