Тез окуу (кыргызча🇰🇬)


Kanal geosi va tili: Qozog‘iston, Qozoqcha
Toifa: Kitoblar


Китеп окуганды сүйүүчүлөр үчүн❤️
Тез окууну үйрөнүү жолдору📚
Методика, көнүгүүлөр🔍
Курс тууралуу маалымат⬇️
wa.me/996990973397

Связанные каналы

Kanal geosi va tili
Qozog‘iston, Qozoqcha
Statistika
Postlar filtri


Тез окуу үчүн кеңештер:

1. Көңүл буруу: Окуунун ылдамдыгын арттырууда негизги мааниге ээ болгон фактор — окууга толук көңүл буруу.

2. Убакытты көзөмөлдөө: Күн сайын кыска убакытта текстти тез окуу үчүн көнүгүүлөрдү жасап,окуп туруу.

3. Мээни даярдоо: Тез окууну баштоодон мурун мээни ойготуу үчүн бир нече көнүгүү жасоо.

4. Жаттыгуу: Тез окуу - көнүгүүлөрдү жана практиканы талап кылат. Күн сайын ылдам окууга аракет кылуу керек.

#тезокуукеңеш


Капастагы кыз инсайт:

1. Сүйгөндү, сүйүлгөндү үйрөнүү жашоону жеңил кылат. (Эгер адам сүйгөндү билбесе, анда ал адамдын жан дүйнөсүндө көйгөй бар)

2. Адамдын тагдыры өткөн өтмүшүнө байланган. Жети жашка чейинки калыптанган нерселер, өмүр бою жашообузга, чечимдерибизге таасирин тийгизет. ( Муну түшүнүү үчүн кичинекей мезгилиңизге кайтып, анан азыркы жашооңуз менен салыштырып көрүңүз)

3. Адам - өзүн кабыл алганда,өзүнү кечире алганда, өзүнү айыптоону токтотуп, кандай болсо ошондой кабыл алганды үйрөнгөндө гана өзгөрө алат.

4. Адамдарга керегинен ашыкчк байланып калуу, өзүндү унутуп калууга алып барат. Ошон үчүн бардык нерсе нормасы менен болушу керек, жада калса сүйүү дагы.

5. Чечим чыгарганда сезим менен эле эмес, акылды да сөзсүз түрдө угуш керек, анткени, адам сезимдерин угуп жатып, айланасын көрбөй, укпай, келечегин ойлонбой калат.

6. Жашоодо эч качан адам өзүн таштап койбошу керек, адам өзүн таштап койгондо жашоо аны басынтууну баштайт.

Ушундай, жашоо силерди каалаган көйгө салганга чейин, жашоону каалаган көйгө салып, жашап калгыла✅💚


Көптөн бери мындай таасирдүү китеп окуй элек болчумун, бүгүн окуп болдум, бул китепти окуп баштаган баштап - өзүмө, жашоого болгон көз карашым өзгөрүп баштады, өзүмө жана жашоомо башкача көз карашта карай баштадым.
Бул китепти окуп болгончо канча ойлор,сезимдер жашап өткөнүн айта албайм.🫠
Жада калса бул китептен таасирленип бир нерселерди жаздым, жазып жатып көз жашым түгөнүп, башым ооруп баштаганда укташым керектигин түшүнгөн учурумда болду. 🫣 Китеп чыныгы жашоодон алынган, жана психиатр китептеги адамдарга жол көрсөтүп берип жатып, китептеги каармандарга эмес, ал китепти окуган адамдарга да жол көрсөтүп берген.
Китеп аябай жакты, жана ушул китепти белеке берген адамга да аябай ыраазы болдум, окуп болуп🦢

Китеп 100/10✅

Китептен алган инсайттарымды эртең жазам🫶🏻


Китепке болгон сүйүүм бөлөкчө, билбейм, бул сүйүү кайдан, кантип жаралган.
Балким, жардамга муктаж болуп, караңгыдан жарыктыка чыгууну каалаганымда жолумдан шам чырак болуп чыга келген ушул китептер болгон чыгар, ошон үчүн китепке болгон сүйүүм өзгөчөдүр…

Адам чынында - өзүнө эң көп жардам берген, түшүнгөн, камкор, колдогон, уга билген, дайыма жанында жүргөн адамдарды жакшы көрөт эмесби, ушул нерсени атамдан кийин эле китептен көрө алдым, ошон үчүн жан досумдай көрөм китептерди, моюндайм, ушул китептер болбогондо дагы деле караңгы жашоодо, маанисиз, бактысыз жашоодо жашамак элем.❤️

Эмне үчүн китеп окуйсуз?
Эмне үчүн китеп окуган жагат?


