Жашоо баарыбызга бир жолу гана берилет. Кайра башынан баштоо же артка кайрылуу мүмкүнчүлүгү эч кимде жок. Ошон үчүн ар бир кадымыбызды аңдап басып, туура тандоо жасаганга аракет кылышыбыз керек. Ооба, баарын алдын ала биле албайбыз. Ар кандай күндөрдү, сезимдерди башыбыздан кечиребиз. Кээде адашабыз, көңүлдөрдү оорутабыз, байкабай орой сүйлөп алабыз, кулайбыз, сагынабыз, жоготобуз, ыйлайбыз, кыйналабыз. Баары ойдогудай боло бербейт. Ошого “Ойлогон ойду,кыстаган турмуш жеңет” деп бекерден-бекер айтышпаса керек. Антсе да, керектүү учурда сабырдуулук таанытып, шашпай, акыл менен чечим кабылдасак алда кайда жакшыдыр. Кээ бир учурларда көрмөксөн, укмаксан болуп койсок, сезимдерибиз жабыркабайт беле. Баарын жүрөкө жакын кабылдай турган болсок, акыр аягында өзүбүзгө эле кыйын болобу деп ойлойм..
~ ойлор
~ ойлор