🕊~Махабатым ~🕊


Kanal geosi va tili: Qozog‘iston, Qozoqcha


Поэзия🕊️
Цитаталар 🖤
Сүйүү баяндары..
Админ : @akmatovasezim
Инстаграм: @ suzy.aii

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Kanal geosi va tili
Qozog‘iston, Qozoqcha
Statistika
Postlar filtri


Жүрөк туюп, сезип баарын, көз көрүп...
Көңүл далай көлчүк сымал бөксөрүп.
Өксүү менен өрчүбөстөн өмүрдө,
Көп күнүмдү алдым окшойм өткөрүп.

Жарыгы жок жалгыз баскан жолдордон,
Жалооруган жаным байкуш кордолгон.
Төбөмдөгү басмырлоону көтөрүш,
Кезегинде мага деле оор болгон.

Көкүртө көөдөн эбак эскирген,
Күткүм келбейт көп нерсени эч кимден.
Үмүтүмдү үзчүлөрдөн үздүм да...
Сапар тартып узак эми кеттим мен.

Бектурсун Адиев




Сөз табуу ушундай кыйын, айта турган сөздөр чындап эле бар болсо..


Кээде эң көп күткөн чалуу дагы кереги жок болуп калат…


Жашоо баарыбызга бир жолу гана берилет. Кайра башынан баштоо же артка кайрылуу мүмкүнчүлүгү эч кимде жок. Ошон үчүн ар бир кадымыбызды аңдап басып, туура тандоо жасаганга аракет кылышыбыз керек. Ооба, баарын алдын ала биле албайбыз. Ар кандай күндөрдү, сезимдерди башыбыздан кечиребиз. Кээде адашабыз, көңүлдөрдү оорутабыз, байкабай орой сүйлөп алабыз, кулайбыз, сагынабыз, жоготобуз, ыйлайбыз, кыйналабыз. Баары ойдогудай боло бербейт. Ошого “Ойлогон ойду,кыстаган турмуш жеңет” деп бекерден-бекер айтышпаса керек. Антсе да, керектүү учурда сабырдуулук таанытып, шашпай, акыл менен чечим кабылдасак алда кайда жакшыдыр. Кээ бир учурларда көрмөксөн, укмаксан болуп койсок, сезимдерибиз жабыркабайт беле. Баарын жүрөкө жакын кабылдай турган болсок, акыр аягында өзүбүзгө эле кыйын болобу деп ойлойм..

~ ойлор


Сен алыста богондо, кең ааламда тардык бар…

~ ойлор


Ооба ошондо бир сөзүңө таарынгам,
Анткени сен кымбат элең баарынан..


Сен сүйгөн жамгыр…


Жан жагыңа эмнеге жалтактайсың,
Жанарыңа мен батсам болду эмеспи?


Мага ниети, ойлору таза адамдар жагат. Көрө албастык кылбаган, бирөөнүн жашоосуна киришпеген, жамандыгы жок, боорукер жана сөзү менен кылган иши дал келген. Сыртан карасаң жөнөкөй бирок, жан дүйнөсүнө үңүлө турган болсоң океан сымал. Сүйлөшсөң сөзү салмактуу, ойлогон ойлору орундуу…

- ойлор


Тар эмес, жапыз да эмес, кең болоюн
Көп эмес, аз да эмес, тең болоюн,
Досуң да, ашыгың да боло алган
Эң акыркы аялдамаң мен болоюн…


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Көркүңө күн кошулуп күлсө керек,
Жылдыздар жылмаюуңда жүрсө керек.
Сендеги сулуулукту адам тургай,
Сүйүүнүн өзү кошо сүйсө керек..

- Максат Жангазиев


Берегите любовь.
Всей душой берегите.
И не тратьте секунды на мелочь обид.
Позвоните сейчас.
Просто так позвоните,
Чтоб сказать о своей бесконечной любви.


- Ал ар дайым адаттагыдай жылмайып жүргөнү менен, анын көздөрү кайгылуу . Мен анын жамалына суктанып, карап олтуруп, ар дайым бир суздукту, муздактыкты сезчүүмүн. Эмнеге мындай… анысын канча аракет кылсам да, биле албадым. Бул мончоктой көздөргө кандай кайгы, кандай муң батты экен. Ар дайым аны көргөн сайын ушул ой менден эч кетпеди. Жанына барып суроодон, сүйлөшүүдөн тартынам, ошого унчукпоону жөн көрөм.

Кээде бир жерде жүрүп калсак, күлкүсүнө кулагым чалып калат.
Анын шыңгыр күлкүсүн укканда ичимден көпөлөктөр учат. Залда ызы-чуу болгонуна карабай мен анын дообушун жакшы тааныйм. Бул күлкүсүнүн себепчиси болбосом да , укканыма аябай сүйүнөм.. Ал мен үчүн өзгөчө бир жан эле, жанына бир барып, ал менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүгүм болсо менден бактылуу инсан болмок эмес. Бул махаббатым жоопсуз экенин жакшы билсем да, мага аны жакшы көрүү жагат эле…


#ойлор


- Мен эс алгым келет
- Эмнеден?
- Ойлорумдан




Же бирөөлөр үчүн кеч калабыз, же бирөөлөр бизге кеч калышат..


Бүгүн сен ушул күздөй абдан сулуусуң, сууксуң…


Адам баарын эстен чыгарып койсо да, жүрөк эч качан унутпайт. Жашоода биз канчалаган нерселерди көрөбүз, угабыз, сезебиз , мунун баары кайда кетмек эле.. алар ар дайым биздин жүрөгүбүздүн түпкүрүндө сакталып турат. Азыр биз ойлогон баалуулуктардан да кымбат нерсе бул “эстеликтер”. Жерлер, адамдар, көчөлөр, дарактар, ырлар дээрлик бардык нерсенин өзүнүн тарыхы бар. Биздин жүрөгүбүз менен акылыбыз таптакыр эки башка өмүр сүрөт.
Антсе да акылга салып , ичтеги сезимди кээде тумчуктуруп койобуз.

Акылга маалым болгон нерсе, жүрөкө кеч жетет.


- Сен мени унуттуңбу?
- Жок
- Дагы деле жакшы көрөсүңбү?
- Жок

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.