Сүйүү кээде өлүмгө да токто дей алышы мүмкүн экен…


Окуучулук мезгилде ушундай китептерди окуганымда, окуп жүргөндө кыйын болуп кетет белем деп калдым🤓

Китепте аябай соонун кеңештер айтылыптыр, эми айтылган кеңештерди ишке ашырсаң китеп 100% пайдасын тийгизет жашооңо🤝

-Кыялың көккө алып учса, максатка жетүү үчүн таштаган кадамың аны ишке ашырат.
Ушундай цитаталары да бар экен.
Алгач эреже> түшүндүрмө> цитата болуп кеткени мага жакты.

Китеп 10/10✅


Тамактанганча китеп окуу📖

Жаныңда китеп алып жүргөндү адат кылуу, китеп окууну адат кылууга чоң жардам берет.🤝


«Ак пайгамбар артынан,
Барбайсынбы адамзат.
Айткан сөзүн Курандын,
Укпайсынбы адамзат.

Алла Таала динини,
Тутпайсынбы адамзат.
Пайгамбардын сөзүнү,
Укпайсынбы адамзат».

(Тоголок Молдо)
Кыйын кыргыз📖


Кыйын кыргыз🇰🇬

Мектеп окуучулары , тарых, адабиятты окуганы эринишет, анткени, эмне үчүн окулары керек экенин түшүнүшпөйт. (Баарыбызда эле болсо керек бул нерсе)
Өткөнүн билбеген эл, келечегин кура албайт, келечекти куруу үчүн өткөндөн сабак алганды билишибиз керек.
Бул китепти окуп жатып, кыргыздан кыраан, чечен, олуя адамдар чыкканын билдим, алардын жолун жолдоо үчүн багыт таптым.

Китептин автору: Мансур-Бек Канназар


#эстутум


Китеп окуучуга кеңеш.

1. Китеп окуу үчүн айтайын орун болгону жакшы. ( атмосфера түзүп алыңыз өзүңүзгө)

2. Китепти тынч жерде, таза абада, ыйгайлуу жерде окуңуз.

3. Жолдо жүргөндө, китеп окубаңыз, көзгө күч келет.

4. Китепке кошо-китеп дептер болгону жакшы, ар бир окуган китебиңизден бир аз үзүндү жазсаңыз же пайдалуу жерин жазып кетсеңиз, кийин ал китепти кайра окубай эле жазганыңызды кайра окусаңыз ошол жетиштүү болот.

5. Китеп окуганда эс алуу менен окуңуз, 20 мүнөт окуу- 5 мүнөт эс алуу.

6. Окула турчу китептериңизди алдын ала тизмектеп алыңыз.

7. Күн сайын 30 мүнөт убактыңызды китепке арнаңыз.

8. Окуп болгон китептериздеги маалыматты башкалар мн бөлүшүп туруңуз.


Китеп окуган жакпайт.

Көпчүлүк жаштарда ушундай көйгөй бар, китеп окуганча телефон чукуу жакшы, анткени анда көңүл ашчу нерселер аябай көп.

Бирок! Сиз китеп окуп баштасаңыз эмнелер күтүп жатканын билбейсиз, ошон үчүн дагы китеп окууга кызыкпайсыз.

Көпчүлүк китеп окусаң боп кетесиң, байып кетесиң, ийгиликтүү болуп кетесиң дейт.

Бирок сиз ага көңүл бурбаңыз. Анткени сиз өзүңүз үчүн окуңуз! Ийгиликтүү адам болуу үчүн эмес, адам болуу үчүн окуңуз.
Өзүңүздүн идеялыңыздагы адамды калыптандыруу үчүн окуңуз.
Башкалардын оюнанда, алгач өзүңүздүн оюңузду угуу үчүн окуңуз.
Башкалардын сизге акыл үйрөтпөөсү үчүн китеп окуңуз.

Сиз окуп баштаңыз,ошондо гана өзгөрүүнү көрөсүз, ошондо гана китеп окууга кызыгып баштайсыз.

PS: Өзүңүз үчүн китеп окуңуз.


📚Жумасына бир китепти кантип окууга болот?

1. Китептердин активдүү тизмесин түзүңүз.
2. Окуу ылдамдыгын жакшыртыңыз.
3. Күн сайын китеп окууга сарптаган убактыңызды пландаштырыңыз.
4. Тилкени коюңуз. Китептеги барактардын санын 7ге бөлсөңүз, бир күндө окуш керек болгон баракчалардын санын аласыз.
5. Окуу трекериңизди айдаңыз.
6. Эч качан окуудан баш тартпаңыз.


