🔴 АДАМДЫ ИБАДАТТАН ТОСКОН ЭҢ ЧОҢ СЕБЕП
Адамдын ыймандуу экендигинин эң чоң белгилеринин бири – өткөрүп жиберген ибадаты жана кылган күнөөсү үчүн өкүнүүсү.
Абу Дауд, рахимахуллах, айтат:
Күндөрдүн биринде Курз аль-Харисинин үстүнө кирсем, ал ыйлап жаткан экен.
Мен андан:
– Эмнеге ыйлап жатасың? – деп сурасам, ал мындай деди:
– Күнүгө калтырбай окуп жүргөн Куранымды кечээ окуй албай калдым. Аны окубай калганымдын себеби кандайдыр бир күнөөм үчүн болду окшойт деп ойлоп жатам. «Аль-Хилья», 5/79
 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
Күнөө – адамды ибадаттан тоскон эң чоң себептердин бири. Адам канчалык көп күнөө кылган сайын, ошончолук ибадаттан алыстайт. Эгерде адам кайсы бир ибадатты аткарууда жалкоолукту сезсе же мурункудай ибадатка болгон кызыгуусу жоголгонун байкаса, анда бул нерселер анын күнөө кылып жатканынан болушу мүмкүн. Анткени адам күнөө кылуу менен Аллахтан алыстайт, ибадат кылуу менен Ага жакындайт.
Эгерде сен адамдар менен сүйлөшкөнгө убакыт таап, бирок Аллахты зикир кылганга убакыт таппай жатсаң, жумушка убакыт таап, бирок намазга убакыт таппай жатсаң, тамак жегенге убакыт таап, бирок орозо кармаганга убакыт таппай жатсаң, интернетке убакыт таап, бирок Куран окуганга убакыт таппай жатсаң, алыс жактарга барып эс алууга убакыт таап, бирок жумага убакыт таппай жатсаң, демек, бул нерсе сенин күнөөлөрүң себептүү болуп жатат. Анткени Аллах сени күнөөлөрүң себептүү Өзүнө жакындатууну каалаган жок.
Ошондуктан ибадатка бекем болгусу келген адам – эң алгач күнөөлөрдү таштоосу керек. Күнөө кылуу менен Аллахка жакындоо мүмкүн эмес.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз