Суроо:
Күйөө аялдын бардык каалоолорун аткарып, багууга милдеттүүбү?
Деги канчалык деңгээлде муктаждыктарын жабып, багууга милдеттүү?
Мызалар, сиздер канчалык деңгээлде каалоолорун аткарып берүүгө өзүңүздү милдеттүүмүн деп эсептейсиз?
Жооп:
Алладан алган аманаты катары муктаждыктарын кылып берүүгө милдеттүү.
Муктаждык дегенде адал тамак, жылуу там, бүтүн кийим, адыл мамиле..
Андан сырткары мүмкүнчүлүгүнө жараша жасап бергени оң.
Жаш балага да каалаганын берип, каалаганын жасай берсең чектен ашырасың.
Аялдын каалоолорунун чеги жок. Алардын баарын аткара берүү кыйроого алып келиш ыктымалы бар.
Пайгамбарыбыз с.а.в дын аялдары да дүйнөнү каалап чыкканда, аз.Умар р.а эмне деп тыйды эле. Жада калса Пайгамбардын аялдары ошентип жатат демек, аял киши табиятынан көптү каалайт.
Аялды хикмат менен ашынып кетүүдөн тыйып туруу кажет. Төрт көйнөгү туруп, дагы төрт көйнөк жаңжал кылса каниетти эстетип, кыш келип жылуу бут кийим алып бере албай жатсаң сабырды эстетип, баары болуп деле, коуч сөрөйлөргө суктанса шүгүрдү эстетип дегендей..
с.Рустам Абилов
#Дилазык🌾
Үй-бүлөлүк бакыт курсунун студенттери суроо-жооп кылып турабыз. Берген жоопторумду өзүм да таппай калам көп учурда. Ушул жакка сактай берсем жакшы болчудай.