⬇️Эс тутумду жакшыртуу үчүн бир нече кеңеш. (2-бөлүк)

🔷 Өзүңдү ук. Айрым маалыматтарды билгенден кийин, аны жазгычка сүйлөңүз. Жана уктап жатканда, үнсүз бул жазууну күйгүзүңүз - анын астында укташыңыз керек. Бул тааныш, бирок эстеп калуучу нерселерди бекемдөөнүн эбегейсиз күчтүү ыкмасы.

🔷 Бир орунда отурба. Бөлмөнү айланып жүргөндө поэзияны, окуу китептерин жана сүйлөшүүлөрдү үйрөнүңүз. Чындыгында, сейилдөө мээни активдештирип, эс тутумуңуз бир топ жогорулаган.

🔷️ Айланаңызды өзгөртүңүз. Эгерде сизге бир кечинде эки экзаменге (же жолугушууга) даярдануу керек болсо, аны өзүнчө бөлмөлөрдө жасаңыз. Ар кандай жагдайларда эсибизде калган маалыматтар башыбызга аралашып кетпейт.
 
🔷️ Сөздөрдү ыргытып жибер. Көптөгөн үзгүлтүксүз текстти үйрөнүүнүн супер жолу, мисалы, ырдын сөзүн же сүйлөөнү. Бул текстти кайра жазып, ар бир сөздүн биринчи тамгасын гана калтырып, ошол сөздөрдү эсиңизге сактап жатканда, аны окуп чыгыңыз. Албетте, алгач түпнускасын карап көрүшүңүз керек, бирок аягында кыскартылган вариантын гана карашыңыз керек жана текст эсиңизде заматта пайда болот. Бул cheat баракчасын өзүңүз менен алып кетүү абдан ыңгайлуу.
 
🔷️ Көбүрөөк уктаңыз. Бир нерсени үйрөнгөндөн кийин канчалык көп уктасаңыз, анда эртең менен бул маалымат эсиңизде калат. Ал эми уйкусуз түндөр эс тутумду кыйла начарлатат. Бардык студенттер ушул нерсени окуп, эске алышын каалайм. Эки экзаменге чейин билеттерди үйрөнгөнгө караганда, экзаменге чейин эки саат уктаган жакшы.

Пост пайдалуу болгон болсо:
❤Лайк
💬Комментарий
🚀Репост
https://www.instagram.com/p/Cg90I_0s1u9/?igshid=MDJmNzVkMjY=


⬇️ Эстутумду жакшыртуу боюнча бир нече кеңеш

🔷 Каттарды жазуу. Киото Университетинде 2008-жылы жүргүзүлгөн бир изилдөө көрсөткөндөй, сиз капаланганга чейин 15-20 мүнөт ичинде болгон кайгылуу ойлоруңузду жана эң кичинекей кыйынчылыктарыңызды эстеп, жазып койсоңуз, анда окуу натыйжалуулугу кескин жогорулайт. Чындыгында, биз априордук терс нерселердин бардыгын жакшы эстейбиз. Эпистолярдык агуудан кийин дароо келген бардык маалыматтар, инерция мээси "жаман" деп кабыл алат, демек, ал ишенимдүү түрдө жазат. Эң күлкүлүү ыкма эмес, бирок чыныгы

🔷 Айлана-чөйрөнү коргоо. Көрсө, ата мекендик студенттердин өлкөдөгү экзамендерге даярдануу салты өтө акылдуу экен. Үч жыл мурун, Мичиган университетинин психологдору табият жөнүндө ой жүгүртүү когнитивдик функцияны 20% га чейин жогорулатарын аныкташкан. Баса, табигый жаратылышка баруунун кажети жок, сүрөттөрдү 5-10 мүнөт карап отурсаңыз болот

🔷Катуураак кыйкырыңыз. Эгерде кыйкырышса, сөздөр 10% жакшыраак сакталат. Акылсыз угулат, бирок ушул ыкманын жардамы менен мен орусча-испанча сөздүктүн дээрлик жарымын үйрөндүм. Албетте, бүт үйгө “мышык!”, “Бас!” Деп кыйкыруунун кажети жок. Ар бир сөздү бир нече жолу катуу жана так айтуу жетиштүү.

🔷 Экспрессивдүү бол. Кыйын тилдерде окуган студенттерге дагы бир кеңеш: үйрөнгөн бардык сөздөрдү жана сөз айкаштарын көрсөтүү үчүн жаңсоолорду пайдаланыңыз. Сөзмө-сөз: сиз "секирүү" этишинин айкалышын үйрөнсөңүз - секирүү. Эгерде сизге диалогду же оор сүйлөмдү үйрөнүү керек болсо, анда ошол көрүнүштү аткарыңыз. Көрөсүз, баары укмуштай тез эсинде калат.

Пост пайдалуу болгон болсо:
❤ Лайк
💬 Комментарий
🚀 Репост

Дагы да пайдалуу маалматтар ТЕЗ ОКУУ+ЭС ТУТУМ курсумда биле аласыздар.

Курс боюнча маалымат алуу үчүн дректке "+" жөнөтөбүз.✅
https://www.instagram.com/p/Cg9s0SMstnh/?igshid=MDJmNzVkMjY=


Жашоонду озгорт (китеп).pdf
559.3Kb
Жашоонду озгорт (китеп).pdf


Кантип китептен алган маалыматты мээде жакшы сактай алабыз?

📚 Т у у р а к и т е п

Окурман өзүнүн жашына, кызыгышына, кесибине жараша туура китеп тандоосу керек. Эгер туура эмес китеп тандап алса, китепке болгон кызыгуусу кетип, кийинки китептерди окугусу келбей калышы мүмкүн.

🔇 Т ы н ч ж е р

Тынч, аны алагды кылбай турган жерде окуса, концентрациянын баарын китептеги окуяга бөлүү жеңил болот.

🔆 У б а к ы т

Көбүнчө жаңы уйкудан ойгонуп, таң атканда китеп окуу эффективдүүрөк. Анткени ошол учурда мээ сергип, бош болуп, маалымат алганга даяр болот.

📝 Ж а з у у

Китептен алган учкул сөздөрдү, керектүү маалыматтарды, жаңы идеяларды сөзсүз кагаз бетине түшүрүү керек.

💭 А й т у у

Китеп тууралуу ой-пикирибизди бирөөгө айтып беришибиз же блокнотко жазышыбыз керек. Бул да маалыматтын мээде жакшы сакталышына жардам берет.


✅Жеңиш үчүн адатка айлантуу керек болгон сапаттар бар, алар - максаттын тактыгы, билим, эмнени кыялданасың жана ага жетүүнү күйүп-жанып каалоо.

✅Пландоо келечекти бүгүнкүгө жылдырат жана аны өзгөртө алаарыңыз билдирет.

✅Эгер убакытты туура бөлүштүрө алсак, ал баарына жетет.

✅Бардык улуу инсандар улуу инсан болууда, бардык ийгиликтүүлөр ийгиликке жетүүдө, күчтөрүн бир аныкталган агымга бурушкан.

✅Күн сайын ири иштерди аткарууга убакыт табыңыз. Жумуш күнүн алдын ала пландаңыз. Эртең менентен баштап аткаруу зарыл болгон бир нече чакан иштерди байкаштырып алыңыз. Андан кийин чоң иштерге өтүңүз да, аны менен жумуш күну аякталгыча алектениңиз.

✅Ийгиликтин биринчи мыйзамы-күчтү жана көңүл бурууну жуурулуштуруу. Бардык энергияны бир чекитке багытташ керек жана аны карай оңго да, солго да башты бурбай түз басуу кажет.

✅Сиздин физикалык жана руханий ресурсуңуз бир маселеге багытталса, аны чечүүнүн мүмкүнчүлүгү бир топко жогорулайт.

✅Жаса-эмнеге күчүң жетсе,колуңда бары менен , кайсы жерде болсоң ошол жерден.

✅Жөндөмдүн деңгээлинен көз каранлы болбостон сиздин потенциалыңыз өмүр бою жетишкендиктерден өйдө турат .

✅Ийгиликке жетишүүнүн жалгыз ишенимдүү каражаты- бул иш эмне менен жыйынтыкталбасын, сизден күткөндөн да ашырып маанилүү жана сапаттуу кызмат көрсөтүңүз.

✅Ишиңизди аткарыңыз, бирок бир гана аны менен алек болбоңуз, башкалардан да азыраак кошуп коюңүз.

✅Ийгиликтин биринчи шарты-бул бир маселени чечүү үчүн физикалык жана акыл-эстик аракетти тынбай жасоо

✅Билбестиктин , чыгармачылыктын жана жеңиштин даамы гана адамды бактылуу кылат.

✅Жашоону тездетүү болбойт.

✅Башында адам ичке жиптей, бирок ар бир жолу аны кайталап жатып чыйралтып, бышык кылабыз.

✅Жашоодо энергияны чектелген максаттарга топтогондон артык эч нерсе жок.

✅Ыңгайлуу учурду күтпөгүлө, ал эч убакта болбойт. Кайсы жерде турсаңыз ошол жерден баштагыла жана колдо бар жабдыктар менен ишти уланта бергиле, кыймылда болуунун өзү эөе ийгиликке жетелейт.

✅ Бул жерде да чыныгы күчтүн сыры катылган. Дайыма практикада колдонуп жатып ресурстарды туура колдонууну жана аларды башкы агымга буруу үчүн ар кандай абалды пайдаланууну үйрөнүңүз.

📖Комфорт зонасынан чык китебинен.

Мотивационный китеп





20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.